Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы 23 оорукана балдарга чукул жардам берүү жана ымыркайларды багып чоңойтуу үчүн медициналык жабдуу алышат.

20 Апрель 2018
a health work shows newly procured equipment
UNICEF Kyrgyzstan

ОШ, Кыргызстан, 2018-жылдын 20-апрели. – Бүгүн “Эненин жана баланын ден соолугун коргоо системасын бекемдөө” аттуу жаңы долбоордун бет ачары өттү. Ош облустук мамадминистрациясында өткөн иш-чарага Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын саламаттык сактоо уюмдарынын жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонддорунун жетекчилери катышты.

Жаңы долбоор аталган үч облустагы өзгөчө аярлуу үй-бүлөлөрдүн, балдардын жана аялдардын медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Бул тууралуу иш-чаранын ачылышында ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо билдирди. 2021-жылдын март айынын соңуна чейин 500 дарыгер, медайымдар жана саламаттык сактоо тармагында иш алып барган 23 уюмдун жетекчилери ымыркайларды жана балдарды дарылоонун, аларга кам көрүүнүн заманбап усулдары боюнча практикалык билим алып, аларга жаңы санарип технологияларды өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле 10 ооруканада суу менен жабдуу, жылытуу жана санитардык системалар оңдолот. Мындан тышкары баланы багуу боюнча практикаларды жакшыртуу максатында жергиликтүү жамааттар деңгээлинде ата-энелерди окутуу пландалып жатат.

“Жапон Өкмөтүнүн колдоосу менен ЮНИСЕФ жана КР Саламаттык сактоо министрлиги балдарга көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапатын системалуу жана туруктуу түрдө күчтөндүрүү үчүн бардык аракеттерин бириктиришет. Ошондой эле оор абалдагы ымыркайларга жана балдарга чукул жардам берүү, аларды дарылоо жана багып чоңойтуу максатында өлкөнүн түштүгүндөгү 23 ооруканага балдардын өмүрүн сактап калуу боюнча медициналык жабдууларды сатып беришет”, - деп белгиледи Юкиэ Мокуо.

“Бул саламаттык сактоонун кызмат көрсөтүүлөрү баарына жетимдүү болууга жана коомдун өнүгүүсүнө багытталган так жолго түшүүгө салым кошот деп ишенем. Мындай коомдо бир да эне жана бир да бала жардамсыз калбайт”, - деп кошумчалады ал.

Ушул жылдын март айында Жапон Өкмөтү эне-баланын ден соолугун коргоо системасын бекемдөө боюнча долбоор үчүн КР Саламаттык сактоо министрлигине жана ЮНИСЕФке 3,5 миллион АКШ долларын бөлгөн. Бул долбоор алдыдагы үч жыл ичинде Кыргызстандагы беш жашка толо элек курактагы 924 миң балага жана 150 миңден ашуун кош бойлуу аялга багытталат.

Жаңы грант Саламаттык сактоо министрлигинин буга чейинки программасы ийгиликтүү жыйынтыктарды көрсөтө алгандан кийин бөлүндү. Ошол программа өлкө масштабында эрте неонаталдык өлүм санын азайткан: 2014-жылы аман төрөлгөн 1000 ымыркайга 14.3 өлүм туура келсе, 2016-жылы бул көрсөткүч 11.2ге чейин түшкөн. Перинаталдык өлүм саны да түшкөн: 2014-жылы аман төрөлгөн миң балага чарчап калган ымыркайлардын 23,7си туура келсе, 2016-жылы бул көрсөткүч 20,1ге азайган.

Толук маалымат алуу үчүн: Гульнара Женишбекова, ЮНИСЕФ Ош, +996 558 000 911 gzhenishbekova@unicef.org

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващенко

Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

О ЮНИСЕФ

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan сайтынан таба аласыз. Ошондой эле Facebook, Instagram жанаTwitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.