Климаттын өзгөрүшү
Климаттык каржылоо балдардын кызыкчылыктарын эске алышы керек, анткени балдар климаттын өзгөрүшүнө карата өтө аялуу болушат

Маселенин өзөгү эмнеде?
Кыргызстан аймактагы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттеринин алдында өтө аялуу болгон өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Айыл чарбасы менен энергетиканын мөңгүлөрдүн суусуна өтө көз каранды болушу, айыл жергесиндеги жашоо-турмушка жаратылыш ресурстарынын маанилүү болушу жана суу менен камсыз болуу үчүн электр энергиясына муктаж болуу бүтүндөй өлкө боюнча балдардын ден соолугуна, билим алуусуна, тамактануусуна, корголуусуна жана болочок мүмкүнчүлүктөрүнө коркунуч туудурат жана бул абал климаттын өзгөрүшүнөн улам барган сайын кыйындоодо. Кыргызстанда 2 миллион бала жашайт.
Климаттын өзгөрүшүнөн улам жаралган коркунучтардан улуу адамдарга караганда балдар көбүрөөк жабыр тартат.
Бул коркунучтарга төмөнкүлөр кирет: курт-кумурскалар аркылуу жуга турган ооруларга көбүрөөк ыктуу болуу; жетиштүү тамактанбоо жана ич өткөк оорусу; абанын булганышынан улам жаралган респиратордук инфекциялар; суу ташкындары менен жер көчкүлөрдөн дене-бойго келген коркунучтар; климаттык өзгөрүүлөрдөн улам жакырчылыктын масштабы кеңейген сайын зомбулук, эзүү, адамдарды сатуу, радикалдашуу жана балдар эмгеги тобокелдиктеринин жогорулашы. Бул коркунучтардын балдарга тийгизген кесепеттери көп, алар балдардын өмүр бою дене-бойлук жана акыл-эс жагынан өнүгүүсү басаңдашына, ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдүн жаралышына жана оорулардын өтүшүп кетүүсүнө, өзүн төмөн баалап, ошондон улам жашоого каражат табуу дараметинин да төмөн болушуна алып келет.
Айыл чарбасына көбүрөөк басым жасалган коомдоштуктарда жашаган балдардын тобокелдиктерге дуушар болуу ыктымалдыгы жогору болот. Климаттын өзгөрүшү айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүнө таасирин тийгизип, көбүнесе жакырчылыкта жашаган айылдык тургундарга кыйынчылык туудурат.

Калктын 66 пайызы жашаган айыл жергесиндеги кирешенин азайышы жана оор шарттар азыртадан эле миграциянын күчөшүнө, үй-бүлөлөрдүн бузулушуна, ошондой эле жаңы конуштарда жашаган балдар үчүн шарттардын начарлашына алып келүүдө.
Бул тенденциялар климаттын өзгөрүшү менен дагы начарлай бериши анык, ал эми бул болсо балдардын көпчүлүгүн азапка салып, аларга кыйынчылык жаратып, кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүү болушу чектелген абалга кабылышына алып келет.
Климаттын өзгөрүшүнүн терс экономикалык кесепеттери мындан ары да балдарга негизги кызмат көрсөтүүлөрдүн аткарылышын үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн. Климаттын өзгөрүшү, балким, балдар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган мамлекеттик бюджеттин кыскартылышынан улам балдардын абалын начарлатып, ошол эле учурда мамлекеттик колдоого муктаж болгон балдардын саны жогорулашына алып келет.
Балдардын укуктарын ишке ашырууга жана алардын бакубаттуулугуна багытталган билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо сыяктуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр азыр эле жетишсиз каржыланат. Бул өзгөчө айыл жергесиндеги жана жаңы конуштардагы балдарга тиешелүү. Суу менен энергетикалык ресурстар жана мамлекеттик каржылоого жетүү үчүн секторлордун ортосундагы атаандаштык кыскарган сайын абал оорлошо беришинин ыктымалдыгы өтө жогору.
Маселени кантип чечүүгө болот?
Климаттын өзгөрүшү, курчап турган айлана-чөйрө жна энергетика жаатындагы көптөгөн долбоорлор балдардын жашоосун жакшыртууга багытталган иш-чараларды камтыганы менен конкреттүү түрдө балдарга арналган инвестициялар өтө аз. Балдар калктын 36 пайызын түзгөндүктөн, климаттык инвестициялар пландоо, мониторинг жана отчеттуулук үчүн балдардын жашоосуна таасир этүү боюнча көрсөткүчтөрдү да камтышы керек. Он жылдан кийин азыркы балдар өсүп-жетилип, алардан инженерлер, мугалимдер, дарыгерлер, ишкерлер, банкирлер, мамлекеттик кызматкерлер жана саясатчылар өсүп чыгат.

Ушул жаңы муун климаттын өзгөрүшүнө туруктуураак болуп, курчап турган айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылышы үчүн азыртадан балдарга инвестиция салуу зарыл!
1991-жылы эгемендүүлүккө жетишкен учурдан тартып 200 млн. АКШ доллары Өкмөттүн, өнүгүү банктарынын, көп тараптуу жана эки тараптуу донорлордун каражаттарынан климаттын өзгөрүшү жана курчап турган айлана-чөйрө маселелерин чечүүгө жумшалган. Инвестициялар көбүнесе айыл чарбасы, суу жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу секторлоруна багытталган болчу.
Инвестициялардын ушул өтө аялуу тармактарга жумшалгандыгы туура чечим болгон, бирок ошол эле учурда климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери өтө күчтүү таасир эткен топ – балдар максаттуу топ катары аныкталган эмес. ЮНИСЕФ климаттын өзгөрүшү жана курчап турган айлана-чөйрө боюнча азыркы жана болочоктогу программаларга көбүрөөк аралашмакчы, бул балдардын климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө жигердүү катышуусу, ошондой эле алардын пикири эске алынып, муктаждыктары канааттандырылышын камсыздоо үчүн жасалат.
ЮНИСЕФ айыл жергесинен шаарларды көздөй агылган миграцияга, ошондой эле энергетика, суу жана экономика жаатындагы жагдайлардын начарлашына байланыштуу климаттын өзгөрүшүнүн таасири жөнүндө маалыматтарды топтоо боюнча иш алпармакчы. ЮНИСЕФ маалыматтарды климаттын өзгөрүшүнүн саясатын, пландоону жана каржылоону балдардын кызыкчылыктарын эске алуу менен иштеп чыгууда өкмөттүк жана бейөкмөт өнөктөштөрдү колдоо үчүн, ошондой эле климаттын өзгөрүшү маселесин балдарга тиешелүү саясаттарга киргизүү үчүн пайдаланат.
Кошумча ресурстар
Бул ресурстар – ЮНИСЕФ менен анын Кыргызстандагы өнөктөштөрү жарыялаган климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктар тобокелдигин азайтуу боюнча чакан материалдар топтому болуп саналат. Тизме акыркы маалыматтар менен толукталып, дайыма жаңыртылып турат.
Климаттын Кыргызстандагы балдарга таасирин талдоо
“Керемет Көч” – климаттын өзгөрүшүнө арналган мультфильмдердин сериясы