ЮНИСЕФ мигранттардын балдарын милдеттүү камкордукка алуу системасын киргизүүгө чакырат

Расмий билдирүү

08 Декабрь 2018
logo
UNICEF Kyrgyzstan

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Чүй облусунун Кайыңды шаарында эки жаштагы наристенин өлүмүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул наристенин өлүмүнө зомбулук себеп болушу ыктымал. Ата-энеси Орусия Федерациясында миграцияда жүргөндүктөн, бала энесинин таанышынын үйүндө жашап жаткан.

“Бул трагедиялуу окуя бизге маанилүү сабак берди: мындан ары да күтүп отурууга убакыт жок, балдарды зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоо үчүн чукул чаралар көрүлүшү керек. Ата-энеси мигрант болгон 119 миңден ашуун баланы милдеттүү камкордукка алуу – аларды коргоо үчүн зарыл жана маанилүү чара”, - деп ЮНИСЕФтин өкүлү Юкиэ Мокуо айтты.

Туугандардын, жакындардын колунда калган же институционалдык мекемелерге жайгаштырылган балдардын зордук-зомбулукка кабылуу ыктымалдуулугу жогору. Мигранттардын балдарынын абалына баа берүү менен, ЮНИСЕФ ата-энеси миграцияда жүргөн балдарды камкордукка алуу механизмдерин бийлик өкүлдөрү менен биргеликте даярдап жатат. Ага ылайык, ата-энелер миграцияга кетээр алдында балага мыйзамдуу камкорчуну дайындап кетиши керек. Муну менен, баланын тагдыры үчүн жоопкерчилик, жөлөкпулга жеткиликтүүлүк убактылуу камкорчуга өткөрүлүп берилет.

Психологиялык жана күч колдонулган зомбулуктан алган жараат баланын өнүгүүсүнө орду толгус зыян келтирет. ЮНИСЕФ Кыргызстандын бийлигин милдеттүү камкордукка алуу системасын киргизүү жөнүндө маселени мүмкүн болушунча чукул убакытта карап чыгууга үндөйт. Мындан тышкары ЮНИСЕФ Кыргызстандын элин балдарга карата зомбулукту токтотууга жардам берүүгө чакырат.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova

Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.