Президент Садыр Жапаров «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды

ЮНИСЕФ тарабынан демилгеленип, Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен эки жыл бою өткөрүлгөн «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» улуттук сынагына 18 шаар катышты.

28 Апрель 2021
Президент Баткен шаардын мэрине сертификат берип жатат.
Sultan Dosaliev
Президент Баткен шаардын мэрине сертификат берип жатат.

БИШКЕК, 28-апрели - Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземине БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонния Ожиело жана ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм катышты.

ЮНИСЕФ тарабынан демилгеленип, Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен эки жылда бир өткөрүлчү «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» улуттук сынагына Бишкек, Кара-Балта, Токмок, Нарын, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кербен, Кочкор-Ата, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Кара-Суу, Кадамжай, Баткен жана Исфана болуп жалпысы 18 шаар катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча:

  • Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары биринчи орунду ээлеп, 3 миллион сомдук байгени жеңип алды;
  • Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары экинчи орунду алып, 2 миллион сом байгеге ээ болду;
  • Баткен облусунун Баткен шаары үчүнчү орунду ээлеп, 1 миллион сомдук байгени камсыз кылды.

Ошондой эле, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү баалоо боюнча эң жогорку упайды топтогон он шаар «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» наамын алышты. Тизмеге жеңүүчүлөрдөн сырткары Кадамжай, Токмок, Нарын, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Ош жана Каракол шаарлары кирген.

Шаарларды баалоо үчүн деталдуу баалоо ыкмасы  иштелип чыккан. 26 көрсөткүчтөн сырткары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ЮНИСЕФ менен биргеликте кыйла сапаттуу маалыматтарды топтоо боюнча изилдөө жүргүзүшкөн.

Комиссия бардык чогултулган далилдерди, баяндамаларды жана ар кайсыл муниципалитеттер берген документтерди пайдаланып,  акыркы чечимин кабыл алган.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Телефон: +996 777 919 142
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

ЮНИСЕФ өзгөчө камкордукка муктаж балдарга жетүү үчүн өтө алыс жайгашкан, жетүү оңой болбогон райондордо иштейт. Биз 190дон ашык өлкөдө жана аймактарда иштейбиз, Дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган ар бир баланын бакубат турмушу үчүн, ар бири үчүн мыкты дүйнөнү куруу максатында иш алып баруудабыз.

ЮНИСЕФТин Twitter жана Facebook тармактарындагы баракчаларына жазылыңыз.

COVID-19 тууралуу дагы да толук маалымат алуу үчүн, балдарыңызды жана үй-бүлөңүздү андан коргоо боюнча сунуштарды алуу максатында биздин веб-сайтка кириңиз.