Билим берүү
ЮНИСЕФ бардык балдар мектепке барып, окуп, толук өнүгүүсүнүн үстүнөн иштейт.

Маселенин өзөгү эмнеде?
Өлкөдө көп жылдардан бери башталгыч жана жалпы орто билимге жеткиликтүүлүктүн жогорку деңгээли сакталып кала берүүдө. Анткен менен орто мектептин жогорку класстардын (10-11-класстар) окуучулары арасында сабакка келгендердин таза коэффициенти төмөнкүдөй: 59% - балдар үчүн жана 56% кыздар үчүн.
Анткен менен, мектеп курагындагы балдардын 6% жакыны мектепке барбайт.
Негизинен булар мектепке кеч келген, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жана эмгек мигранттарынын балдары. Балдарды мектепке киргизүүнү жана алардын сабактарга катышуусун эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү системасынын чабалдыгынан улам мектепке барбаган балдарга байланыштуу кырдаалдын реалдуу масштабы көп жакшы көзөмөлдөнбөй, бара-бара балдардын билим алуусунда төмөн жыйынтыктарга алып келүүдө. 9-классты аяктагандан кийин окуусун улантпай калган кыз-балдардын саны барган сайын көбөйүүдө.
Окуучулардын басымдуу бөлүгүндө билим деңгээли белгиленген стандарттардан төмөн болуп чыгып, билим берүүнүн сапаты дагы деле көйгөй бойдон кала берүүдө. 2006-жылы жана 2009-жылы өткөрүлгөн Окуучулардын билимдеги жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программанын (PISA) жыйынтыктары, ошондой эле 2007, 2009, 2014 жана 2017-ж.ж. үчүн Окуучулардын билим берүүдөгү жетишкендиктерин Улуттук баалоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй:
Кыргызстандагы окуучулардын 50% ашыгы китеп окуу, математика жана табигый илимдер боюнча базалык деңгээлге жетпейт.
Бул болсо "коомдун жашоосуна натыйжалуу жана продуктивдүү катышууга жол берген базалык тапшырмаларды аткаруу үчүн" алардын жөндөмдүүлүктөрүнө байланыштуу тынчсызданууларды жаратууда. Функционалдык сабаттуулуктун төмөндүгү миграциянын, жумушсуздуктун жогорку деңгээлине алып келип жаштардын кылмыш жолуна жана экстремизмге азгырылышына себеп болууда.

