Балдар жакырчылыгын болтурбоо
Туруктуу Өнүгүү Максаттарынын (ТӨМ) доорунда балдарга инвестициялоо
Маселенин өзөгү эмнеде?
Кыргыз Республикасында дээрлик ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт. Кыргызстанда миллиондон ашуун бала жакырчылыкта күн өткөрүп келишет – бул болсо өлкөдөгү бардык балдардын ичинен 34 пайыздан ашыгын түзөт. Бул сандар өзүнө чет өлкөдө иштеген үй-бүлө мүчөлөрүнөн акча которууларды камтыйт. Бирок эгерде акча которуулар үй кожолуктардын кирешесин эсептөөдөн алынып салганда жакырчылыктын деңгээли 6 пайызга өсмөк.
ИДПнын 10 пайызы социалдык коргоого сарпталганы менен, балдар арасындагы жакырчылыкты жок кылуу үчүн социалдык жардамды камтыганы жагынан да, баалуулук планынан алганда да чектелүү бойдон кала берүүдө жана ИДПдан 0,5 пайызды гана түзөт.
ЮНИСЕФтин изилдөөлөрү көрсөткөндөй, улуттук деңгээлде кабыл алынган жакырчылык менен күрөшүү боюнча саясатка карабастан, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдө өскөн балдардын көбү административдик жол-жоболордогу тоскоолдуктардан жана кемчиликтерден улам социалдык жөлөкпул алууга мүмкүнчүлүгү жок.
Бул болсо жалпысынан натыйжасыз социалдык саясат биргелешип макулдашылган максаттардан, ишенимдүү далилдерге негизделген натыйжалуулуктун критерийлери менен индикаторлорунан ажырашына алып келүүдө.
Атүгүл Кыргызстандагы социалдык саясат эң аярлуу топтордун чыныгы керектөөлөрүн чагылдырбайт. Анткени бенефициарлар чечимдерди пландоо жана кабыл алуу процессине катышпайт. Акыркы жылдары балдардын кызыкчылыктарын эсепке алган социалдык коргоону жакшыртууда прогресс болгонуна карабастан, социалдык коргоо системасы начар координацияланган бойдон кала берүүдө. Бул болсо эң аярлуу адамдар үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк боюнча олуттуу көйгөйлөрдүн жаралышына алып келүүдө.
Жергиликтүү деңгээлде бир катар тоскоолдуктар бар, алар жергиликтүү шарттарга мүнөздүү болгону менен, улуттук деңгээлде саясатты түзгөн адамдарга көп белгилүү эмес. Бул болсо үй-бүлөлөргө социалдык жеңилдиктерди алууга жана негизги кызмат көрсөтүүлөргө жетүүдө тоскоол болуп жатат. Бул өзгөчө аярлуу жамааттарга тиешелүү маселе.
Балдар арасындагы жакырчылыктын көп кырдуу мүнөзү статистикалык кыйынчылыктарды жаратууда. Анткени өз ара байланышта болгон себептерди жок кылуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу оңой эмес. Бирок монетардык балдар жакырчылыгын өлчөө мамлекеттик статистикада институционалдаштырылып, маалыматтар өкмөткө берилгени менен, монетардык эмес өңүттөр да ушундай эле көңүл бурууну талап кылууда.
Маселени кантип чечсе болот?
ЮНИСЕФ социалдык жана экономикалык саясатта, коомдук талкууларда балдардын кызыкчылыгын коргоого алып келет.
Аз камсыздалган үй-бүлөлөрдө өскөн балдардын көбү социалдык жөлөкпул алууга мүмкүнчүлүгү болбогонун аныктаган изилдөөлөрдөн кийин мыйзам чыгаруучу негиз иштелип чыгып, практикада колдонула баштады. Ал жөлөкпул алууга укугу бар балдардын санын бир кыйла кеңейтти. Атүгүл Өкмөт өзүнүн Калктын социалдык жактан коргоо стратегиясынын алкагында социалдык колдоо көрсөтүү боюнча комплекстүү чараларды артыкчылыктуу маселе катары карайт. Ал өзүнө аярлуу топторго комплекстүү социалдык колдоо көрсөтүүнү камтыйт. Бул болсо кепилденген минималдуу киреше деңгээлинин көбөйүшүнө алып келди.
