ЮНИСЕФ Өзгөчө кырдаалдар министрлигине суу тазалоочу жана санитардык жабдууларды тапшырат

ЮНИСЕФ Өзгөчө кырдаалдар министрлигине суу тазалоочу жана санитардык жабдууларды тапшырат

02 Октябрь 2018
UNICEF
UNICEF

ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрга чейин өткөрүп жаткан табигый кырсык коркунучун кыскартуу боюнча бир айлык иш-чарасына катышып жатат.

Ош, 2018-жылдын 2-октябры. – Кыргызстандагы БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) ӨКМдин өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатуу максатында жалпы баасы 15 миң АКШ доллар болгон суу тазалоочу жана санитардык жабдууларды тапшырат. Табигый кырсыктар учурунда таза суу менен камсыз кылуу жана санитардык шарттарды түзүү – бул негизги талап, анткени бул  инфекция жана жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн эң алдыңкы кадам. Суу тазалоочу жана санитардык жабдууларды тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин стат-катчысы Мамбетов Азамат жана ЮНИСЕФтин Ош шаарындагы кеңсесинин жетекчиси Эраж Каниев катышат.

Тапшырылчу жабдуулардын ичинде суу тазалагычтар, даараткананын жабдыктары жана суу сактап, ташуучу жабдуулар бар. Эл аралык стандарттар боюнча, өзгөчө кырдаалдар учурунда биринчи жардам катары адамга күнүнө 7,5 литр таза суу берилиш керек. Ал эми кийинки этабында стандарт боюнча адамга бериле турган таза суунун көлөмү 15 литрге чейин жетүүсү талап кылынат. Тапшырылып жаткан техниканын жардамы менен саатына 4000 литрге чейин суу тазалап, күнүнө 20 миң адамды таза суу менен камсыз кылууга жардам берет.

 

Ошто табигый кырсык коркунучун кыскартуу боюнча бир айлык иш-чарасынын негизинде, ЮНИСЕФ “Нур” кинотеатрында өзгөчө кырдаалдагы жүрүм-турумду үйрөткөн, климаттын өзгөрүүсүн түшүндүргөн “Керемет көчтүн” жаңы серияларын балдар үчүн акысыз көрсөтөт. Бул жаңы сериялар Жапон Өкмөтүнүн колдоосу менен тартылган.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova

Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.