Кыргызстан биринчи жолу окуучуларды электрондук жол менен баалоону киргизүүдө

Төрт күндүн ичинде башталгыч мектептин 1344 окуучусу китеп окуу жана түшүнүү көндүмдөрүн электрондук жол менен баалоого катышты. Бул иш-чараны Билим берүү жана илим министрлиги ЮСАИД менен ЮНИСЕФтин колдоосу алдында уюштурду.

30 Январь 2020
Electronic assessment for school children
UNICEF/Kyrgyzstan/2020/Dastan Umotbai uulu

БИШКЕК/КАДАМЖАЙ, 2020-жылдын 30-январы. – Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы мектептердин 4-классынын 1344 окуучусу билимин электрондук жол менен баалоого катышууда. Бул иш-чара баланын китеп окуу жана окуганын баамдап, түшүнүү көндүмдөрү канчалык калыптанганын аныктоо максатында өткөрүлүп жатат. Иш-чарага кыргыз, өзбек, орус жана тажик тилдеринде билим алган окуучулар катышууда.

Текшерилчү көндүмдөр тууралуу ишенимдүү жана так маалымат алуу үчүн пилоттук мектептерде электрондук баалоону Билим берүүнүн сапатын баалоо жана малыматтар технологиясынын улуттук борбору тарабынан жүргүзүлүүдө. Баалоонун жыйынтыктары мугалимдерге билим алууда өзгөчө муктаждыгы бар балдарды, тил үйрөнүүдө кыйналган окуучуларды таап чыгууга, майыптуулугу бар балдар эмнеден кыйналарын түшүнүүгө жардам берет.

Баалоо 48 мектепте жана 10 бала бакчада “Бирге окуган сонун” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен ишке ашып, долбоорго ЮСАИД жана ЮНИСЕФ колдоо көрсөттү.

Өлкө боюнча мектептерде окуунун жыйынтыктарына терең, ар тараптуу анализ жүргүзүү максатында электрондук баалоо билим берүүнү башкаруунун улуттук маалыматтык системасына киргизилет. Бул анализ Билим берүү жана илим министрлигине балдар окууда кандай кыйынчылыктарга туш болоору тууралуу маалымат алууга, мугалимдердин кесипкөй көндүмдөрүн жана даярдыгын талдап чыгууга, окуу процессин жакшыртуу боюнча чечим кабыл алууга жардам берет. Баалоо жүргүзүү үчүн аспаптар китеп окуу боюнча улуттук билим берүү стандарттарынын негизинде иштелип чыккан, алар PIRLS жана PISA өңдүү эл аралык деңгээлде колдонулган аспаптарга окшош.

“Сапаттуу билим берүү сабак өтүүдө жана окутууда кемчиликтерди таап чыгуу үчүн тийиштүү баа берүүнү талап кылат. Балдардын окуудагы ийгиликтерине баа берүү менен, биз билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн зарыл болгон жерлерде кемчиликтерди өз убагында таап чыга алабыз”, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Кристин Жольм.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova

Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

О ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.