Жергиликтүү деңгээлде ЮНИСЕФ социалдык жөлөкпулдарга жеткиликтүүлүк үчүн тоскоолдуктарды изилдеп чыкты. Бул тоскоолдуктар Социалдык өнүгүү министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте ишке ашырган иш-аракеттер планыны жардамы менен жоюлуп жатат.
Ал арада аярлуу жамааттарда жергиликтүү бийлик органдарынын 317 өкүлү жана башка кызыкдар тараптар жергиликтүү стратегиялар, пландар жана бюджеттер балдардын кызыкчылыгын эсепке алып, өзгөчө аярлуу топтор үчүн социалдык бакубаттуулуктун жакшыруусун камсыздоо үчүн пландоону жана көндүмдөрдү жакшыртууда колдоо алышты.
Ошондой эле ЮНИСЕФ Өкмөткө балдар жакырчылыгынын көп кырдуу мүнөзүн жакшыраак түшүнүүгө жана убактылуу динамикада мындан ары чара көрүп, прогресске мониторинг жүргүзүү аркылуу бул көйгөйдү чечүүнүн натыйжалуу жолдорун табууга жардам берип келет. ЮНИСЕФ социалдык коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү жана башка тийиштүү секторлор ортосундагы өз ара мамилелерге басым жасоо аркылуу жакырчылыкты жоюуга көп тараптуу мамиле жасоого үндөп келет. Бул үчүн биринчи Туруктуу Өнүгүү Максатына (ТӨМ) – жакырчылыкты анын бардык формасында ар тараптуу жоюуга колдоо көрсөтүүгө чакырат.
Бул максатка жетүүгө Кыргызстанга жардам берүү үчүн ЮНИСЕФ ресурстарды бөлүштүрүүнү жакшыртуунун жана аларды натыйжалуулугуна, эффективдүүлүгүнө, тең укуктуулугуна жана баа-сапат катышына фокус жасоо менен колдонуунун үстүнөн Өкмөт менен биргеликте иш алып барууда. Бул болсо деталдуу анализдин, так максаттардын жана улуттук, жергиликтүү деңгээлдерде макулдашылган индикаторлордун негизинде социалдык саясат системасын дагы да күчтүү координациялоону талап кылат.
Ушул тапта ЮНИСЕФ координациялоонун күчөтүлгөн механизмдери менен социалдык кам көрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү реформалоодо Өкмөткө жардам берүүдө.
Балдардын бакубаттуулугунун индекси – инновациялык статистикалык аспап, ал ЮНИСЕФтин колдоосу алдында иштелип чыккан. Бул аспап өзүнө материалдык жакырчылыкты бакубатчылыктын башка кеңири индикаторлору менен айкалыштырат. Аны өлкөдөгү кырдаалга көз салып, чечим кабыл алган адамдарга маалымат берүү үчүн Улуттук статистика комитети колдонуп келет. ЮНИСЕФтин социалдык саясаттагы өзөктүк ролун таануу максатында ЮНИСЕФ КРны Өнүктүрүү боюнча Өнөктөштөрдүн координациялык кеңешинин механизминин алкагында социалдык коргоо секторун жетектеген уюм катары дайындалган.
Кошумча ресурстар
Бул ресурстар ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы өнөктөштөрү чыгарган социалдык саясат боюнча материалдардын чакан бөлүгү гана. Тизме туруктуу жаңыланып жана улам жаңы маалыматтарды камтып турат:
Кыргыз Республикасында үй-бүлөлөр жана балдар үчүн жөлөкпулдардын натыйжалуулугу, 2008