Кыргызстандын аралыктан окутуу боюнча иш-аракеттеринин глобалдык деңгээлде таанылышы

Ошол эле учурда COVID-19 мезгилинде аралыктан окутуунун бирдей жеткиликтүү болбошу окутуудагы глобалдык кризисти кучөтүшү ыктымал

15 Июнь 2020
UNICEF logo
UNICEF

Бишкек, 2020-жылдын 15-июну – ЮНИСЕФ жакында эле тараткан «COVID-19 учурундагы билим берүү боюнча глобалдык маалымат бюллетенинде» Кыргызстан «аралыктан окутуунун жеткиликтүү болушунда» олуттуу прогресске жетишкен өлкөлөрдүн бири катары таанылган. «COVID-19 учурундагы билим берүү боюнча глобалдык маалымат бюллетенинде» Кыргызстанда «балдардын аралыктан окутууга онлайн платформалар, үч улуттук телеканал жана мобилдүү байланыш түйүндөрү үчүн эки тиркеме аркылуу акысыз жетүүгө мүмкүндүгү бар» деп белгиленген.

ЮНИСЕФ ошондой эле аралыктан окутуунун бардык сабактары сурдокотормо (жаңсоо тили) менен коштолушун камсыздап, билим алууда өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн контентти иштеп чыгып, жайылтуу ишинде Билим берүү жана илим министрлигине колдоо көрсөттү. Ошондой эле бир да бала окутуу процессинен четте калбашы үчүн бардык сабактарда өзбек жана тажик тилдериндеги субтитрлер да берилген.

Глобалдык маалымат бюллетенинде кабарлангандай, дүйнөдөгү 1,2 миллиардга жакын  окуучулар мектептердин жабылып калышынан жабыр тартышты жана COVID-19 пандемиясы учурунда аралыктан окутуу шартынан улам жаралган кыйынчылыктарга дагы деле дуушар болууда. ЮНИСЕФ аралыктан окутуунун шаймандары менен технологияларына жетүүдөгү кездешкен жана окутуудагы кризисти күчөтүп жибериши ыктымал болгон теңсиздик жөнүндө эскертүүдө.

«Мектептер жабылган учурда окууну улантуу үчүн зарыл болгон технологиялар менен материалдардын жеткиликтүүлүгү өтө эле теңсиз. Анын сыңарындай, үйдө окууга мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусуна мүмкүнчүлүк жок. Ар кандай окуу куралдары менен камсыз кылуу жана ар бир мектепке жана ар бир балага Интернетке жетүүнү тездетүү өтө маанилүү », - деди Роберт Дженкинс, ЮНИСЕФтин билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

“Кыргызстанда мектеп окуучуларына ар кандай каналдар аркылуу, мисалы телевизор, Интернет жана мобилдик телефондор аркылуу аралыктан билим алуу мүмкүнчүлүктөрү сунушталды. Бул көпчүлүк балдар үчүн абдан жагымдуу фактор болду. Бирок биз эң аялуу балдар аралыктан билим алууда кыйынчылыктарга учурап жаткандыгын билебиз, ошондуктан ар кандай кырдаалда жашаган ар кандай балдардын мектептер жабылып калганда аралыктан билим алууга жана окууга кандайча мүмкүнчүлүк алаарын баалоо өтө маанилүү. ЮНИСЕФ министрликке дистанттык билим берүүнү андан ары өркүндөтүү жана сапаттуу билим алуудагы теңсиздикти болтурбоо максатында мындай баа берүүнү өткөрүүдө көмөк көрсөтөт "деди ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм.

Андан тышкары, Билим берүү жана илим министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен 10-июндан тартып мектепке чейинки мекемелердин бардык кызматкерлери үчүн онлайн-тренингдерди өткөрө баштады, бул бала бакчалардын карантинден кийинки коопсуз шартта ачылышын камсыздоого көмөктөшөт.

Тренингдердин катышуучуларын жалпы өлкө боюнча бала бакчаларды ачуу үчүн сергек жана коопсуз шарттарды кандайча камсыздоого боло тургандыгына үйрөтүшмөкчү. Бала бакчаларды коопсуз ачуу боюнча колдонмо Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин адистеринен, ошондой эле кичи курактагы балдарды өнүктүрүү маселелери боюнча эксперттерден жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдөн турган эксперттик комиссия тарабынан иштелип чыккан.

 


 

ЖМК менен байланыш жолдору

Айпери Алымбекова
Коммуникация бөлүмүнүн адиси
ЮНИСЕФ Кыргыстан
Телефон: +996 777 91 91 43
Электрондук почта: aalymbekova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.