25 калктуу конушта жашаган жаштар COVID-19 пандемиясына байланыштуу обочолонуунун терс кесепеттерин жеңүү үчүн инновациялык чечимдерди даярдашууда

Тандалып алынган долбоорлор техникалык жана финансылык колдоого ээ болушат

07 Май 2020
UPSHIFT workshop
UNICEF

Бишкек ш., 2020-жылдын 6-майы. – Жаштар даярдаган 16 инновациялык чечим 24-апрелде соңуна чыккан виртуалдык семинардын жыйынтыгында тандалып алынды. Бул семинар ЮНИСЕФтин колдоосу менен уюштурулган. Аталган онлайн-иш-чарага 25 шаардан жана айылдардан жаштардын 140 өкүлү катышкан. Бул иш-чара Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаарлар” демилгесинин алкагында уюштурулган. Демилге обочолонуунун өспүрүмдөргө жана жаштарга тийгизиши ыктымал терс таасирин жеңүү максатында инновациялык чечимдерди табууга багытталган.

7-апрелде башталган жана бир нече баскычтан турган виртуалдык семинар маалында 3-6 адамдан турган командалар түзүлгөн. Бул командалар санарип платформалардын негизинде бири-бири менен байланышып, өз жамааттарындагы жаштардын көйгөйлөрү менен таанышып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жашоочулар менен кеңешип, обочолонууга байланыштуу аныкталган көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сунуш кылышкан.

ЮНИСЕФ жарандык коомдогу өнөктөштөрүнүн колдоосу менен командаларга долбоорлорду даярдоого көмөктөшүп, катышуучулардын санарип технологиялар жаатындагы көндүмдөрдүн күчөтүүгө, ошондой эле команда ичинде иштөө жөндөмүн жакшыртууга кыйыр жардам көрсөттү. Насаатчылык компоненти катышуучулар үчүн негизги өңүт болуп калды: окууга катышкан жана тажрыйбалуу насаатчылар онлайн-семинардын башынан аягына чейин күн сайын колдоо көрсөтүп турушту.

“Обочолонуу мезгилинде жаштар башынан өткөрүп жаткан негизги көйгөйлөрдү аныктап гана тим болбостон, өз чечимдерин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берилгени да абдан маанилүү. Жаштарда идея пайда болсун деп аларга зарыл болгон колдоо көрсөткөндө жаштар креативдүүлүгүн, инновацияларга жөндөмдүүлүгү бар болгонун тастыктап жатышат. Атүгүл алардын чечимдери өз муктаждыктарын толугураак канааттандырат: башынан өткөрүп жаткан эмоционалдык стресс көйгөйүн чечүүдөн баштап, карантин маалында жигердүү бойдон калуу жолдорун издешүүдө”, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.

Башында 32 өтүнмө түшкөн. Процесстин соңунда 16 долбоор тандалып алынды. Бул долбоорлор финансылык жана техникалык колдоого ээ болуп, ишке ашырылат.

Инновациялык долбоорлордо бир нече идея камтылган: ата-энелерге жана жаштарга убакытты туура өткөрүүгө, дени сак бойдон калып, психологиялык көйгөйлөрдү жеңүүгө байланышкан кеп-кеңештерди берген видео роликтерден баштап, COVID-19 тууралуу жалган маалыматтардын жайылуусун токтото турган стратегияларга чейин бар. Булардын баары карантин маалында өспүрүмдөрдүн жана жаштардын жалпы бакубатчылыгына салым кошмокчу.

Онлайн-семинарды улантып, алынган сабактардын негизинде ЮНИСЕФ жана анын өнөктөштөрү колдонмо иштеп чыгышат. Бул онлайн жана офлайн режиминде коммуникациялардын жардамы менен жаштарды социалдык демилгелерге тартуу жолдорун үйрөткөн колдонмо болот. Колдонмону жаштар да, мугалимдер да, жамаат лидерлери жана жаштар менен иш алып барган башка кызыкдар адамдар да пайдалана алышат. Бул колдонмо жаштардын социалдык демилгелерге катышуусун кеңейтип, муну менен жамааттын өнүгүүсүнө өз салымын кошуп, аларда пайдалуу иш жасап жаткан сезимди калыптандыруу максатын көздөйт.

Долбоор тууралуу кошумча маалымат:

“Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” – бул Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан эл аралык демилге. Бул демилге балдарды жана жаштарды бакубат турмушуна байланышкан маселелерди чечүүгө катышууга шыктандыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде чечим кабыл алуу процесстерине жигердүү катышуу, жаштардын жана өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрү эске алынып, чечилиши үчүн жергиликтүү бюджетти пландоого катышуу боюнча стратегияларды ишке ашырат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик ЮНИСЕФ жана коомдук уюмдар менен биргеликте чоң жана чакан шаарларда “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” демилгесин ишке ашырууда. Бул шаарлар 2018-2022-жылдар мезгилине Аймактарды өнүктүрүү концепциясына “өсүш башаты” катары кошулган.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Телефон: +996 777 919 142

ЮНИСЕФ тууралуу

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.