Балдардын жашап кетүүсү

Кыргызстан балдар арасында өлүм санын үчтөн экиге кыскарта алды, бирок көйгөйлөр кала берүүдө.

Child Survival
UNICEF

Маселенин өзөгү эмнеде?

Кыргызстан балдардын жашап кетүүсү чөйрөсүндө олуттуу прогресске жетише алды: БУУнун Балдар өлүмү боюнча Ведомство аралык Жумушчу Тобунун (IGME UN) баасына ылайык, 1990-жылы беш жашка чейинки курактагы 1000 аман-эсен төрөлгөн балага 65 өлүм туура келсе, 2016-жылы бул сан 21ге түшкөн. Кыргызстан кирешесинин орточо деңгээли болгон 24 өлкөнүн бири жана 4-ТӨМгө жеткен дүйнөдөгү 64 өлкөнүн бири.

Мындан тышкары бакубатчылыкта, билим берүүдө теңсиздик, айылдар менен шаарлар ортосундагы теңсиздик деңгээли азайды: калктын жакыр катмарлары арасында полиомиелитке каршы эмдөө жана пента-валенттик вакцина берүү көбойдү, ошондой эле аярлуу катмарлар арасында медициналык жардам сурап кайрылуулар артты.

"Биз бул окуяларды унутпайбыз... Баланын өмүрүн сактап калган учурда абдан катуу кубанабыз; баланын үй-бүлөсү биздин үй-бүлөгө айланат", -

деди доктор Арстанбек Карыбеков.

Dr. Arstanbek karybekov

Анткен менен дагы көптөгөн көйгөйлөр кала берүүдө. Элет жергесинде өлүм саны шаарларга караганда 1,6 эсе жогору. Медициналык кызмат көрсөтүү системасы жакшы өнүккөн эмес. Ымыркайлардын, наристелердин жана беш жашка чейинки курактагы балдардын өлүмү көбүрөөк бакубат жашаган катмарларга караганда жакыр катмарларда жогору бойдон кала берүүдө.

Ымыркайларга ВИЧтин жугуу деңгээли азайганы менен, ВИЧ жуккан адамдардын арасында аялдардын үлүшү 2011-жылдан 2013-жылга чейин 30 пайыздан 42 пайызга чейин өскөн.

2014-жылы ВИЧ менен катталган жаңы учурлардын 51 пайызы репродуктивдүү курактагы аялдар арасында аныкталган.

Көптөгөн көйгөйлөр саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү жыйынтыктарга таасирин тийгизүүдө: энелер, балдар жана өспүрүмдөр үчүн медициналык-санитардык кызмат көрсөтүүлөр жана жашоону камсыз кылган иш-чаралар кардарга багытталбаган эски ыкмалардын негизинде ишке ашырылып келет. Өспүрүмдөргө, кош бойлууларга жана аялдарга төрөт учурунда, ымыркайларга жана балдарга көрсөтүлгөн медициналык жардамдарга байланыштуу олуттуу кемчиликтер бар. Бул болсо жалпысынан саламаттык сактоо системасындагы чабал интеграция менен шартталган.

“ЮНИСЕФ менен иштей баштаганга чейин бизде бир топ көйгөйлөр бар болчу. Заманбап жабдууларыбыз болгон эмес, дарыгерлер балдарды реанимациялоого окутулган эмес”, -

деди Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар боюнча оорукананын директорунун орун басары Айнура Узакбаева.

Саламаттык сактоодогу жетекчилер жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдө оорулуу балдар, өнүгүүсүндө кечеңдөө бар балдар үчүн сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле медициналык жардам сурап өз убагында кайрылуунун зарылчылыгы жөнүндө камкорчуларга маалымат берүү үчүн жетиштүү көндүмдөргө ээ эмес. Финансылык дем берүү деңгээлинин төмөндүгүнөн улам медициналык кадрлардын бир жерде көпкө кармалбаганы, инфраструктуранын сапатынын начардыгы, зарыл болгон жабдуулардын жоктугу жана дарылардын кымбаттыгы медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктүн чектелүү болушунун кошумча себептери.

Маселени кантип чечсе болот?

ЮНИСЕФ эрте куракта балдарга жасалган инвестициялар жакырчылыктын деңгээлин азайтуу, теңсиздикти жок кылуу, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана жугуштуу эмес оорулардын санын деңгээлин кыскартуу, психикалык саламаттыкты бекемдөө үчүн өлкө жасай алат турган эң туура инвестициялардын бири болгонун көрсөтүү үчүн ишенимдүү далилдерди колдонот.

