ЮНИСЕФ: көпкө созулган жаңжалдар, климат кризиси, психикалык оорулардын көбөйүшү жана интернеттеги жалган кабарлар балдарга жаңы олуттуу коркунучтарды жаратууда
ЮНИСЕФ: көпкө созулган жаңжалдар, климат кризиси, психикалык оорулардын көбөйүшү жана интернеттеги жалган кабарлар балдарга жаңы олуттуу коркунучтарды жаратууда
НЬЮ-ЙОРК, 2019-жылдын 18-сентябры – Көпкө созулган жаңжалдар, климат кризиси, жаштар арасында психикалык оорулардын көбөйүшү жана интернеттеги жалган кабарлар – балдарга жаңы глобалдык коркунуч жараткан көрүнүштөрдүн айрымдары гана. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Аткаруучу директору Генриетта Фор жарыялаган ачык катта айтылат.
Жаш муундун алдында турган билим берүүгө жеткиликтүүлүк, жакырчылык, теңсиздик жана басмырлоо өңдүү бир топ коркунучтардан тышкары, ачык катта балдар укуктарына зыянын тийгизчү жаңы коркунучтар тууралуу эскертүү жана аларды жок кылуу боюнча аракеттерди күчтөндүрүү жолдору да көрсөтүлгөн. Бул кат ЮНИСЕФ Балдар укуктары жөнүндө Конвенциянын 30 жылдыгын белгилеп жаткан маалда жарыяланды. Конвенция – дүйнөдө кеңири ратификацияланган адам укуктары боюнча келишим.
“Сиздин муун – азыркы мезгилдин балдары – силердин ата-энеңер элестете да албаган жаңы көйгөйлөргө жана глобалдык өзгөрүүлөргө туш болду, - деп жазды Фор. – Биздин климат таанылгыс болуп өзгөрүүдө. Теңсиздик күчөп жатат. Технологиялар биздин дүйнөнү кабылдоо жөндөмүбүздү да өзгөртүүдө. Көптөгөн үй-бүлөлөр буга чейин болуп көрбөгөндөй миграция агымына кабылды. Балалык өзгөрдү жана муну менен кошо биз да өз мамилебизди өзгөртүшүбүз керек”.
Катта дүйнөдөгү балдардын алдында турган, улам курчуп бараткан сегиз көйгөй белгиленген: узакка созулган жаңжалдар; айлана-чөйрөнүн булгануусу жана климаттык кризис; психикалык саламаттыктын начарлашы; жапырт миграция жана калктын көчүп-конуусу; жарансыздык; келечекте иштөө үчүн көндүмдөргө ээ болуу; интернетте маалыматка укук жана купуялуулук; ошондой эле интернетте жалган маалыматтын тарашы.
Жаңжалдар боюнча катта төмөнкү сандар келтирилген: Жаңжал абалында турган өлкөлөрдүн саны 1989-жылы Балдар укуктары жөнүндө Конвенция кабыл алынган убакыттан бери максималдык чекке жеткен. Ошону менен бирге ар бир төртүнчү бала согуштук аракеттерден же табигый кырсыктардан жапа чеккен өлкөлөрдө жашайт.
Климаттын өзгөрүүсү тууралуу маселе боюнча катта эскертүү камтылган: балдар планетанын талкалануусуна жана глобалдык климат кризисине күбө болушууда. Бул көрүнүш балдардын өнүгүүсү чөйрөсүндө акыркы 30 жылда жетишилген ийгиликтердин олуттуу бөлүгүн жокко чыгарууда. Аба ырайы кескин өзгөргөн учурлардын көбөйүшү, абанын булгануусу, узакка созулган кургакчылык жана чукул арада болчу суу ташкыны – мунун баарын ушул кризистин эпкини катары кароого болот. Булар калктын эң аярлуу катмары болгон жакырчылыкта жашаган балдарга терс таасирин тийгизүүдө.
ЮНИСЕФ дүйнө жүзү боюнча бардык өлкөлөрдө климаттык кризистин кесепеттерин жумшартуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Айталы, Эфиопияда ЮНИСЕФ биринчилерден болуп жер алдындагы суулардын карталарын түзүү боюнча технологияны киргизип, суу жетишпеген жамааттар үчүн кырдаалдан чыгуунун жолдорун издеп жатат. Малавиде ЮНИСЕФ жамааттын таза сууга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн күн энергиясын пайдалануунун негизинде узак мөөнөттүү экологиялык жактан коопсуз системаны иштеп чыкты. Бирок климаттын өзгөрүүсүн жайлатуу үчүн дагы көп иштер жасалышы керек.
