Кыргызстанда СПИД менен ооруган балдар жана өспүрүмдөр

Региондогу беш өлкөдөн 150дөн ашуун дарыгер, балдар психологдору, социалдык кызматкерлер ВИЧ-инфекциясы бар балдарга жана өспүрүмдөргө жардам жана колдоо көрсөтүү маселесинде өз потенциалын жогорулатышты.

10 Июль 2018
врачи и психологи из 5 стран обсуждают проблемы работы с детьми с ВИЧ инфекцией
Unicef Kyrgyzstan

Ысык-Көл облусу, 2018-жылдын 6-июлу – Бүгүн СПИД борборлорунун педиатрлары, социалдык кызматкерлери, психологдору үчүн эл аралык илимий-практикалык семинар өз ишин жыйынтыктады. Бул семинар ВИЧ-инфекциясы бар балдарды дарылоо, аларга кам көрүү жана колдоо маселелерине арналды. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Республикалык “СПИД” борборунун, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жана БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириктирилген Программасынын (ЮНЭЙДС) колдоосу алдында өттү.

Семинарга Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Беларустан, Орусия Федерациясынан дарыгерлер, психологдор жана социалдык кызматкерлер катышты. Алар ВИЧ менен жашаган балдарды колдоо боюнча Ассоциацияда (CHIVA) жана СПИДди дарылоо боюнча Европалык педиатрлар түйүнүндө (PENTA) иштеген кесиптештери менен региондогу ВИЧ-илдети менен жашаган балдардын оор, клиникалык кырдаалдарын биргелешип талкуулашты. Семинардын катышуучулары стигма менен басмырлоо көрүнүштөрүн болтурбоо маселесин талкуулашып, өздөрүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүштү.

Семинардын ачылышында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Чечейбаев Эркин Маратович буларды белгиледи: “Мындай форматтагы эл аралык иш-чараны Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен алгачкылардан болуп  өткөрүп жаткан Кыргызстан үчүн боордош мамлекеттерден кадырлуу конокторду тосуп алуу чоң сыймык. ВИЧ-илдетине каршы туруу ишинде ачык болгонубузду жана саясий зиректигибизди көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бизге региондогу эпидемияны биргелешип жеңе алабыз деген үмүт берүүдө”.

Статистика көрсөткөндөй, 2016-жылы Европа регионунда ВИЧти жуктуруп алган 153 миңден ашуун жаңы учур катталган. 18% Батыш Европага, 3% Борбордук Европадагы өлкөлөргө жана 79% Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнө туура келет.

Семинар менен кошо ВИЧ-инфекциясы менен жашаган балдар жана өспүрүмдөр үчүн алгачкы Борбор азиялык лагерь-форуму да өттү. Форумга Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Беларустан 50дөн ашуун өспүрүм катышты. Алар өз статусун  кабыл алуу жана дарыланууга багыт алуу боюнча беш күн бою ата-энелер, психологдор, социалдык кызматкерлер менен чогуу иш алып барышты.

“Бул Форумга катышып калганым үчүн кубанычтамын. Ушул жерден гана дары-дармек ичишим керектигин түшүндүм. Эгерде дарыларды өз маалында жана туура ичип турса, ВИЧ коркунучтуу эместигин баамдадым. Бул жерден ушундай эле оору менен алышып жаткан башка балдарды да көрдүм. Айрым балдар 18ге толуп калган экен. Эч кимдин башына мындай оору келбесе экен деп тилейм”, - деп айтты Оштон келген 13 жаштагы өспүрүм (купуя маалымат болгондуктан баланын ысымы айтылбайт).

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясы менен жашаган 600дөн ашуун өспүрүм каттоодо турат. Аларга каршы стигма жана басмырлоо жогорку деңгээлде кала берүүдө. Ошондуктан ата-энелер жана дарыгерлер, психологдор жана социалдык кызматкерлер бул өспүрүмдөргө канткенде натыйжалуу жардам берсе болоорун билгени өтө маанилүү.

“Эки жыл бою багып келген идеябыз акыры иш жүзүндө көрүнө баштады. Биз, СПИД борборунун кызматкерлери, эл аралык форматтагы ушул өңдүү иш-чаралар балдарды жана өспүрүмдөрдү дарылоо процессин мындан дагы жакшы контролдоого, балдарга да, ата-энелерге да дарыланууга багыт алуу канчалык маанилүү болгонун жеткире алууга жардам берет”, - деп белгиледи ООЦПБС башкы дарыгери Нарматова Эльмира Балтабаевна.

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващенко

Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

О ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.