ЮНИСЕФ: Кыргызстанда 1-январда 400гө жакын ымыркай жарык дүйнөгө келет

ЮНИСЕФ ымыркайлар өмүрүнүн алгачкы күнүнөн баштап жашап кетүүсү үчүн бардык өлкөлөрдү мүмкүн болгон чараларды көрүүгө чакырат.

01 Январь 2018
a newborn
UNICEF

Бишкек-Нью-Йорк, 2018-жылдын 1-январы – БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) маалыматы боюнча, бүгүн жылдын алгачкы күнүндө Кыргызстанда 400гө жакын бала жарык дүйнөгө келет. Бул күнү дүйнөдө 385,793 бала төрөлөт деп күтүлүүдө. Бул ымыркайлардын жарымынан көбү дүйнөнүн тогуз өлкөсүндө төрөлөт:

  • Индия — 69,070
  • Кытай — 44,760
  • Нигерия — 20,210
  • Пакистан — 14,910
  • Индонезия — 13,370
  • АКШ — 11,280
  • Конго ДР — 9,400
  • Эфиопия — 9,020
  • Бангладеш — 8,370

Бул балдардын көбү жашап кетет, бирок айрымдары жарык дүйнөгө келген алгачкы күнү эле көз жумат. 2016-жылы күн сайын 2,600гө жакын ымыркай жашоосунун алгачкы 24 саатында эле чарчап калган. Дээрлик эки миллион ымыркай үчүн өмүрүнүн алгачкы аптасы акыркы болуп калууда. Жалпысынан 2,6 миллион бала жашоосунун алгачкы айында эле чарчап калган. Алардын ичинен 80% ашыгы алдын алууга боло турган себептерден көз жумган. Мисалы, алар эрте төрөттүн натыйжасында, кыйынчылыктар менен коштолгон төрөт маалында, сепсис жана пневмония өңдүү инфекцияларды жуктуруп алып чарчап калышат.

Бул жылы ЮНИСЕФ ар бир баланын жашап кетүүсүнө жана бир сааттан, бир күндөн, бир айдан же бир жылдан ашык жашоосу үчүн шарт түзүү максатында бардык мүмкүн болгон чараларды көрөт”, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Юкиэ Мокуо. “Биз ар бир өлкөнүн өкмөтүн жана өнөктөштөрдү миллиондогон балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн аракеттерин бириктирүүгө чакырабыз”.

Акыркы 20 жылда чоң прогресс болуп, беш жашка чейинки балдар арасында өлүм саны эки эсе азайган: 2016-жылы 5,6 миллионго чейин. Кыргызстанда 1990-жылдан 2016-жылга чейин беш жашка толо элек балдар арасында өлүм саны үчтөн экиге кыскарган. Бирок ымыркайлар арасында өлүм санын азайтууда прогресс бир топ жай жүрүп жатат. Жарык дүйнөгө келгенден кийин алгачкы айда көз жумган ымыркайлар беш жашка толо элек куракта чарчап калган балдардын 46% түзөт.

Кийинки айда ЮНИСЕФ Ар Бир Бала Үчүн Жашоо глобалдык өнөктүгүн баштайт. Бул өнөктүк саламаттык сактоо чөйрөсүндө жеткиликтүү чечимдерди кабыл алууга үндөйт. Мисалы, ар бир медициналык мекемеге канализация жана электр жарыгын жеткирүү, төрөткө окутулган акушерлердин жана дарыгерлердин катышуусун камсыз кылуу, киндикти дезинфекциялоо, төрөттөн кийин алгачкы саатында эмчек эмгизүү, эне менен баланын ортосунда “денеден-денеге” байланышын түзүү.

“Биз дүйнөдө ар бир ымыркай 22-кылымды көрүүгө мүмкүнчүлүк алгандай жаңы доорго өтүп жатабыз”, - деп кошумчалады Юкиэ Мокуо. “Тилекке каршы, бул жылы төрөлгөн балдардын жарымына жакыны кийинки кылымды көрбөй калат. Жашоо узактыгын эске алсак, 2018-жылы Швецияда төрөлгөн балада 2100-жылга чейин, ал эми бул жылы Кыргызстанда төрөлгөн балада 2090-жылга чейин өмүр сүрүүгө шансы бар”.

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващенко

Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

Кошумча маалымат алуу үчүн:

2018-жылдын январь айына карата ымыркайлардын саны ана жашоо узактыгы боюнча толук маалыматты бул жерден көрө аласыз. Ушул маалыматтарды алуу үчүн ЮНИСЕФ Бүткүл дүйнөлүк дайындар лабораториясы (World Data Lab) менен кызматташкан жана маалыматтар UN’s World Population Prospects (2017) негизделген.  

ЮНИСЕФ ТУУРАЛУУ

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз. Ошондой эле FacebookInstagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.