Майыптуулугу бар балдар: Ош шаардык мэриясы жана ЮНИСЕФ “Балага эшикти жана жүрөгүңүздү ачыңыз!” аттуу социалдык өнөктүк өткөрүүдө

Ош, 2018-жылдын 24-май күнү – Ош шаардык мэриясы БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргелешип “Балага эшикти жана жүрөгүңүздү ачыңыз!” аттуу социалдык өнөктүк өткөрүүдө. Бул маалыматтык-агартуучу өнөктүк майыптуулугу бар балдарды коомдук турмушка аралаштыруунун мааниси жөнүндө баяндайт.
Шаардагы отузга жакын аялдама, ситилайттар жана билборддор балдарга эшикти жана жүрөктү ачууга үндөгөн тематикалык баннерлер менен жасалгаланды. Майыптуулугу бар балдар, алардын ийгиликтери жана таланты жөнүндө видеобаяндар шаардык жана облустук телеканалдардан көрсөтүлөт. Мындан тышкары ар бир муниципалдык бала бакчада орус жана кыргыз тилдеринде даярдалган китепчелер ата-энелер арасында таратылып жатат. Бул китепчелер майыптуулугу бар балдарды канткенде обочодо калтырбай, алар менен баарлашып, ойносо боло турганын түшүнүктүү тилде суроо-жооп форматында айтып берет. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин психология жана социология кафедрасынын студенттери бала бакчаларда сабак өтүп, майыптуулугу бар балдарды түрткүлөбөй, алар менен кантип дос болуш керектигин айтып беришет.
“Ош ш. мэриясы өзгөчө муктаждыгы бар балдарды колдоого, өнүктүрүүгө жана коомго аралаштырууга өтө чоң көңүл бурат. Акыркы учурда эрте куракта аралашуу жана инклюзия жаатында мэрия өтө көп иштерди жасоодо. Биз ЮНИСЕФ менен өнөктөштүктө, алардын техникалык жана финансылык колдоосу менен балдарыбыздын жашоосун жетиштүү жана гармониялуу жасай алабыз деп ишенебиз”, - деп айтты Ош ш. вице-мэри Нурбек Суйунбаевич Кадыров.
Өнөктүк майыптуулугу бар балдарды коомго аралаштыруу зарылчылыгы жөнүндө маалымат берүү максатын көздөйт. Себеби Кыргызстанда майыптуулугу бар 29 минден ашуун бала болсо, алардын 956сы Ош шаарында жашайт. Алар балдардын эң аярлуу категорияларына кирет. Басмырлоодон жана обочодо калуудан корккон балдар коомдун толук укуктуу мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышууда, бул болсо алардын өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүн чектеп жатат.
“Биз балдардын кызыкчылыгы үчүн ЮНИСЕФ менен жемиштүү кызматташтык үчүн Ош шаарынын мэриясына ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул жаңы биргелешкен демилгенин жардамы менен шаардын көпчүлүк тургундары майыптуулугу бар балдарга жүрөгүн ачып, аларга көңүл буруп, кам көрүп, коомдун мүчөлөрү катары өнүгүүсүнө колдоо көрсөтөт деп ишенебиз", - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо. "Мындан тышкары балага жана ата-энелерге жардам берүү үчүн баланын өнүгүүсү кечеңдеп жатканын эрте мөөнөттө аныктоо практикасын кеңири жайылтуу өтө маанилүү", - деп кошумчалады ал.
ЖМК менен байланыш жолдору
О ЮНИСЕФ
ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.
ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.
Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.