Мектептердин 80% ашыгы элет жергесинде орун алган. Акыркы беш жыл ичинде мектепке баргандардын саны 16% өстү, болгондо да шаардык мектептерге келген окуучулардын саны белгиленген чектен ашып кетти. Мындай кырдаал балдардын бакубатчылыгына жана окутуунун сапатына терс таасирин тийгизип жатат Өкмөт 2012-жылдан бери мектеп тарамын оптималдаштыруунун үстүнөн иштеп жатат. Анткен менен мектептердин актуалдуу картасы жана мектеп инфраструктурасы боюнча маалыматтарды камтыган билим берүү тармагы жөнүндө маалыматты башкаруунун ишенимдүү системасы болбогондуктан билим берүү тармагына кеткен чыгашаларды жакшыртуу үчүн маалыматтар генерацияланбайт (ИДПнын 6%). Билим берүү системасынын ресурстары натыйжасыз пайдаланууда.
Маселени кантип чечсе болот?
Билим берүү теңдиктин, жакырчылыкты кыскартуунун, укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнүн, тынч жана инклюзивдүү коомдун, Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн кыймылдаткыч күчү болоорун тааныйбыз. Балага көз каранды болбогон жагдайлардан улам – жакырчылыктан, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, өнүгүүсүндөгү кечеңдөөлөрдөн, миграциядан, эрте никеден, зордук-зомбулуктан улам мектепке барбай калган бала үчүн билим берүү өтө маанилүү.
Биз төмөн көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жаткан балдардын муктаждыктарын баамдап, аларга жооп берүү үчүн, мектептен чыгып калуу коркунучунда калган балдардын кырдаалдын түшүнүү үчүн жетиштүү деңгээлде сезе алуу үчүн билим берүү системасын колдойбуз. Ар бир бала окуп, өнүгүп, өзүнүн туруктуу, инклюзивдүү жана стабилдүү жамаатына салым кошо алышы керек.
Мектепке барган балдардын санын көбөйтүү, билим берүү сапатын жогорулатуу жана билим берүү системасынын натыйжалуулугун күчөтүү, ошондой эле балдардын социалдык-эмоционалдык өнүгүүсүн камсыз кылып, глобалдык жарандуулук көндүмдөрүн жакшыртуу маселелеринде ЮНИСЕФ КР Билим берүү жана илим министрлигине көмөктөшүп келатат.
Ресурстардын натыйжалуу пайдалануу максатында билим берүү системасын күчөтүү
Балдардын келечеги тууралуу элесибизди, миссиябызды жана мандатыбызды өкмөт, жамааттар жана донордук уюмдар колдоп жатканын баалайбыз. Билим берүү чөйрөсүндөгү реформаларды жүргүзүү жана андагы саясатка таасирин тийгизүү үчүн биз дагы да инклюзивдүү билим берүүнү камсыз кылуу, билим берүүгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнүн инновациялык ыкмаларына колдоо көрсөтүү, билим берүү системасын башкарууну жакшыртуу үчүн каражат тартып, тажрыйба жана билим беребиз.
Билим берүү системасын жеткиликтүү, инклюзивдүү, акыйкат жана эффективдүү кылуу үчүн жалпы системаны бекемдөө аракетин колдойбуз, биз дайыма аярлуу балдардын сапаттуу билим алуусуна басым жасап келебиз.
Өлкөдө көп тилдүү жана полимаданий билим берүүнү жайылтуу жана өнүктүрүү аярлуу топтордогу балдардын билим берүү жана социалдык интеграциясы үчүн колдоого алынат.
Билим берүү системасында ресурстарды оптималдаштыруу жана билим берүүнү санариптештирүүдө Өкмөткө көмөк көрсөтүү үчүн 2018-жылы ЮНИСЕФ Кыргызстандагы бардык мектептерди картирлеп, алардын интернетке кошулуу деңгээлин жана сапатын аныктап чыгат.
ЮНИСЕФ мектепке барбаган жана мектептен чыгып калышы ыктымал балдарды бирден аныктап чыгуу үчүн, ошондой эле ар бир конкреттүү кырдаалга өз убагында реакция жасоону камсыз кылуу үчүн мектеп деңгээлинде билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасынын (ББМС) иштешин колдойт. Ошондой эле ББМС зарыл болгон башкаруучулук чечимдерди болжолдоо, билим берүү чөйрөсүндөгү артыкчылыктарды аныктоо жана колдо болгон ресурстарды оптималдаштыруу үчүн маалыматтын негизги булагы боло алат.
Мугалимдер билим берүүнүн сапатын жогорулатууда өзөктүк ролду ойнойт деп эсептейбиз. Ошондуктан мугалимдерди даярдоо, мугалимдик кесиптин аброюн жогорулатуу үчүн аларды тартуу, аттестациялоо жана шыктандыруу системасынын сапатын жогорулатуу зарыл.
ЮНИСЕФ бардык балдар үчүн инклюзивдүү системаны түзүүнү колдойт.

Биз бардык мектептер инклюзивдүү болуп, майыптуулугу бар балдарды кошкондо ар бир баланын билим берүүгө керектөөлөрүнө багыт алышын каалайбыз. Биз билим берүү чөйрөсүндөгү инклюзивдик саясатты иштеп чыгып, ишке ашырууда Өкмөткө жардам беребиз. Бул болсо мектеп чөйрөсүнө, окуу-методикалык процесстерге жана окуунун жетишилген сапаттуу жыйынтыктарына мониторингди караштырат.
ЮНИСЕФ кызыкдар жактар менен өнөктөштүктө Кыргызстандагы инклюзивдүү билим берүүнү илгерилетүүгө карата ар тараптуу мамилени колдонот. ЮНИСЕФтин Женевадагы Регионалдык кеңсеси даярдаган инклюзивдүү билим берүүнүн 14 модулунун негизинде интеграцияланган жана инклюзивдүү окуу чөйрөсүн колдоодон башталат. Бул модулдарды төм. шилтеме боюнча таба аласыз: http://education-equity.org
Кошумча ресурстар
Бул ресурстар ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы өнөктөштөрү даярдаган билим берүү боюнча материалдардын чакан топтому. Бул тизме туруктуу жаңыланып турат:
Мектепке барбаган балдар жөнүндө инфографика
Бишкек шаарындагы 11 жаңы конуштун мисалында мектепке барбаган балдар
"Мектепке барбаган балдар" глобалдык демилге
Тарбиялык сааттардын жана класстан тышкаркы иш-чаралардын иштелмелери