“Тоонун ханы” апхилл ивенттин алкагында ЮНИСЕФтин үй-бүлөлүк эстафетасы

Чакыруу

30 Май 2018
han gory
ЮНИСЕФ

Бишкек, 2018-жылдын 30-май күнү -  БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана “Веложамаат” коомдук бирикмеси бардык балдарды жана ата-энелерди үй-бүлөлүк эстафетага чакырышат. Иш-чара 2-июнь күнү саат 10:00дөн 14:00гө чейин “Чункурчак” базасында өтөт. Эстафета Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулуп жатат жана “Тоонун ханы” апхилл ивенттин алкагында өтөт.

“Эки жыл катары менен ЮНИСЕФ бул спорттук демилгенин өнөктөшү болуп келатат. Демилге майыптуулугу бар балдардын коомго аралашуусуна көңүл бурдуруу максатын көздөйт. Майыптуулугу бар балдарга жана алардын ата-энелерине колдоо көрсөтүү – бул ар бир коомдун өнүгүүсүндөгү маанилүү бир шарт. Баланы чектеген тоскоолдуктарды эмес, ар бир баланын талантын көрө билели”, - деп белгиледи БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо.  

“Тоонун ханы” апхилл ивенттин негизги максаты – балдар жана улуулар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, үй-бүлө менен биргеликте жигердүү убакыт өткөрүүгө үндөө, коомдо инклюзия идеяларын илгерилетүү, ошондой эле бардык балдар, анын ичинде майыптуулугу бар балдар үчүн да тең мүмкүнчүлүктөр бар болгон аянтчаны уюштуруу.

ЮНИСЕФтин Үй-бүлөлүк эстафетасына, “Бардыгы үчүн футбол” спорттук таймаштарына жана викторинага 200дөн ашуун бала, алардын ата-энелери да катышат деп пландалууда. Ал эми тынч эс алууну жактыргандар үчүн кызыктуу мастер-класстар өткөрүлөт.

ЮНИСЕФтин Үй-бүлөлүк эстафетасына каттоо саат 10:00дө башталат. Ал эми таймаштар саат 12:30га белгиленди. (Таймаштар үч жаш курак боюнча өтөт: 3-5 жаш, 6-8 жаш, 9-14 жаш). Баарыңарды күтөбүз!

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващенко
Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Телефон: +996 777 919 142
Электрондук почта: vvashchenko@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу:

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.