Саламаттык сактоо министрлиги: Кыргызстан калкынын 96% балдарды эмдөөнү колдойт

24 Апрель 2018
мама делает вакцинацию своему ребенку
ЮНИСЕФ

БИШКЕК, 2018-жылдын 24-апрели – Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) демилгеси менен 24-апрелден 30-апрелге чейин Европалык иммунизациялоо жумалыгы өтүп жатат. Бул жумалык вакцинанын жардамы менен алдын алууга боло турган оорулардан ар бир адамдын корголууга болууга укуктары жана анын жоопкерчиликтери жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.

Европалык иммунизациялоо жумалыгы жыл сайын апрель айынын соңку аптасында өткөрүлүп келет. Жумалык вакциналардын жардамы менен болтурбай коюуга мүмкүн болгон оорулардан сактануу үчүн ар бир адамдын көңүлүн зарыл жамааттык иш-чараларга бурдуруу максатын көздөйт. ДСУ бул жылдын темасын “Биздин жалпы коргообуз,  #ВакциналарЖардамБерет” деп жарыялады. Бул бардык деңгээлдердеги адамдарга – донорлордон баштап кеңири коомчулукка жасалган чакырык: ар бир адамдын саламаттыгы үчүн иммунизациялоону кеңири жайылтуу максатында көбүрөөк аракеттер жумшалышы керек.

“Иммунизациялоо дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калууда. Эмдөө айрым жугуштуу оорулардын алдын алып, алар менен күрөшүүдө эң таасирдүү жана жогорку натыйжа берген чаралардын бири катары кеңири таанылды. Кыргызстандын саламаттык сактоо органдарынын иммунизациялоону мындан ары да колдоп, эмдөөнүн мааниси жана вакциналардын жардамы менен алдын алууга боло турган коркунучтуу оорулар тууралуу калкты жакшылап кабардар кылуу чакырыгын ДСУ да колдойт”,  - деп белгиледи ДСУнун Өкүлү / Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсенин Жетекчиси, доктор Ярно Хабихт.

Жумалыктын алдында Кыргызстандагы иммунизациялоо тууралуу билимди, ага карата мамилени жана практиканы изилдөөнүн отчету чыкты. Бул отчет Вакциналар жана иммунизациялоо боюнча Глобалдык альянстын (ВИГА) каражатына БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) техникалык колдоосу менен КР Саламаттык сактоо министрлиги үчүн атайын даярдалды.

Жаңы изилдөө Кыргызстан калкынын эмдөөгө болгон ишеним деңгээли бир кыйла жогору болгонун көрсөттү (калктын 96% иммунизациялоо зарыл деп эсептейт). Балдарды эмдөө көрсөткүчтөрү бир топ жогору болгонуна карабастан, эмдөөдөн баш тарткандардын саны өсүп жаткандыктан бул көрсөткүч төмөндөйт деген коркунуч бар. Респонденттердин басымдуу бөлүгү медициналык себептерди жана күтүүсүз реакция болушу мүмкүн деген коркуу сезимдерин эмдөөдөн баш тартуунун себептери катары көрсөтүшкөн.

“Кыргызстандагы дээрлик бардык ата-энелер эмдөөнүн зарылчылыгын түшүнүп, белгиленген убакытта балдарын дарыгерге эмдетүүгө алып барып жатканы бизди кубандырат. Ошондой болсо да биздин изилдөөлөргө ылайык, узун кезекте көпкө күтүүгө мажбур болгону энелерди кооптондурууда. Аларга эмдөөлөр тууралуу толук маалымат жетпей жатат. Иммунизациялоо тууралуу аталар да, дин аалымдары да көбүрөөк билгиси келет. Себеби дин лидерлерине ата-энелер кеңеш сурап кайрылышат эмеспи”, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо.

Толук маалымат алуу үчүн адистерге кайрылсаңыз болот:
Жылдыз Айгерчинова, КР Саламаттык сактоо министрлигинин пресс-борбору, pressa.mz@gmail.com 0556 303 086
Айпери Алымбекова, ЮНИСЕФ, aalymbekova@unicef.org 0777 91 91 43
Алмаз Жумалиев, ДСУ, zhumalieva@who.int 0550 70 17 12
 

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващенко
Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Телефон: +996 777 919 142

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram жанаTwitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.