ЮНИСЕФтин жаңы башчысы дайындалды

22 Декабрь 2017
Henrietta Fore
UNICEF

Нью-Йорк\Бишкек, 2017-жылдын 23-декабры – БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерреш Генриетта Форду (Henrietta H. Fore) БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФтин) жаңы аткаруучу директору кылып дайындады. Генриетта Фор 2010-жылдан бери уюмдун башында турган Энтони Лейктин ордуна келди.

Кырк жылдан ашуун тажрыйбасы бар Генриетта Фор АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигин жетектеген алгачкы аял болгон. Мындан тышкары ал АКШнын Мамлекеттик департаментинин түрдүү бөлүмдөрүндө кызматтарды ээлеген, АКШнын Зээрканасын жетектеген, ошондой эле Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору менен кызматташкан.

Буга чейин Генриетта Фор “Holsman International” аттуу инвестициялык компаниянын директорлор кеңешинин төрайымы жана башкы директору болгон. Мындан тышкары Генриетта Фор дүйнөдөгү балдардын өнүгүүсү жана бакубат жашоосу үчүн иш алып барган көптөгөн коммерциялык жана бейөкмөт уюмдарды жетектеген.

“Генриетта Фор ЮНИСЕФте балдар үчүн иштеп, өзүнүн чоң тажрыйбасын толук колдонот”, - деп айтты Энтони Лейк. “Анын ийгилиги – ЮНИСЕФтин ийгилиги болот. Бул демек балдар үчүн ийгилик дегенди билдирет”.

Генриетта Фор 2018-жылдын 1-январынан баштап кызматка киришет.

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващенко
Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Телефон: +996 777 919 142
Электрондук почта: vvashchenko@unicef.org

ЮНИСЕФ ТУУРАЛУУ

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз. Ошондой эле FacebookInstagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.