ЮНИСЕФ Баткен облусун калыбына келтирүүгө 12 миллион сомдон ашык суммага жардам бөлдү

08 Февраль 2023

БИШКЕК/БАТКЕН, 2023-жылдын 7-февралы - ЮНИСЕФ Баткен жана Ош облустарына 80 билим берүүчү жана 1460 үй-бүлөлүк гигиеналык комплекттерди жеткирди. Мындан тышкары, 2022-жылы Баткендеги өзгөчө кырдаалдан кийин калыбына келтирүү планынын алкагында ЮНИСЕФ жана өнөктөштөр суу, санитария жана гигиена менен байланышкан калктын ден соолугу үчүн негизги коркунучтар жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууда. Калыбына келтирүүгө багытталган иш-чаралардын жалпы суммасы 12 миллион сомдон ашат.

Үй-бүлөлүк гигиеналык комплекттердин курамында самын, кир жуугуч порошок, жалаяктар, гигиеналык көөк, сүлгү, жуунгуч, калак жана чака бар. Алар 7300дөн ашык адамдын (1460 кожолук), анын ичинде 4000ден ашуун баланын гигиеналык жана башка муктаждыктарын канааттандыруу үчүн берилүүдө. Үй-бүлөлүк гигиеналык комплекттер Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы максаттуу үй-бүлөлөрдүн арасында бөлүштүрүп берилет (муктаж үй-бүлөлөрдү жергиликтүү администрациялар аныкташкан).

Баткен облусун калыбына келтирүү процессин колдоо менен ЮНИСЕФ Билим берүү жана илим министрлигинин Баткен облусундагы өкүлдөрүнө мектептерге жана бала бакчаларга таратып бериши үчүн бардык окуу материалдары камтылган 80 комплектти тапшырды. Бул комплекттер ЮНИСЕФ жана USAID каржылаган долбоордун негизинде сатып алынган. 

Бул долбоор Табигый кырсыктарга жооп кайтарууну координациялоо тобу Баткенде 2022-жылдын сентябрындагы өзгөчө кырдаалга жооп кайтаруу планын ишке киргизгенден кийин демилгеленген. Долбоорду БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы каржылайт. ЮНИСЕФ Баткен облусунун чек арага чектеш райондорунда жабыркаган калкты калыбына келтирүүнүн жана туруктуулугун жогорулатуунун узак мөөнөттүү планын иштеп чыгууда Кыргызстандын өкмөтүнө колдоо көрсөтүп келатат. Планга баштапкы медициналык жардам кызматын бекемдөө; балдардын ооруларын дарылоо, ич өткөктүн алдын алуу жана дарылоо үчүн негизги материалдарды, ошондой эле бала бакчалар үчүн мектепке чейинки окуу жана оюн материалдарын сатып алуу; өзгөчө кырдаалдарга даярдык, жооп кайтаруу жана калыбына келтирүү, анын ичинде чыр-чатактан кийин калыбына келтирүү жаатында жергиликтүү мектеп кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу боюнча иш-чаралар кирет.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.