Кыргызстанда 1700 баланын катышуусу менен жарыш өттү

21 Май 2023
A girl with her grandfather participated in children's race in Bishkek, Kyrgyzstan
UNICEF/Kyrgyzstan/2023/ Bektur Zhanibekov
A girl with her grandfather participated in children's race in Bishkek, Kyrgyzstan

Бишкек, 2023-жылдын 21-майы, – 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүн утурлай Бишкек шаарында “Shoro Tay Kūlūk Kids Run” аттуу балдардын жарышы өттү. Ага рекорддук сандагы адам – 2 жаштан 16 жашка чыга элек 1700 бала катышты. Балдардын жарышы 21-майда Эски аянтта өттү.

Жарыш балдарды спортко, сергек жашоо образын жүргүзүүгө үндөп, ошондой эле инклюзивдүүлүктү колдоп, майыптыгы бар балдарды коомго тартуу максатында уюштурулду. Балдар жарышына ар кандай майыптыгы бар 80ге жакын бала катышты.

Жарыш учурунда катышуучулар жаш категориялары жана чуркай турган аралыктары боюнча бөлүндү, тактап айтканда: 2-5 жаштагы балдар 300 метр; 6-8 жаштагы балдар 500 метр; 9-12 жаштагы балдар 1 километр; жана 13-16 жаштагы балдар 3 километр аралыкка чуркашты. Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн иш-чара өтчү жерде Тез жардам унаасы нөөмөттө турду.

“Биз инклюзивдүү дүйнөнү курууга умтулабыз, ошондуктан бардык балдардын теңдиги үчүн чогуу чуркоого үндөдүк. Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулуп жаткан бул жарышта ар бир бала өзүнүн маанилүүлүгүн баамдап, чыныгы чемпиондор эмнелерди сезээрин биле алышты деп ишенебиз!”, - деп билдирди жарыштын уюштуруучуларынын бири - “Тонус” коомдук фонду.

“Спорт – бул бардык балдарды жеке жана социалдык өнүгүүсү үчүн физикалык активдүүлүккө тартып, алардын дараметин ачууга жардам берген натыйжалуу ыкма. Мындан тышкары, оюндарга жана көңүл ачуучу иш-чараларга катышуу баланын универсалдуу укугу болуп саналат. Бирок, бардык балдардын инклюзивдүү катышуусуна социалдык тоскоолдуктар болушу мүмкүн. Ошондуктан ЮНИСЕФ коомдук жана жеке өнөктөштөрдү ар бир адам өз ордун таба ала турган инклюзивдүү коомду түзптөөгө чакырат”, — деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.

Жарыш күнү – 21-майда Эски аянтта иш-чаранын катышуучулары жана коноктору үчүн бардык шарттар түзүлгөн чоң старттык шаарча уюштурулду. Ошондой эле эртең менен бийчилердин жана белгилүү ата мекендик аткаруучулардын катышуусу менен шоу-программа өттү. Бул күнү супербаатыр формасындагы аниматорлор балдардын көңүлүн көтөрүп, иш-чаранын соңунда бардык балдарга жана аларды коштоп жүргөндөргө өнөктөштөр таттууларды жана суусундуктарды таратып беришти. Жарыштын ар бир катышуучусуна медаль берилди.

Өткөн жылы бул жарыш Ынтымак-1 паркында өтүп, ага ар кандай курактагы жана физикалык даярдыктагы 1000 бала катышкан.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.