Кыргызстанда “Жаштардын тоо форуму – 2018” иш-чарасы өтөт

Тоолуу 13 өлкөдөн чогулган жаштар “Иш-аракетке чакырык” деп аталган документти даярдашууда. Бул документте климаттын өзгөрүүсүнө карата балдардын көз карашы жана тийгизген таасири чагылдырылган.

22 Октябрь 2018
Youth
UNICEF/2018/Kyrgyzstan/AJorobaev
Форумга Борбор Азияны, ошондой эле Латын Америкасын, Африканы, Азия-Тынч океан регионун жана Европаны кошкондо, түрдүү тоолуу региондордон жаштардын 19 өкүлү катышууда.

БИШКЕК, 2018-жылдын 22-октябры. – БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана Борбор Азия Университети (БАУ) Улуттук көркөм искусство музейинде Жаштардын тоо форумун (YMF 2018) өткөрөт. Ушул жылдын 23-26-октябрь күндөрү өтө турган Жаштар форуму Бүткүл дүйнөлүк тоо форумунун (WMF) маанилүү бөлүгү катары уюштурулган.

Форумга Борбор Азияны, ошондой эле Латын Америкасын, Африканы, Азия-Тынч океан регионун жана Европаны кошкондо, түрдүү тоолуу региондордон жаштардын 19 өкүлү катышууда. Алар тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча талкууларга олуттуу салым кошуу максатын көздөп жатышат. Форумдун соңунда катышуучулар “Иш-аракеттерге чакырык” деп аталган документ менен тааныштырышат. Бул документ жаштардын климатка карата мамилесин, аларды программаларды иштеп чыгууга тартуунун маанисин, балдардын кызыкчылыктарын эсепке алуу менен, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жумшартуу жана бул кесепеттерге ыңгайлашуу зарылдыгын баяндайт. 

“Саясий жана финансылык чөйрөлөрдө көңүл сыртында калган реалдуулук мындай – климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин баарынан да балдар көбүрөөк сезишет. Себеби, алар – алсыз балдар. Өкмөттүн, академиктердин, бейөкмөт өнөктөштөрдүн жана жаштардын биргелешкен аракеттеринин жардамы менен биз тоолуу райондордун туруктуу өнүгүүсүнө олуттуу салым кошо алабыз”, - деп айтты ЮНИСЕФтин программалар боюнча директору Тед Чайбан (ЮНИСЕФтин штаб-квартирасы, Нью-Йорк).

Эгерде климатка байланышкан инвестициялар балдардын конкреттүү муктаждыктарына байланыштуу болсо, анда бул инвестициялар балдардын өнүгүүсүндө өтө чоң артыкчылыктарга алып келиши ыктымал. ЮНИСЕФ жана анын өнөктөштөрү конкреттүү кадамдарды жасап, сунуштамаларды даярдоо үчүн ар кайсы өлкөлөрдө жашаган жаштар менен кызматташып келатат. Бүгүнкү күндө жана келечекте балдарды коргоо үчүн мына ушул кадамдарды өкмөттөр, саясатчылар, эл аралык уюмдар жана жаш активисттер жасай алышат.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova

Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.