Кыргызстан станет первой страной в мире, разрешившей проблему безгражданства

04 Июль 2019
Инсталляция "Невидимые дети"
UNICEF/Kyrgyzstan/2019/Bektur Janibekov
Инсталляция "Невидимые дети" на Ошском рынке, г.Бишкек

БИШКЕК, 2019-жылдын 4-июлу. – Бүгүн БУУнун Качкындар иштери боюнча агенттиги (БУУ КЖКБ) жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасы жарансыздык маселесин чечкен дүйнөдөгү биринчи өлкө болгонун белгилешти.

Жарансыздык менен күрөшүү боюнча #IBelong аттуу глобалдык өнөктүктүн алкагында БУУ КЖКБ 2014-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргелешип, жарандыгы жок жана жарандыгы анык эмес 13 700 адамды, анын ичинде 2 минден ашык баланы аныктап чыкты. Алардын басымдуу бөлүгүнө жардам көрсөтүлдү: туулгандыгын каттоо, же жарандыгын тастыктоо жолу менен жарансыздыкка байланышкан маселе чечилди. Жасалган иштердин жыйынтыгында ушул тапта алар толук укуктуу жаран болуп саналышат. Бүгүн өткөн азем учурунда мурда жарандыгы болбогон, жакында эле Кыргызстандын жараны болгон 50 адам, анын ичинде 15 бала тек жайын тастыктаган биринчи документтерди – паспортту жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алышты.

Жарансыздык – дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын көйгөйү. Дүйнөдө жарандыгы жок адам жашаган бир дагы аймак жок. Эгемендик алгандан бери Кыргыз Республикасы БУУ КЖКБ менен кызматташып, жарансыздыкты кыскартуу жана болтурбоо боюнча ырааттуу кадамдарды жасап келди. Кыргызстандын ушу чөйрөдөгү жетишкендиктерин эл аралык коомчулук да таанып, эми башка мамлекеттер үчүн үлгү болуп калды.

Кыргыз Республикасы ошондой эле ар бир баланын, анын ичинде жарандыгы жок балдардын туулгандыгын каттоодо көзгө илинээрлик прогресске жете алды. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасында беш жашка толо элек балдардын туулгандыгын каттоо деңгээли 2014-жылы 97,7% болсо, 2018-жылы 98,9 пайызга жетти. Ар бир баланын жарандык алууга укугу үчүн глобалдык коалициянын алкагында ЮНИСЕФ жана БУУ КЖКБ Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө бардык балдардын төрөлгөнүн каттоого алууга жана алардын арасында жарансыздыкты болтурбоого колдоо көрсөтүп келатат.

“Жарандык, ошондой эле төрөлгөндө баланы каттоого алуу саламаттыкка жана билим алууга укуктар өңдүү эле социалдык-экономикалык укуктарды ишке ашыруу менен тыгыз байланышта болгонун белгилей кетүү зарыл. Буга байланыштуу жарансыздык келечекте зарыл болгон документтерди алуу ишин, мындан улам адамдын негизги кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн татаалдаштыраарын эске алып, Кыргыз Республикасы каттоо системасын реформалоо жолунда баратат. Өкмөт өзгөчө жарансыздыкты болтурбоо үчүн болгон күч-аракеттерди жасап жатат”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Батырканов Тилек Карыбекович.

Жарандыгы жок адамдардын басымдуу бөлүгү Кыргыз Республикасында өмүр бою жашаса, айрымдар жарандыкты улуттук мыйзамдардагы кемчиликтерден улам, ошондой эле ички миграциянын жана аралаш никенин айынан алышкан эмес. 

“Жарансыздык адамдын жашоосун татаалдаштырган таасирге ээ. Себеби жарандыгы бар адам коомдук турмушка толук катышат жана жарандык адамдын негизги укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн маанилүү шарт болуп саналат. Жарансыздыкка көңүл буруш керек: бул көзгө көрүнбөгөн көрүнүш болгону менен, анын кесепеттери өтө реалдуу болот. Мисалы, жарандыгы жок адам билим алуу, дарылануу, жумушка орношуу өңдүү укуктарын колдоно албай калат”, - деп белгиледи БУУ КЖКБнын Борбор Азия боюнча регионалдык өкүлү/регионалдык координатору Ясуко Ода.

Ар бир баланын саламаттык сактоо, социалдык камсыздандыруу жана билим берүү өңдүү базалык кызмат көрсөтүүлөргө жете алышын камсыз кылуу үчүн баланын төрөлгөнүн каттоо негизги маселе болуп саналат.

“Бала төрөлгөндө аны каттоо мыйзам алдында баланын укуктарын таануу – ошол укуктарды коргоого, бул укуктардын бузулушун көңүл сыртында калтырбоого карай жасалган биринчи кадам. Баланын төрөлгөнүн тастыктаган күбөлүк ата-энесиз калган балдардын кийинки тагдырына көз салып турууга да көмөктөшөт. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк – оор турмуштук кырдаалда калган балдарга жардам берем деген мамлекет үчүн ачкыч болот”, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо.

“Жарандыкты каттоого таасир тийгизүү бир гана адамга тиешелүү маселе эмес. Бул ошондой эле жалпы мамлекет үчүн, натыйжалуу башкаруу жана отчеттуулук үчүн, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн жакшыртуу үчүн өтө чоң мааниге ээ. Европа Биримдигинин Кыргызстандагы делегациясы ЮНИСЕФтин балдардын укуктарын коргоо боюнча, анын ичинде жарандыгы жок балдардын маселелерин чечүү боюнча долбоорун колдойт”, - деп айтты Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы, элчи Эдуард Ауэр.

Жарансыздыкты болтурбай, өлкөдө төрөлгөн ар бир баланы ата-энесинин укуктук статусуна карабастан каттоого алуу үчүн жарандык тууралуу мыйзамдарды өркүндөтүү максатында Европа Биримдиги менен өнөктөштүктө ЮНИСЕФ жана БУУ КЖКБ мындан ары да Кыргыз Республикасы менен тыгыз кызматташа бермекчи.

###

Толук маалымат алуу үчүн:

Айпери Алымбекова, ЮНИСЕФ aalymbekova@unicef.org, 0777 91 91 43

Аяна Казыбаева, БУУ КЖКБ, kazybaev@unhcr.org, 0775 98 73 73

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova

Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

О ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.