Өкмөт, жаштар жана БУУнун Агенттиктери Кыргызстанда адам сатууга каршы 100 күндүк кампания баштайт

10 Сентябрь 2018
пресс конференция 100 дней против торговли людьми
UNICEF Kyrgyzstan

“Адам сатууга каршы 100 күн” – Кыргызстандагы жөнгө салынбаган миграция жана адам сатуу көйгөйү боюнча элдин маалымат алышын жогорулатуу боюнча улуттук демилге. Аталган иш-чара 2018-жылдын 10-сентябрынан 10-декабрга чейин «ЖАШТАР КОЛДОЙТ» деп аталган ураандын алдында өтөт.

Кампания калкты адам сатуунун жана жөнгө салынбаган миграция тобокелдиги, андан улам жаралып жаткан эмгек жана сексуалдык эксплуатация, эрте никеге туруу жана ала качуунун кесепеттери туурасында маалымдоого багытталган. Андан сырткары балдарды ишке салуунун эң жаман түрлөрү, кыздар менен аялдарга жасалган зомбулук туурасында да эскертип, кабарламакчы.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов төмөнкүлөргө токтолду.

“Жаштар – Кыргызстандын келечеги. Кыргызстандагы жаштардын уюмдары жана активисттер адам сатуу жана миграция боюнча окутуулардан өтүп, алган маалыматтарын республиканын жарандарына жеткирүү ниетинде. Бул демилгеде жаштарды колдоо керек деген ойдомун”, - деди ал.

“Жөнгө салынбаган миграция менен адам сатууга каршы аракет Кыргызстандын жашоочуларынын маанилүү делген маселеси, биз Кыргыз Республикасынын активдүү жаштарынын мындай демилгеге катышуусуна кубанычтабыз”, - деди Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов.

Кампания адам сатууга каршы күрөшүү боюнча 2017-2020-жылдарга эсептелген өкмөттүн программасынын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Ал адам сатуу сыяктуу зыяндуу көрүнүшкө каршы күрөшүүдө мамлекеттик органдарды, жарандык коомдордун аракетин бириктирип турат.

2018-жылы бул демилгени Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, Миграция боюнча мамлекеттик кызматы, 30дан ашуун жаштар уюмдары, БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, Миграция боюнча эл аралык уюм/БУУнун Миграция боюнча Агенттиги, БУУнун Балдар фонду, БУУнун гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү (БУУнун Аялдар түзүмү), Эл аралык эмгек уюму, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси колдойт. Демилге Европалык Биримдик жана башка донорлор тарабынан каржыланууда.

“Адам сатууга каршы 100 күн” кампаниясы биринчи ирет 2017-жылдын 31-июлунда өкмөттүн, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан глобалдык GLO.ACT программасынын алкагында өткөрүлгөн. Ага каржылык колдоону Европа Биримдиги көрсөткөн.

Кененирээк маалымат алуу үчүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматына + 996 312 32 53 80 же goskomsport05@mail.ru дареги, телефон номери аркылуу кайрылсаңыз болот. Буга кошумча БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Борбордук Азия боюнча коомчулук менен байланыш координатору Василина Бражкого +996 775 98 78 17 телефон номери же vasilina.brazhko@un.org электрондук дареги аркылуу кайрылууга болот.

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващенко

Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

ЮНИСЕФ тууралуу:

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.