ЮНИСЕФ: Чара көрүлбөсө, 2030-жылга чейин 70 миллион бала беш жашка толбой көз жумат

ЮНИСЕФ: Эгерде дүйнө коомчулугу балдар өлүмүн азайтууга жете албаса, 2030-жылга карата дээрлик 70 миллион бала беш жашка толбой көз жумат

29 Июнь 2017
ребенок в руках
ЮНИСЕФ

НЬЮ-ЙОРК, 2017-жылдын 28-июну – ЮНИСЕФтин жаңы анализине ылайык, эң аярлуу балдардын жана жамааттардын саламаттыгы менен жашап кетүүсүнө жумшалган инвестициянын кайтарымы натыйжалуу болот – азыраак аярлуу топторго инвестициялардын эквиваленти менен салыштырмалуу сарпталган 1 миллион АКШ долларынын ар бири дээрлик эки эсе көп адам өмүрүн сактап калууда.

Айырмалардын кыскаруусу: Эң аз камсыздалган балдарга жумшалган инвестициянын күчү ЮНИСЕФ 2010-жылы эле жасаган адаттан тыш божомолду тастыктаган жаңы ишенимдүү далилдерди берүүдө: эң аз камсыздалган балдардын өмүрүн сактап калууга багытталган чыгымдар канчалык көп болсо, жогорку натыйжа берген медициналык жардамдын жыйынтыктары да ошончолук олуттуу болот.

«Далилдер өтө ынанымдуу: Аз камсыздалган балдарга жумшалган инвестициялар негизи эле туура чечим болбостон, ошону менен бирге практикада да туура чечим болгону тастыкталды – бул ар бир сарпталган долларга көбүрөөк адам өмүрүн сактап калуу», - деп айтты ЮНИСЕФтин Аткаруучу директору Энтони Лэйк мырза. «Бул ар бир долларды эсептеп жаткан маалда балдар арасында болтурбай коюуга мүмкүн болгон өлүм менен аяктаган учурларды токтотууга умтулган өкмөттөр үчүн өтө маанилүү жаңылык болуп эсептелет. Балдардын ден соолугуна тең укуктуу инвестициялоо дагы алардын келечегин сактап, муундан муунга өтүп келген жакырчылыктын чынжырын үзүүгө жардам берет. Ар бир дени сак балада мектепте көбүрөөк көлөмдөгү маалыматты өздөштүрүп, мындан улам бойго жеткенде көбүрөөк акы төлөгөн жумушта иштөөгө мүмкүнчүлүгү пайда болот».

Эгерде балдар өлүмүн азайтуу боюнча прогресс тездетилбесе, 2030-жылга карата дээрлик 70 миллион бала беш жашка толбой көз жумат.

Изилдөө жүргүзүү үчүн бардык ымыркайлар жана беш жашка чейинки курактагы балдар арасындагы өлүмдөрдүн дээрлик 80 пайызы катталган 51 өлкөдөн маалыматтар алынган. Аларга таянып жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, калктын аз камсыздалган топтору арасында адам өмүрүн сактап калуу боюнча иш-чараларды кеңейтүү бул өлкөлөрдө аз камсыздалган деп эсептелбеген топторго салыштырмалуу балдар өлүмүн дээрлик үч эсе ыкчам азайтууга жардам берген.

Изилдөөнүн алкагында энелердин, ымыркайлардын жана балдардын саламаттыгын сактоо боюнча жогорку натыйжалуу медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү баалоо үчүн индикатор катары медициналык жардамдын алты өзөктүк өңүтү тандалып алынган. Алар: зыяндуу курт-кумурскаларга каршы химиялык дарылар кошулуп жасалган желимчилерге каршы торчолорду колдонуу, эмчек эмгизүүгө эртерээк өтүү, антенаталдуу кам көрүү (бала курсакта кезинде камкордук), эмдөөнүн толук курсу, төрөт маалында квалификациялуу акушердин катышуусу жана баланын ичи өткөндө, дене табы көтөрүлгөндө же өпкөсүнө суук тийген учурларда медициналык жардам сурап кайрылуу.

Мындай тыянактар өтө маанилүү убакыт аралыгында жасалды. Анткени бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү Туруктуу Өнүгүү Максаттарына жетүү боюнча өз аракеттерин улантышууда. Бул өлкөлөр 2030-жылга карата ымыркайлар жана беш жашка чейинки курактагы балдар арасында алдын алууга мүмкүн болгон өлүм учурларын жок кылууну максат кылышкан. Балдардын саламаттыгына жана жашап кетүүсүнө инвестициялар жакырчылыкты жок кылуу өңдүү өнүгүүнүн башка максаттарына жетүүгө да көмөктөшөт (1-ТӨМ).

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova

Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

ЮНИСЕФ ТУУРАЛУУ

ЮНИСЕФ жасаган ишинде ар бир баланын укуктарын жана бакубатчылыгын колдоого алат. Биз өз милдеттенмелерибизди иш жүзүндө аткаруу үчүн долбоорлор боюнча өнөктөштөрүбүз менен бирге 190 өлкөдө иш алып барабыз. Дүйнө жүзү боюнча бардык балдардын бакубат жашоосу үчүн өзгөчө көңүл эң аярлуу жана коргоого муктаж балдарга бурулат.

ЮНИСЕФ жана анын балдар менен жүргүзгөн иши тууралуу толук маалымат алуу үчүн сайтыбызга баш багыңыз: www.unicef.org  

ЮНИСЕФтин Twitter жана Facebook тармактарындагы баракчаларына жазылыңыз.