Кыргызстанда “Балдар тууралуу искусство” деп аталган алгачкы көргөзмө ачылды

13 Ноябрь 2019
The first Children in Art exhibition opened in Kyrgyzstan
UNICEF/Kyrgyzstan/2019/Bektur Janibekov

Бишкек, Кыргызстан, 2019-жылдын 13-ноябры. – Бүгүн ЮНИСЕФ жана Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи балдардын укуктарына арналган атайын көргөзмөнү ачышты. Бул көргөзмө Балдар укуктары тууралуу Конвенциянын (БУК) 30 жылдыгына жана Кыргызстандын бул документке кошулганынын 25 жылдыгына карата ачылды.

Көргөзмөгө музейдин коллекциясындагы белгилүү сүрөтчүлөрдүн 90дон ашык эмгеги коюлду. Көргөзмө үчүн балдардын образы берилген жана балдардын Конвенцияда белгиленген укуктарына байланышы бар картиналар тандалып алынды. Искусство чыгармаларына 1930-жылдан баштап, азыркы учурга чейин тартылган картиналар, скульптуралар жана графикалар кирет.

Көргөзмөгө Парламенттин архивинен алынган документтер да коюлду. Көргөзмөгө келгендер Кыргызстан Конвенцияны ратификациялаган 1994-жылдын 12-январындагы тарыхый текстти да көрө алышат.

“Балдарга арналган бул көргөзмөнүн жардамы менен бизде ондогон искусство чыгармаларын көрүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул сүрөттөрдүн авторлору балдарды көңүл чордонуна коюшкан экен. 25 жыл мурда Балдар укуктары тууралуу Конвенциянын ратификацияланышы менен Кыргызстан балдар укуктарын улуттук күн тартибинин чордонуна чыгарган”, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлү Кристин Жольм.

Көркөм сүрөт искусство музейинин директору Мира Жангарачева Балдар укуктары тууралуу Конвенцияда балдардын өз пикирин эркин билдирүүгө жана искусство түрүндө маалыматты алууга болгон укуктары корголгонун, баланын маданий турмушка эркин катышууга жана искусство менен алектенүүгө укуктары таанылганын белгиледи (13-берене, 31-берене). “Көргөзмөгө келген ар бир адам балдар, алардын жашоосу, ички сезимдери жөнүндө ой жүгүртүп, ал адамда Кыргызстанда ушул документти ишке ашырууда жигердүү жол көрсөтүүчү болуу ниети жаралат”.

Бул көргөзмө Кыргызстанда Балдар укуктары тууралуу Конвенциянын 30 жылдыгын, 2019-жылдын 20-ноябрында Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүн белгилөөнүн алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана КР Жогорку Кеңеши демилгелеген иш-чаралардын бири. Көргөзмө 2019-жылдын 1-декабрына чейин күн сайын ачык болот.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Телефон: +996 777 919 142
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

О ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.