Ысык-Ата районунун мугалимдери жана завучтары окутуунун интерактивдүү ыкмаларын үйрөнүштү

04 Сентябрь 2018
Workshop for teachers
Борбордук Азиядагы IDEA
Мугалимдер «Балдарга жана жаштарга жагымдуу Кыргызстан» долбоорунун окутуусуна катыпышкан учуру.

БИШКЕК, 4-сентябрь, 2018-жыл - 23-25-август күндөрү Ысык-Ата районуна караштуу беш мектептен 25 мугалим тренерлер үчүн арналган тренингдерге катышты. Алар: Новопокровка айылындагы №3 орто мектеби, Ваккер атындагы Люксембург орто мектеби, Айдарбеков атындагы орто мектеби, Буденов атындагы жана Шаботоев атындагы Юрьевка орто мектептеринин мугалимдери жана окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары болушту.  

Тренингдер «Балдарга жана жаштарга жагымдуу Кыргызстан» долбоорунун алкагында уюштурулуп, ар бир окуучунун пикири эсепке алынган, жагымдуу жана ыңгайлуу чөйрөнү түзүү үчүн мугалимдер менен иштөөгө багытталды.

Тренинг мугалимдерге окутуунун интерактивдүү ыкмаларын жана куралдарын сунуштоо максатында өткөрүлдү. Бул ыкмалар мугалимдердин окуу процесстерин уюштурууда кызыктуу форматтарды иштеп чыгууга жана балдардын муктаждыктарына ачык болуусуна шарт түзөт.    

Мындан тышкары бул ыкмалар окуучулардын жетишкендиктерине, алардын класстан тышкаркы иштерге активдүү катышуусун камсыздап, жарандык таанымынын кеңейүүсүнө таасирин тийгизет. Ошондой эле тренингде мугалимдер мектеп парламенти менен иштөө жана жаштарды шыктандыруу ыкмаларын үйрөнүп, чечим чыгаруу процесстерине балдардын катышуусу маанилүү экенин билишти. 

«Мен бул үч күндүн ичинде интерактивдүү ыкмалар жөнүндө көп маалыматтарды алдым. Мага бул ыкмалар, бардык окуучуларды окуу процессине кызыктырууда жардам берет. Ошондой эле бул тренингтгдердин жыйынтыгы менен Ысык-Ата районундагы башка мугалимдер менен тренингдерди натыйжалуу өткөрүү, ресурстарды туура бөлүштүрүү жана бардык окуучуларды окуу процесстерине тартуу үчүн шыктандыруу ыкмаларын үйрөнүп, аларды эске алуу менен пландарды иштеп чыктык», - деп айтты Буденов орто мектебинин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Перизат Орозбекова.

Тренингдердин жыйынтыгы менен мугалимдер өз сабактарында тренингде үйрөнгөн инклюзивдүү билим берүү жана бирдей окутуу принциптерин колдоно алышат. Ал эми алынган тренердик жөндөмдүүлүктөр алардын балдардын кызыкчылыктарына карата ачылган  ийримдерди жетектөөгө жардам берет.

Канат Ногойбаев, долбоордун координатору: «Учурда мугалимдердин окуучулар менен иштөөсүн жакшыртууга багытталган колдонмо даярдалып жатат. Тренингдин катышуучулары ал колдонмону жакшыртуу үчүн өз сунуштарын беришти. Биз иштелип чыгып жаткан колдонмо пайдалуу болуусун каалайбыз. Ошондуктан ал бардык тараптардын сунуштарын эске алуу менен даярдалып жатат».

Мындан тышкары мугалимдер келаткан окуу жылына карата долбоордун планы менен таанышты. Долбоордун бардык иш-чаралары мугалимдер менен талкууланып, алардын окуучулардын социалдык демилгелерин ишке ашырууда колдоо көрсөтүүсү макулдашылды.

«Балдарга жана жаштарга жагымдуу Кыргызстан» долбоору Борбор Азиядагы Билим Берүүчү Дебат Ассоциациясы (IDEA СА) жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте Улуу Британия өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулуп жатат.

Кыскача маалымат:

Борбор Азиядагы IDEA – дебаттык технологияларды окутуучу боюнча регионалдык булак. Ал Орто Азиянын жаштарына жана дебат боюнча тренерлерге атайын багытталган тренингдерди, иш-чараларды өткөрүп келет. IDEA CA мектептер, университеттер, дебаттык бирикмелер, коомдук уюмдар, өнөктөштөр, фонддор ошондой эле бейөкмөт жана өкмөттүк уюмдар менен биргеликте иш алып барат. IDEAнын тармагы бир канча өлкөлөрдө өз ишин алып барат, Нидерландыда (1999-ж. тарта), Улуу Британияда (2011), Македонияда (2012), Кыргызстанда (2013) жана Тунисте (2014).

«Балдарга жана жаштарга жагымдуу Кыргызстан» долбоору жаштардын жана өспүрүмдөрдүн, коомчулуктун өнүгүүсүнө бирдей катышуусу үчүн потенциалын жогорулатууга жана диалогдорду түзүүгө багытталган.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova

Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.