Кыргыз мамлекеттик куурчак театры жана ЮНИСЕФ “Шайыр, күлкүлүү вакцина” аттуу жаңы спектаклди тартуулашат.

04 Ноябрь 2021
 Kyrgyz State Puppet Theater named after M. Zhangaziev, with the support of the UNICEF, stages a new play "Funny, Very Funny Vaccine"
UNICEF/Kyrgyzstan/2021/Bektur Zhanibekov

БИШКЕК, 2021-жылдын 4-ноябры — М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен “Шайыр, күлкүлүү вакцина” аттуу жаңы пьесаны койду. Спектаклдин бет ачары куурчак театрында 7-ноябрда саат 11:00дө Абдурахманов көчөсү, 230а дарегинде болот.

“Керемет көч” мультфильминин негизинде коюлган “Шайыр, күлкүлүү вакцина” спектакли Акылай жана анын достору тууралуу баяндайт. Алар айланабыздагы бардык терс каармандар: көзгө көрүнбөгөн бактериялар, инфекциялар, вирустар, кызамыктар жана башкалар менен күрөшөт. Спектакль эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу айтып берип, балдарда ийнеден корккон сезимди жок кылып, ден соолукту чыңдоо үчүн бул процедуранын маанилүүлүгүн түшүндүрүп берет.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында спектакль Куурчак театрында коюлуп, ошондой эле Чүй облусун кыдырып, Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй, Кемин райондорундагы 16 мектептеги жүздөгөн балдарга спектаклди тартууламакчы.

“Вакциналар жыл сайын миллиондогон балдардын өмүрүн сактап калууда. Эмдөөнүн эффективдүүлүгү жөнүндөгү маалыматты ар бир адам, анын ичинде балдар да алышы керек. Ошондуктан, биз ата-энелер жана балдар менен байланыш түзүүнүн ар кандай ыкмаларын колдойбуз. Атап айтканда, биз ата-энелерди ишенимдүү булактардан маалымат издөөгө жана өмүргө коркунуч туудурган ооруларга кабылганга чейин, балдардын жашоосунун алгачкы айларында эле аларды коргоого чакырабыз”,-деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Кристин Жольм.

Кыргызстанда бардык балдар өлүмгө алып келген 12 ооруга каршы Улуттук эмдөө календарына ылайык акысыз эмдөөдөн өтө алышат. Чектөөлөргө карабастан Кыргызстан эмдөөнүн жогорку деңгээлин сактап калууда. Бул долбоор ЮНИСЕФ менен Эмдөө жана иммунизация боюнча глобалдык альянстын (ЭИГА) колдоосу менен үч министрликтин – Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин жана Маданият, маалымат, туризм жана жаштар саясаты министрлигинин биргелешкен аракетинин натыйжасы болуп саналат.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.