ЮНИСЕФ Кыргызстандагы балдар үчүн бардык багыттар боюнча жеткирүүчүлөрдүн улуттук дайындар базасын биринчи жолу ишке киргизди

ЮНИСЕФ рынокко талдоо жасап, сатып алуулардын 61 категориясы боюнча жеткирүүчүлөрдүн дайындар базасын түзүүдө

14 Март 2019
UNICEF works for every child and reaches the most remote areas
UNICEF/2016/Kyrgyzstan/Simon Lister

БИШКЕК, 2019-жылдын 14-март күнү – Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ өлкөдөгү балдар үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү боюнча жергиликтүү рыноктун дараметин баалоо үчүн рынокко талдоо жүргүзө баштады. Биринчи жолу бардык жеткирүүчүлөр ачык онлайн түрүндөгү дайындар базасына киргизилет. Бул база балдар үчүн сатып алынган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрдүү өңүттөгү 61 категориясынан турат. 

Рынокту талдоодогу негизги жыйынтыктардын бири – Кыргызстандагы балдар үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар боюнча тендерлерге катышууга квалификациясы даярдалган жеткирүүчүлөрдүн дайындар базасы түзүлөт.

Буга байланыштуу ЮНИСЕФ бардык кызыкдар жеткирүүчүлөрдү жана подрядчыларды ЮНИСЕФтин дайындар базасынан онлайн каттоодон өтүүгө чакырат. Жеткирүүчүлөр бир эле маалда бир нече категорияда каттала алышат. Бул үчүн ошол категория боюнча иш жүргүзүүгө тиешелүү тажрыйбасы жана уруксат берүүчү документтери бар болушу керек. 

Жеткирүүчүлөр үчүн ыңгайлуу болсун деп, ошондой эле тандап алуу процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында www.vendorcef.org онлайн аянтчасы түзүлдү. Эрежелер жана катталуу үчүн талаптар менен www.vendorcef.org/registration-manual сайтындагы “Өтүнмөлөрдү онлайн каттоо боюнча колдонмо” деген бөлүмдөн тааныша аласыз. Кошумча суроолор пайда болсо, аларды төмөнкү дарек боюнча жибере аласыз: kir-market@unicef.org.

2019-жылдагы тендерлерге катышуу үчүн жеткирүүчүлөрдүн квалификациясын өткөрүү үчүн өтүнмөлөрдү өз убагында баалоо максатында кызыкдар жеткирүүчүлөргө 2019-жылдын 25-мартына чейинки мөөнөттө каттоодон өтүү сунушталат. Ошону менен бирге дайындар базасында мындан кийин өтүнмөлөрдү каттоодо мөөнөттөрү боюнча чектөөлөр коюлбай турганын, ал эми өтүнмөлөр жеке тартипте бааланарын кабарлайбыз.

Жеткирүүчүлөрдүн дайындар базасында катталуу ЮНИСЕФ менен жеткирүүчүлөрдүн ортосундагы кандайдыр бир юридикалык милдеттенмелер бар дегенди билдирбейт. Келечектеги бардык сатып алуулар ЮНИСЕФтин ички эрежелерине жана жоболоруна ылайык гана жөнгө салынат.

 

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova

Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

О ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.