Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар коомдон обочодо калуу тобокелдигине кабылган жана аларда медициналык кызмат көрсөтүүлөргө, билим алууга, социалдык камсыздоо кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгү чектелүү

A girl in a wheelchair on a tree-lined sidewalk
UNICEF Kyrgyzstan/2015/Gabriel Vockel

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар коомдон обочодо калуу тобокелдигине кабылган жана аларда медициналык кызмат көрсөтүүлөргө, билим алууга, социалдык камсыздоо кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгү чектелүү

2016-жылы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги мамлекеттен жөлөкпул алган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү 29 317 баланы каттаган. Бул сан жогору болушу мүмкүн, себеби ата-энелер адатта социалдык стигманы сезгендиктен пайдалуу болчу кызмат көрсөтүүлөргө кайрылышпайт.

 2012-жылы Кыргызстандын интернаттык мекемелеринде жашы 18ге жете элек ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү 3 215 бала жашаган. Бул болсо интернаттык типтеги мекемелерде жашаган балдардын жалпы санынан 29 пайызды түзөт.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү аялдар жана кыздар дискриминациядан, зомбулуктан, жакырчылыктан жана туура келбеген медициналык кызмат көрсөтүүлөрдөн көбүрөөк жапа чегип келишет. Бул болсо бир катар фактылардын жыйынтыгы болууда.

2012-жылы 10 945 бала (каттоого алынган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын 43 пайызы) адистештирилген мектептерде билим алып, үйүндө жана башка билим берүү мекемелеринде окушкан.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар инклюзивдүү эмес чөйрө менен өз ара аракеттенүүдөн улам пайда болгон чектөөлөрдөн гана жапа чегишпейт. Алар ошондой эле өзгөчө элет жергесинде билим алуу, социалдык коргоо, медициналык жана реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөр өңдүү базалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жетишсиздигинен да жапа чегишүүдө.

Өнүгүүсү кечиккен балдар үчүн мүмкүнчүлүктөр чектелүү болгондон тышкары аларды адатта ташташат, обочодо калтырышат же кеңири жайылган стигмадан улам адистештирилген мекемелерге жайгаштырышат. Интернаттык мекемелерде жашаган бардык балдардын ичинен 29 пайызында ден соолугунда кандайдыр бир маселе бар.

2012-жылы Кыргызстандагы интернаттык мекемелерде 18 жашка толо элек ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү 3 215 бала жашачу. Мындай балдардын институционалдашуусуна мындан ары да анализ жасоо талап кылынганы менен, үй-бүлөнүн колдоосу чектелүү болгонун, альтернативдүү жамааттык кызмат көрсөтүүлөр жана инклюзивдик билим берүү жетишсиз өнүкпөгөнүн белгилей кетүү зарыл.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга каршы стигма жана басмырлоо күчтүү, ал эми кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр чабал бойдон калып жатат.

Кыргызстанда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын көбү интернаттык типтеги мекемелерге жайгаштырылат.

Бул балдар жетим болушу мүмкүн же алардын үй-бүлөсүндө мындай баланы багуу үчүн каражаты чектелүү болушу ыктымал же социалдык стигмадан улам аларды баккысы келбейт. Ошондой эле жамаат же фостердик үй-бүлөлөр тарабынан колдоо чектелүү болушу ыктымал. Атүгүл ооруканаларда же бала бакчаларда ата-энелерди ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды интернаттык мекемелерге тапшырууга ынандырган учурлар болгон.

Көп учурларда ата-энелер алардын балдарына адистештирилген мекемелерде жакшыраак кам көрөт, балдары коомго интеграциялана алат деп эсептешет. Балдарды интернаттык типтеги мекемелерге жайгаштыруу Советтер Союзу маалынан бери кадыресе көрүнүш катары кабылданып келген.

Бирок эксперттер мындай ыкмадан шек санап, альтернативалуу жолдорду издешүүдө. Анткен менен интеграцияга адистешкен социалдык кызматкерлер жана мекемелер өтө аз жана алар бар болгон жерлер тез эле толуп калат – бул болсо алардын ийгилигин тастыктаган дагы бир далил.

Children with Disabilities

Турмуш тиричилигин жана ден соолугун чектеген медициналык модель – социалдык инклюзия моделине салыштырмалуу Кыргызстанда ушул күнгө чейин колдонулуп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга кам көргөндөргө таасирин тийгизип келатат. Бул адамга концентрацияланган моделде турмуш тиричиликти жана ден соолукту чектеген борборлор идеясы балага жана “дарылоо” үчүн медициналык кийлигишүүгө фокус жасайт.

Мында ата-энелер пассивдүү көрүүчү болуп кала берет жана жамаат да жигердүү тартылбайт. Бул модель баланы жамааттан ого бетер обочолонтуп, инклюзивдүү окууну жана пландоону жакшыртууга жардам бербейт. Бирок бул процесс ар бир жамаатты бекемдей алмак. Ошол эле маалда үйүндө калган балдар такыр эле билим албай калышы мүмкүн. 

ЮНИСЕФ ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын коомго интеграциясына багытталган социалдык моделге өтүүдө Өкмөт менен иш алып барууда. Бул модель жамаат деңгээлинде адаптацияланган кам көрүүнүн жардамы менен ишке ашат.   

Кыргызстан Майыптуулугу бар адамдардын укуктары жөнүндө Конвенцияны ратификациялаган эмес, бирок анда да ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар үй-бүлөлөр үчүн сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү жана программаларды камсыздаган ченемдик укуктук база, колдонмолор, протоколдор жана стандарттар жок.

Баланын өнүгүүсүнө бут тоскон факторлорду ыкчам аныктоо боюнча процесстер күчтөлүшү керек. Өзгөчө муктаждыктары бар балдар менен иштөө үчүн даярдалган кадрлардын жоктугунан улам социалдык коргоонун жетишсиздиги негизги көйгөй бойдон кала берүүдө.

Башка көйгөйлөр – ата-энелерде билимдин жана балдар үчүн жөлөкпулдар тууралуу маалымдуулуктун жоктугу, стигма жана басмырлоо, документтерге карата талаптар өңдүү административдик тоскоолдуктар, финансы ресурстарынын жоктугу жана натыйжалуу секторлор аралык координация менен башкаруунун жоктугу.

a child plays in a day care centre for children with disabilities
ЮНИСЕФ
Рамазан играет с друзьями в Центре "Бучур", созданного при поддержке ЮНИСЕФ. Он любит рисовать. Важно, чтобы общество видело способности каждого ребенка, а не его ограничения.