Республикалык иммунопрофилактика борбору Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн облустук борборлору менен байланышты жакшыртуу үчүн жабдуу алды

07 Июль 2023
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Кристина Бруджиоло
UNICEF Kyrgyzstan
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Кристина Бруджиоло жабдуу тапшыруу аземинде

2023-жылдын 7-июлунда ЮНИСЕФтин техникалык жардамы менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборуна (РИБ) заманбап жабдуулардын жети комплекти берилди. Жаңы жабдуу COVID-19 пандемиясы сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда координацияны жакшыртып, адистерди аралыктан окутуу үчүн бардык облустук борборлорду туташтырууга жардам берет. Вакцинация жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянстын (ГАВИ) CDS-2 долбоорунун алкагында берилген жабдуулардын жалпы наркы 2,5 млн. сомдон ашык болду.

Жабдууну тапшыруу боюнча расмий салтанат Бишкекте РИБдин директору Гүлбара Ишенапысова менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Кристина Бруджиолонун катышуусунда өттү.

Гүлбара Ишенапысованын айтымында, бул жабдуу калктын вакциналарга болгон ишенимин арттыруу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жардам берет.

“Жабдуулар вакциналар менен башкарууга боло турган инфекциялар боюнча эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү үчүн Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн бардык облустук борборлоруна өткөрүлүп берилет.  Бул бардык тапшырмаларды бирдиктүү маалыматтык мейкиндикке интеграциялоону камсыз кылат жана иштин натыйжалуулугун олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет. Көрсөтүлгөн техникалык жардам үчүн ЮНИСЕФке ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деп белгиледи ал.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн облустук борборлору интерактивдүү такталар, видеобайланыш үчүн микрофондор жана камералар менен жабдылат.

“COVID-19 пандемиясы кризис учурунда натыйжалуу координация, байланыш жана даярдык чечүүчү мааниге ээ экенин көрсөттү. Биз бул жаңы жабдуу Кыргызстандын саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын мындан ары жогорулатууга жардам берет деп үмүттөнөбүз”, — деди Кристина Бруджиоло.

ЮНИСЕФ COVID-19га жана башка ооруларга каршы эмдөөнү жайылтууда Кыргызстанга көрсөткөн колдоосун улантууда. ЮНИСЕФ вакциналарды сактоону жакшыртууга, санариптик чечимдерди киргизүүгө, медициналык кызматкерлерди окутууга жана вакциналарды сатып алууга жардам берип келатат.

Негизги максаты – эмдөөнү жана ар бир баланын саламаттыгын коргоону камсыз кылуу.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.