“Өкмөттөр жана бизнес өкүлдөрү отундун казып алынчу түрлөрүн колдонууну кыскартып, дагы да таза айыл чарба, өнөр жай жана транспорт системаларын иштеп чыгып, энергиянын кайра жанма булактарын пайдаланууну кеңейтүүгө көбүрөөк инвестиция жасашы керек”, - деп жазат Фор.
Катта көпчүлүк балдар жалган маалыматка жык толгон санарип чөйрөнүн аборигендери болуп чоңоюп жатышканы белгиленет. Мисалы, “deep fake” (терең жасалмалоо) деп аталган технологияда адамды ынандырчу жасалма аудио жана видеону оңой эле жаратуу үчүн жасалма интеллект усулдары колдонулуп жатат. Катта чындык ойдон чыгарылган көрүнүштөн айырмаланбай калган онлайн чөйрөсү тууралуу эскертүү берилет. Бул көрүнүш институттарга жана маалымат булактарына болгон ишенимди толугу менен жоготууга жөндөмдүү. Практика көрсөткөндөй, бул көрүнүш демократиялык талкууларга жана шайлоочулардын өз эркин билдирүүсүнө терс таасирин тийгизип, башка этностук, диний же социалдык топторго карата шектенүүнү жаратууда.
Катта интернеттеги жалган маалымат балдарды бузук жүрүш-турушка, ташбоор мамилеге түртүп, аларды эксплуатациялоого жол ачып жатканы; демократиялык талкуулардын маңызын бурмалап жатканы белгиленет. Атүгүл вакцина тууралуу интернетте тарап жаткан жалган маалыматтар айрым жамааттарда өмүрдү алган коркунучтуу оорулардын кайтып келүүсүнө да жол ачууда. Мунун натыйжасында эч нерсеге ишенбеген бир муун өсүп келатат. Бул тапшырманы аткаруу үчүн ЮНИСЕФ медиа сабаттуулугуна үйрөткөн эксперименталдык программаны ишке ашыра баштады. Анын бир бөлүгү – Черногорияда ишке ашырылып жаткан “Жаш кабарчылар” программасы. Программа жаштарга интернеттеги жалган маалыматты аныктап, онлайн чыккан фактылардын ишенимдүүлүгүн текшерүү усулдарына үйрөтүү максатын көздөйт. Ошондой эле программа жоопкерчиликтүү журналистиканын функцияларына жана усулдарына үйрөтөт.
“Санарип доорунда биз “чындык сөзсүз түрдө жалганды жеңет” деген баёо сезим менен жашабашыбыз керек. Ошондуктан коом катары интернетте күндө чыгып жаткан жалган маалыматтар менен күрөшө билишибиз керек, - деп жазат Фор. – Биз жаштарга интернетте кимге жана эмнелерге ишене алаарын түшүнүүгө шарт түзүп, алар жигердүү жана коомдун турмушуна тартылган жаран болушуна мүмкүнчүлүк беришибиз керек”.
Психикалык саламаттыкка байланыштуу катта дагы бир эскертүү жазылган: Балдар укуктары жөнүндө Конвенция кабыл алынгандан кийинки жылдары өспүрүмдөр арасында психикалык оорулардын саны көбөйдү. Ушул тапта депрессия жаштар арасында майыптуулуктун негизги себептеринин бирине айланды. Катта Генриетта Фор психикалык оорулардан азап чеккен балдар жана жаштар арасында талаптагыдай агартуучулук иштерин жүргүзүүгө, терапиялык дарылоого жана реабилитациялык иштерге өзгөчө көңүл бурууга үндөйт. Ошондой эле психикалык оорудан жапа чеккен жаштар дарыланып, колдоо таба алышы үчүн стигманы жана басмырлоону жок кылууга чакырык ташталган.
Каттын корутундусунда дүйнө жүзү боюнча балдар жана жаштар өз көйгөйлөрүн чечүү үчүн кыймылдарды түзө баштаганы белгиленип, дүйнө лидерлерин алардын жолун жолдоого чакырык ташталган.
“Бүгүнкү күндө балдар жана жаштар өз чөйрөсүн өзгөртүү үчүн жоопкерчиликтүү, кийинкиге калтырылгыс чараларды көрүү үчүн жетектөөчү ролду аткара башташты, - деп жазат Фор. - Эми силер позицияңарды коргойсуңар, ал эми биз силерди угабыз”.
Редакторлор үчүн кошумча маалымат
Каттын толук текстин төмөнкү шилтеме боюнча таба аласыз: https://uni.cf/open-letter-worlds-children
Кошумча маалымат алуу үчүн:
Джорджина Томпсон, ЮНИСЕФ, Нью-Йорк, тел. + 1 917 238 1559, gthompson@unicef.org
ЖМК менен байланыш жолдору
ЮНИСЕФ тууралуу
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.
ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.
Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.