Ош шаарында “Балага жүрөгүбүздү ачалы!” аттуу Футбол фестивалы өтүп жатат

01 Июнь 2018
дети на футболе
ЮНИСЕФ

Ош, Кыргызстан, 2018-жылдын 1-июнь күнү – Балдарды коргоонун эл аралык күнү ЮНИСЕФ Момунов атындагы Футбол академиясы менен биргелешип Футбол фестивалын өткөрүүдө. Фестиваль майыптуулугу бар балдарды коомдук турмушка аралаштырууга футбол аркылуу коомчулуктун назарын буруу максатын көздөйт. Иш-чара 150 жаш футболчу, майыптуулугу бар балдар жана башка аярлуу топторго кирген өспүрүмдөр үчүн уюштурулуп жатат.

Иш-чараны Ош шаарынын мэри Айтмамат Тентибаевич Кадырбаев ачты. Социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Базаркуловна Исакунова иш-чарага катышып, балдарды майрамы менен куттуктады. ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо буларды белгиледи:

“ЮНИСЕФ менен КР Футбол федерациясы эки жылдан ашуун убакыттан бери балдардын кызыкчылыгында ийгиликтүү кызматташып келатат. Эми Ош шаарынын балдары да биздин биргелешкен демилгелерибизге катышып жатканына кубанып турам. Футбол – дүйнөдөгү №1 оюн. Бул оюн ар бир балага, анын ичинде майыптуулугу бар балдарга да өз жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бүгүн, Балдарды коргоо күнү мен ар бир балага оюн талаасында да, жашоодо да жеңүүчү болушун каалайм!”.

Бул демилге Ош шаардык мэриясынын “Балага эшикти жана жүрөгүбүздү ачалы!” аттуу маалыматтык өнөктүгүнүн алкагында өтүп жатат. Өнөктүк майыптуулугу бар балдардын укуктары жөнүндө маалымат берүү максатын көздөйт.

“Бүгүнкү иш-чара менен бардык балдар тең укуктуу болгонун дагы бир жолу белгилегибиз келди. Майыптуулугу бар балдар да футбол ойной алышат. Ар бир балада ойноп, билим алып, коомдун турмушуна катышууга мүмкүнчүлүгү бар болгудай шарт түзүүгө баарыбыз милдеттүүбүз. Биздин шаар бардык балдар үчүн жүрөгүн ачкан калаа боло тургандай кылабыз”, - деп айтты Ош шаарынын мэри Айтмамат Тентибаевич Кадырбаев.

Фестиваль КР Футбол лигасы менен Футбол федерациясынын колдоосу алдында Момунов атындагы Футбол академиясында өтөт. Фестиваль маалында машыктыруучулар жана адистер балдар үчүн дене боюн жазуу боюнча көнүгүүлөрдү жана эстафеталарды өткөрүшөт. “Академия” командасынын белгилүү футболчулары, анын ичинде команданын капитаны Роман Мирзакандов жана чабуулчу Азиз Келдияров балдар менен баарлашып, мастер-класстарды өткөрүп, кол тамгаларын берип, сүрөткө түшүшөт. ЮНИСЕФтин кызматкерлери балдардын, анын ичинде майыптуулугу бар балдардын укуктары жөнүндө викторина өткөрүшөт.

Кыргызстанда 2 миллиондон ашуун бала жашайт, алардын 29 миңи – бул майыптуулугу бар балдар. Бул балдар адатта коомдук турмуштан обочодо калып, басмырлоого туш болуп келишет. Футбол – бул миллиондогон адамдар сүйгөн оюн. Футбол майыптуулугу бар балдар өз талантын жана жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, алардын коомго аралашуусунда маанилүү ролду ойнойт.

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващенко
Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Телефон: +996 777 919 142
Электрондук почта: vvashchenko@unicef.org

О ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.