Биз жасаган иштер
ЮНИСЕФ балдардын укуктарын илгерилетүүдө жана коргоодо дүйнөлүк лидер катары таанылган

Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ: биздин миссиябыз
1994-жылдан тартып ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өлкөлүк кеңсеси жарандык коом уюмдары менен кызматташа баштаган. Мындай кызматташтык БУУнун Балдар укуктары жөнүндө Конвенциясына ылайык балдар өз укуктарын толук көлөмдө колдоно алышы үчүн алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча милдеттенмелерин аткарууда Өкмөткө жардам көрсөтүү максатын көздөдү.
ЮНИСЕФтин Өлкөлүк Программасы ар бир баланын укуктары үчүн күрөшөт жана өлкөдөгү өтө камкордукка муктаж балдарды камтыйт. ЮНИСЕФ социалдык саясатты жана системаларды жакшыртуу үчүн Өкмөт менен иш алып барат жана бул системалар бардык балдарды камтып, алардын ичинен эң аярлуу балдарга өзгөчө көңүл бурууну камсыздоо максатында жеринде иш алып барат. Мамлекеттик органдар менен жамааттык деңгээлде жасалган иштердин ортосундагы өз ара байланыш ЮНИСЕФке өзгөчө артыкчылык берет: мындай иштер тең укуктуу кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле бардык деңгээлдерде мамлекеттин өнөктөштөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн тоскоолдуктарды аныктаганга жардам берет.
ЮНИСЕФ социалдык саясат, балдарды коргоо, эрте курактагы балдардын өнүгүүсү жана билим берүү тармактарында иштейт; аймактарда биз суу менен камсыздоого, санитария жана гигиенаны жайылтууга, саламаттык сактоо, тамактануу жана табият кырсыктарынын тобокелдиктерин азайтууга жардам беребиз. Биз жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн үстүнөн иш алып баруудабыз. ЮНИСЕФ зарыл болгон учурда гуманитардык жардам берүү үчүн жалпы системалык келечекти көздөп иш жүргүзөт.
Балдарды коргоо жана коомго кошуу
Балдарды коргоо жана коомго кошуу аркылуу алардын коопсуздугун камсыздоо
ЮНИСЕФ мыйзамдарды өркүндөтүп, бардык балдар үчүн социалдык коргоого жеткиликтүүлүгүн камсыздоонун үстүнөн иш алып барат. Биздин максат – Кыргызстанды бардык балдар үчүн дагы да коопсуз жана инклюзивдүү кылуу.
Балдарды коргоо боюнча биздин программаларыбыз тууралуу көбүрөөк маалымат алыңыз
Саламаттык сактоо
Ымыркайлардын жашап кетүүсү жана бекем ден соолугу үчүн колдоо көрсөтүү
Кыргызстанда балдар арасында өлүм саны бир кыйла азайды. ЮНИСЕФ эне менен баланын ден соолугу, ошондой эле балдардын тамактануусу жана эмдөө чөйрөсүндө Кыргыз Өкмөтүн колдоп келет.
Биздин программалар тууралуу көбүрөөк маалымат алыңыз
Билим берүү
Билим берүү
ЮНИСЕФ сапаттуу билим берүү – бул ар бир баланын укугу болгонуна ишенет.
Балдардын эрте куракта өнүгүүсү жана алардын билим алуусу боюнча биздин программалар жөнүндө көбүрөөк маалымат алыңыз
Климаттын өзгөрүүсү
Климаттын өзгөрүүсүнө жана туруктуу өнүгүүгө ыңгайлашуу
ЮНИСЕФ климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттеринен балдарды коргоого инвестиция жасоого үндөйт.
Климаттын өзгөрүүсү жана өзгөчө кырдаалдарга даярдануу боюнча биздин программалар жөнүндө көбүрөөк маалымат алыңыз.