Кристин Жольм
Биздин Өкүл

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы Өкүлү Кристин Жольм бул кызматка келгенге чейин ЮНИСЕФтин Гвинея-Бисаудагы (Батыш Африка) Өкүлү болуп иштеген.
ЮНИСЕФтин жаңы Өкүлү катары Кристин Жольм айым Балдар укуктары жөнүндө Конвенциянын негиз салуучу баалуулуктары катары баланын корголууга, өнүгүүгө жана бакубат турмушка болгон укуктарын илгерилетүүгө салым кошот. Жольм айым ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн ишин жетектеп, балдар үчүн жыйынтыктарга жетүү үчүн ресурстарын колдонот. Бул үчүн ЮНИСЕФ Кыргызстандын өкмөтү жана башка өнөктөштөр менен тыгыз кызматташа берет.
Кристин Жольм айым ЮНИСЕФте 18 жылдан бери иштеп келатат. Бул мезгил аралыгында Жольм айым Бангладеште, Нигерияда жана Чадда да иштеген. Кристин Жольм Франциянын жараны, ал эми кесиптик тажрыйбасы коммуникациялар менен байланышкан. Кристин Жольм Париждеги Саясий изилдөөлөр институтунда (Science-Po) саясий илимдер боюнча магистр даражасын алган.