ЮНИСЕФтин балдарды жана өспүрүмдөрдү демонстрациялар маалында коргоо тууралуу билдирүүсү

Расмий билдирүү

09 Август 2019
logo
UNICEF Kyrgyzstan

ЮНИСЕФ Кыргызстандагы зомбулук менен коштолгон, адамдар, анын ичинде балдар жана өспүрүмдөр жабыркаган соңку окуяларга тынчсыздануусун билдирет. ЮНИСЕФ балдарды жана өспүрүмдөрдү саясий максатта колдонууну, аларды манипуляциялоону же ушундай иштерге тартууну айыптайт.

ЮНИСЕФ бардыгын – демонстранттарды жана тартип коргоо органдарын балдар менен өспүрүмдөргө карата күч колдонбоого үндөп, алардын коопсуздугун жана кол тийбестигин бардык учурда жана бардык жерде камсыз кылуу зарыл экенин белгилейт. ЮНИСЕФ ошондой эле балдарды коргоо ата-энелердин жана камкорчулардын өзгөчө жоопкерчилигинде болгонун эске салат.

Демонстрацияга катышып жаткан ар бир өспүрүм Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана БУУнун Балдар укуктары жөнүндө Конвенциясына ылайык коргоого алынууга тийиш. Бул Конвенциянын аткарылышы үчүн өлкө жоопкерчилик алган.

ЮНИСЕФ кырдаалга көз салат жана Кыргызстандагы бардык балдардын укуктарын коргоо үчүн өкмөткө, жарандык коомго жана башка өнөктөштөргө колдоо көрсөтүүнү уланта берет.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova

Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

О ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.