Кыргызстанда алты айдан 23 айга чейинки курактагы беш баланын ичинен экөө минималдуу ар түрдүү тамактануу рационуна жетпей келет

ЮНИСЕФ ушул жылы тамактануу маселесине арналган “Дүйнөдөгү балдардын абалы” темасына жылдык баяндамасын саналуу мүнөттөр мурда жарыялады. Бүгүнкү күндө дүйнөдө беш жашка толо элек курактагы ар бир үчүнчү бала тоё тамак ичпейт; эки жашка толо элек ар бир э

16 Октябрь 2019
Nutrition status of children in Kyrgyzstan
UNICEF/Kyrgyzstan/2019/Bektur Zhanibekov

БИШКЕК, Кыргызстан, 2019-жылдын 16-октябры - Балдар, азык-түлүк жана тамактануу тууралуу жаңы баяндамада ЮНИСЕФ дүйнө жүзүндө өтө көп сандагы балдар начар тамактануунун жана зыяндуу тамактануу системасынан азап чегүүдө. Соңку жылдары Кыргыстандын аймагында бул жаатта кырдаал оңолгонуна карабастан, көңүл бурууну талап кылган олуттуу көйгөйлөр кала берүүдө.

Бүгүн ЮНИСЕФтин “2019-жылы дүйнөдөгү балдардын абалы: балдар, тамак жана тамактануу” деп аталган баяндама жарык көрдү. Баяндамадагы маалыматтарга ылайык, беш жашка толо элек курактагы бери дегенде ар бир үчүнчү наристе – 200 миллионго жакын бала – тоё тамак жебейт же ашыкча салмактын азабын чегет. Алты айдан эки жашка чейинки курактагы үч баланын экөө тез өсүп жаткан организмди (денени жана мээни) колдоо үчүн зарыл болгон тамакты ичишпейт. Начар тамактануу адамдын мээсинин өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет, бала окууда ийгиликтерге жете албай, иммунитети начар болуп, жугуштуу ооруларга туруштук бере албай калат, атүгүл начар тамактануу өлүмгө да алып келиши ыктымал.

“Соңку он жылдардан бери болгон бардык технологиялык, маданий жана социалдык жетишкендиктерге карабастан биз негизги фактыны көз жаздымда калтырып койгон экенбиз: эгерде бала начар тамактанса, анда ал начар жашайт”, - деп айтты ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Генриетта Фор.

Жакында эле үй кожолуктары арасында жүргүзүлгөн MICS 2018 аттуу жалпы улуттук сурамжылоого ылайык, Кыргызстанда бул багытта оң жылыштар байкалууда. Бирок дагы жасачу иштер аз эмес. 6 айдан 23 айга чейинки курактагы наристелердин 60 пайызы көп түрдүүлүгү менен айырмаланбаган тамакты ичишет.

Ошондой эле беш жашка толо элек курактагы балдардын бою көп жакшы өспөй жатканы да тынчсызданууну жараткан маселе: бул көйгөйгө туш болгон балдардын саны – 12 пайызды түзөт, 18 айдан 23 айга чейинки курактагы балдары арасында бул көрсөткүч жогору – 17,2 пайызды түзөт.

“Акыркы жылдары Кыргызстан балдардын тамактануусу маселесинде көптү убада кылган жыйынтыктарды көрсөтө алды. Бирок ар бир баланы төрөлгөн күнүнөн баштап туура тамактануусун камсыз кылуу үчүн, бойдун өспөй калышын жана балдардын толук кандуу өнүгүүсүнө таасирин тийгизген башка көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн алдыда дагы узак жолду басып өтүш керек”, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Кристин Жольм.

Жаңы отчетто 21-кылымдагы балдардын түрдүү формаларда тоё тамактанбаганы тууралуу толук маалыматтар камтылган. Отчетте тоё тамактанбоонун үч жыйынтыгы сүрөттөлөт: чала тоюу, зарыл тамак болуучу заттар жетишпегендиктен улам пайда болгон жашыруун ачкалык жана беш жашка толо элек балдар арасында ашыкча салмак.

 

•       149 миллион баланын бою өспөй калууда же өз курагы үчүн кыска;

•       50 миллион бала көтөрүм же бою менен салыштырганда өтө арык;

•       340 миллион бала – же ар бир экинчи бала зарыл витаминдердин жана А витамини, темир өңдүү азык болчу заттардын жетишсиздигинен жапа чегүүдө;

•       40 миллион бала ашыкча салмакка ээ.

Баяндамада дүйнөдөгү кырдаал боюнча эскертүү берилген: бала жарык дүйнөгө келген учурдан баштап тамактануу практикасы начар болууда. Эмгизүү баланын өмүрүн сактап калганы менен, 6 айга толо элек ымыркайлардын 42 пайызы гана эмчек эмет. Сүт аралашмасы менен тамактанган балдардын саны барган сайын көбөйүүдө. Кыргызстанда төрөлгөндөн кийин бир сааттын ичинде эмчек эмген балдардын саны бир кыйла көп (81%) болгонуна карабастан, балдардын 46% гана алты айга толгонго чейин эмчек эмишет.  20 айдан 23 айга чейинки курактагы 22 пайыз бала гана эмчектен чыгарылбайт.

Өлкөдөгү балдардын тамактануусундагы көйгөйлөрдү чечүү максатында ЮНИСЕФ Кыргызстандын Өкмөтү менен ишти уланта берет. Бул үчүн төмөнкүлөргө өзгөчө көңүл бурулмакчы:

- “Балага ыңгайлуу оорукана” демилгеси боюнча эне-баланын тамактануу маселеси боюнча консультация берүү, баланы эмгизүүгө шыктандырган жана колдоо көрсөткөн усулдарды киргизүү боюнча глобалдык күч-аракеттер улантылат;

- тамактанууну башкаруу боюнча натыйжалуу жана туруктуу системанын бар болгону жана иштеп кетиши, баланын тамактануусуна байланышкан көйгөйлөрдү дагы да натыйжалуу чечүү үчүн институционалдык механизмдерге жана саясий динамикага колдоо көрсөтүлөт;

- тамактануу тууралуу маалыматты башкаруунун натыйжалуу системасы иштелип чыгат.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova

Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

О ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.