27 Январь 2023
Кыргызстанда биринчи жолу өспүрүм кыздардын жетилүүсү жана ден соолугу тууралуу «Oky» мобилдик тиркемеси ишке киргизилди
«Айкын багыт» фонду ЮНИСЕФ менен өнөктөштүктө, өспүрүм кыздардын айыз циклине көз салуу жана аны башкаруу үчүн «Oky» [оки] мобилдик тиркемесин локалдаштырып, иштеп чыгышты. Азыркы учурда мобилдик тиркеме дүйнөнүн 13 өлкөсүндө иштеп жатат.