Япония БУУӨП жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргызстанда эки долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн $8 млн бөлүп бермекчи

БИШКЕК, 2020-жылдын 11-марты. – КР Тышкы иштер министрлигинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнүн, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэки Маэданын, Кыргызстандагы БУУ Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) Туруктуу Өкүлү Луиз Чемберлендин жана БУУ Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы Өкүлү Кристин Жольмдун катышуусу менен эки жаңы долбоорго расмий кол коюу аземи өттү. Долбоорлор Япония Өкмөтү тарабынан каржыланмакчы.
Япониянын Өкмөтү эки долбоорду ишке ашырууга 8 миллион доллар бөлүп берүүдө. БУУнун эки агенттиги КР Өкмөтү менен тыгыз кызматташтыкта иштеп чыккан долбоорлор эки негизги улуттук артыкчылыктуу багытты чагылдырып турат: БУУӨП Кыргызстандагы шайлоо процессин колдоо программасын жүзөгө ашырат, ал эми “Балдардын кырсык болуу тобокелдигине жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу” аталган экинчи долбоор ЮНИСЕФ тарабынан ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Япония Өкмөтүнө демократизация жана шайлоону колдоо боюнча туруктуу колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ЮНИСЕФтин “Коопсуз мектептер” долбоору Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында өзгөчө актуалдуу болгонун баса белгиледи.
Сигэки Маэда, Өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси: “Япония Өкмөтү жана БУУӨП, жана ошондой эле ЮНИСЕФ ортосундагы долбоорду кол коюу аземинде болгонума абдан кубанычтамын. Бул долбоорлорду даярдоого салым кошкондорго терең ыраазычылык билдиремин” – деп айтты.
БУУ Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) шайлоо процесстеринин эл аралык стандарттарга ылайык инклюзивдүүлүгүн, интеграцияга ыктуулугун жана ачык-айрымдуулугун өнүктүрүү, анын ичинде жабдуулардын такай жаңыланып жана модернизацияланып турушун камсыздоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына колдоо көрсөтүүгө багытталган жана бюджети 4 миллион долларды түзгөн программаны ишке ашырмакчы.
«Адилет жана атаандаштык шартында өткөн шайлоо демократиянын өзөгүн түзөт, анткени бул жарандарга өлкөнү башкаруу үчүн өз өкүлдөрүн шайлап алууга мүмкүндүк берет. Япония Өкмөтүнүн каржылык жана БУУӨПтүн техникалык колдоосу менен БШК добуш берүүчүлөрдү идентификациялоонун биометрикалык моделинин туруктуулугун камсыздоо аркылуу өлкөнүн эркин жана адилет шайлоого жетүү жолундагы кадамдарын илгерилетүүгө дем-күч бере алат», - деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу Өкүлү Луиз Чемберлен.
Япониянын Кыргызстандагы демократиялык процесстерди консолидациялоо жана өнүктүрүү ишин колдоосу Кыргыз Республикасынын 2015 жана 2017-жылдардагы шайлоо учурундагы жетишкен прогрессине кошулган ири салым болуп калды, ал эми азыркы колдоо жаңы шайлоо тутумунун ишенимдүү болушуна кошулган салым болуп калмакчы.
Япония Өкмөтүнөн бериле турган 4 миллион долларлык бюджети бар жана кырсык болуу тобокелдигин төмөндөтүүгө багытталган долбоор Билим берүү жана илим министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан БУУ Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен ишке ашырылат. Бул “Кыргыз Республикасындагы 2015-2024-жылдарга карата коопсуз мектептер менен мектепке чейинки мекемелер” Мамлекеттик программасынын экинчи фазасы болуп саналат. Акыркы үч жыл ичинде (2017-2020) Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылган биринчи фаза учурунда жалпы өлкөнүн 119 мектебиндеги 64 400дөн ашуун бала алардын кырсыктарга туруктуу болуу дараметин өнүктүрүү максатында бул долбоорго камтылган болчу.
Кол коюу аземинин катышуучуларына кайрылып, ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлү Кристин Жольм мындай деп белгиледи: “Япония кырсык болуу тобокелдигин азайтууда проактивдүү чараларды колдонуу жана бул чараларды билим берүү чөйрөсүнө интеграциялоо боюнча мыкты үлгүнү көрсөтө алды. Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен бүгүнкү күндө Кыргызстан ушул экспертиза менен ийгиликтүү мисалды жакшы өздөштүрүп алса болот. Долбоордун алкагында кырсыктар же өзгөчө кырдаалдар учурунда кыздар менен балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Кыргызстандын бардык мектептерин камтуу максатында кырсыктарды азайтуунун шаймандары кеңейтилмекчи”.
Долбоордун экинчи фазасы учурунда жалпы өлкөдөгү калган 1800 мектепке карата кырсык болуу тобокелдигин азайтуу боюнча мектеп модулун кеңейтүү жана институционалдаштыруу пландалууда. Модуль райондук билим берүү департаменттеринин кызматкерлеринин жана мугалимдердин дараметин жакшыртууга негизделген, алар симуляциялоочу машыгууларды өткөрүп, ошондой эле ар бир мектепте кырсык болуу тобокелдигин азайтуу боюнча пландарды иштеп чыгуу жана аткаруу ишин координацияламакчы.
Кошумча маалымат үчүн төмөнкү кызматкерлерге кайрылсаңыздар болот:
Риото Саито, атташе\экономикалык жана саясий маселелер боюнча эксперт; тел: +996-312-300-050/051, email: ryoto.saito-2@mofa.go.jp, www.kg.emb-japan.go.jp
Айнагуль Абдрахманова, коммуникациялар боюнча адис, Кыргыз Республикасындагы БУУӨП; тел: +996-312-611-211 доп. 244, e-mail: ainagul.abdrakhmanova@undp.org
Айпери Алымбекова, коммуникациялар боюнча адис, Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ; тел: 0777919143, e-mail: aalymbekova@unicef.org
ЖМК менен байланыш жолдору
О ЮНИСЕФ
ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.
ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.
Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.