ЮНИСЕФ эне-баланын саламаттыгын коргоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу камсыз кылууга, жеткиликтүүлүккө жана суроо-талапка бут тоскон саламаттык сактоо системасындагы маанилүү кемчиликтерди аныктоо жолу менен балдардын жашап кетүүсүн жакшыртуу боюнча Кыргызстан өкмөтүнүн иш-аракеттерин колдоп келет.

Начар аймактардагы алгачкы деңгээлдеги мекемелерге жана ооруканаларга – инфраструктурага, жабдууларга, дары-дармектерге жана саламаттык сактоо кызматкерлерин окутууга инвестиция салуу жолу менен биз өзгөчө аярлуу аялдар жана балдар үчүн сапаттуу медициналык тейлөөгө жеткиликтүүлүктү жакшыртууга салым кошуп жатабыз.

Kara-Suu, Dr. Shavkat Tadjibaev
UNICEF Kyrgyzstan/2017/Sven G. Simonsen
Доктор Шавкат Тажибаев оорукананын реанимациялык залында. Бул жерде үч керебет бар, алардын ар бирин ЮНИСЕФ адам өмүрүн сактоочу жабдуулар менен толук камсыздаган.

ЮНИСЕФ медициналык маалыматты санариптөө жана кайра багыттоо системасындагы инновациялар боюнча колдоо көрсөтүп келет. Бул жерге балалуу болгон үйлөрдү кыдырып чыгуу системасын жакшыртуу, балдардын эрте куракта өнүгүүсүндө кечеңдөөнү жана кыйынчылыктарды аныктоо, маалыматтардын агымын жакшыртуу; кош бойлуу аялдар менен ымыркайлар, ошондой эле оору менен төрөлгөн наристерлер үчүн телемедициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жана рефералдык системаны моделдештирүү кирет.

ЮНИСЕФ жалпы медициналык тейлөө жана балдар арасында өлүм санын кыскартуу боюнча ийгиликтерди мындан ары да арттыра берүүгө көмөк көрсөтө турган негизги стратегиялык багыттар боюнча анализди жүргүзүүдө жана саясатты иштеп чыгууда тиешелүү мамлекеттик органдарга техникалык жардам көрсөтөт.

Буга чейинки тажрыйбага таянуу менен, ЮНИСЕФ калктын медициналык-санитардык керектөөлөрү боюнча диалогго катышуу үчүн Айылдык ден соолук комитеттерин жана башка секторлор аралык платформаларды бекемдөөгө колдоо көрсөтөт.

Медициналык кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талапты арттыруу үчүн жамааттарда укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.

ЮНИСЕФ калктын аярлуу топтору арасында иммунизациялоого жана перинаталдык/педиатриялык медициналык кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талапты пайда кылып, буга байланыштуу маалымдуулуктун деңгээлин жогорулатууга жардам берет.

mom and newborn
ЮНИСЕФ
Ымыркайын кучактаган Каныгүл Полотбай кызы (25 жашта). Баткен облусундагы ооруканада жыл сайын 2 700 бала төрөлөт. ЮНИСЕФ бул ооруканадагы дарыгерлердин жана акушерлердин билимин жана көндүмдөрүн жакшыртуу менен бир нече жылдан бери колдоо көрсөтүп келатат. Мунун натыйжасында интенсивдүү терапия палаталарында жаткан ымыркайлардын саны эки эсе, ал эми дем ала албаган балдардын саны 40% азайды. Мындан тышкары төрөттөн кийин аялдардан кан кеткен учурлар дээрлик үч эсе азайды

Кошумча ресурстар

Бул ресурстар ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы өнөктөштөрү даярдаган саламаттык сактоо боюнча материалдардын чакан топтому. Соңку маалыматты камтуу үчүн тизме туруктуу жаңыланып турат.

“4-ТӨМгө жетүү үчүн саламаттык сактоо системасындагы кууш жерлерди жоюуда прогресс: ЮНИСЕФтин БЧЕ/КМШнын беш өлкөлөрүндөгү салымын баалоо, Кыргызстан. Өлкөлөр боюнча маалыматтар, Регионалдык билим жана лидерликти тармагы. RFO Health-2013-01 RKLA 6 / Курацио Эл аралык фонду”.

“Кыргыз Республикасындагы үйлөрдү кыдыруу системасына тиешелүү документтерге аналитикалык сереп”, Г. Нажимидинова, 2016-жыл.

“Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн саламаттыгы”, С.Лехтимяки. Миссиянын доклады, Кыргызстандагы ЮНИСЕФ, 2016-жыл

“Кыргыз Республикасындагы балдарды ооруканага жеткирүү практикасын киргизүү", Алдыңкы практика, Tightwads, 2017

“Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарындагы пилоттук ооруканаларда эненин жана баланын саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты: (2014-2017-ж.ж.)”, Саламаттык сактоо саясатына анализ жасоо борбор, Кыргызстан, 2017.