Жаңы отчет: Дүйнөдө 300 миллион бала үйүндө жазалоого кабылат

Дүйнөдө экиден төрт жашка чейинки курактагы 300 миллион бала үйүндө тарбиялоонун катаал усулдарынан жапа чегип келишет – ЮНИСЕФтин жаңы отчету

01 Ноябрь 2017
руки девочки
ЮНИСЕФ

БИШКЕК/НЬЮ-ЙОРК, 2017-жылдын 1-ноябры. Бүгүн БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) “Тааныш жүз: балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашоосундагы зомбулук” аттуу жаңы глобалдык отчету чыкты. Ага ылайык, дүйнөдө экиден төрт жашка чейинки курактагы бардык балдардын төрттөн үчү – 300 миллионго жакын бала – үйүндө аларга кам көргөн адамдар тарабынан психологиялык агрессияга жана/же дене бойлук жазалоого кабылат. Дүйнөдө ар бир 7 мүнөт сайын бир өспүрүм зомбулуктан көз жумат.

“Дүйнө жүзүндө балдардын ден соолугуна келтирилген зыян тынчсызданууну жаратууда. Балдарды жаакка чабышат; кыздарды жана эркек балдарды сексуалдык иш-аракеттерге мажбурлашат; өспүрүмдөрдү өз жамаатында эле өлтүрүшөт – балдарга карата зомбулук эч кимди аябайт жана анын чек арасы жок”, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин балдарды коргоо боюнча глобалдык программасынын башчысы Корнелиус Уильямс.

“Балдарга зомбулук ар бир коомдо чоң көйгөй болуп эсептелет жана үй-бүлөдө, мектепте, балдар мекемелеринде орун алат. Зомбулуктун түрлөрү – катаал мамиле, сабоо, балдарды сатуу, экономикалык жана сексуалдык эксплуатация, эрте нике”, - деп айтты БУУнун Балдар фондунун (ЮНЕСКО) Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Мунир Мамедзаде. “Аялдардын жана балдардын абалына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча, Кыргызстанда балдардын 57% үйүндө тарбиялоо максатында дене бойлук жазалоого кабылышат. Үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыктары жана балдарга ташбоор мамиленин күбөлөрү тынымсыз байланыш линиясына – 111 номуруна чалса болот. Бул номер КР Эмгек жана өнүгүү министрлигине караштуу иштейт”, - деп айтты ал.

Тааныш жүз: балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашоосундагы зомбулук” аттуу отчетто эң соңку маалыматтар колдонулган. Бул маалыматтар балалыктын бардык этаптарында жана бардык жагдайларда балдар зомбулукка кабыларын тастыктап турат:

Кичинекей балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук:

  • Дүйнөдө экиден төрт жашка чейинки курактагы бардык балдардын төрттөн үчү – 300 миллионго жакын бала – үйүндө аларга кам көргөн адамдар тарабынан психологиялык агрессияга жана/же дене бойлук жазалоого кабылат.
  • Маалыматтары жеткиликтүү болгон 30 өлкөдө бир жаштагы 10 баланын ичинен алтоо тарбиялоонун ташбоор усулдарына туруктуу кабылып келет. Бир жаштагы балдардын дээрлик жарымын дене бойлук жазалоо катары силкилдетишкен, он баланын ичинен бирөөнү бетке, башына же кулак тарапка урушкан.
  • Дүйнө жүзү боюнча беш жашка чейинки курактагы төрт баланын ичинен бирөө – 177 миллиону – жакын өнөктөшү тарабынан зомбулуктун курмандыгы болгон апасы менен жашашат.

Кыздарга жана эркек балдарга карата сексуалдык зомбулук:

  • Дүйнө жүзү боюнча 15тен 19 жашка чейинки курактагы 15 миллионго жакын кыз жыныстык катнашка мажбурлоодон азап тартып келишет.
  • Жыныстык катнашка мажбурланган өспүрүм кыздардын 1% гана кесипкөй жардам сурап кайрылышкан.
  • 28 өлкөдөн түшкөн маалыматтарга караганда, орточо эсеп менен жыныстык катнашка мажбурланган өспүрүм кыздардын 90% биринчи жолу зордуктаган кылмышкерди таанышарын айтышкан. Алты өлкөдөн түшкөн маалыматтарга караганда, эркек өспүрүмдөргө карата сексуалдык зомбулук жасаган кылмышкерлер адатта достору жана классташтары болот.

Өспүрүмдөр арасында зомбулук өлтүрүү:

  • Дүйнөдө ар бир 7 мүнөт сайын бир өспүрүм зомбулуктан көз жумат.
  • 2015-жылы эле зомбулуктан дүйнөдө 82,000 өспүрүм көз жумган.
    Мектептердеги зомбулук:
  • Мектеп курагындагы балдардын жарымы – 732 миллиону – мектепте кол көтөрүү толук көлөмдө тыюу салынбаган өлкөлөрдө жашашат.

ЮНИСЕФ балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу үчүн бардык жааттарда программаларды ишке ашырып келет. Алар: зомбулуктан жапа чеккен балдар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууда өкмөттөргө колдоо көрсөтүү, балдарды коргой турган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу, балдарды тарбиялоо боюнча курстар өңдүү практикалык программалар аркылуу зомбулукту болтурбоо үчүн жамааттарга, ата-энелерге жана балдарга жардам берүү.

 Зомбулуктун тамырын кесүү үчүн ЮНИСЕФ өкмөттөрдү чукул чараларды көрүүгө чакырат. Анын ичинде:

  • Балдарга зомбулуктун деңгээлин азайтуу боюнча улуттук пландарды даярдоо – бул пландар билим берүү, социалдык камсыздоо, сот адилеттиги жана саламаттык сактоо системаларын, ошондой эле жамааттарды жана балдардын өзүн бириктирет.   
  • Улуулардын жүрүм-турумун өзгөртүү жана балдарга карата зомбулукту пайда кылган факторлорду жок кылуу. Ал факторлор: экономикалык жана социалдык теңсиздик, зомбулукту актаган социалдык жана маданий нормалар, талаптарга жооп бербеген мыйзамдар, зомбулуктун курмандыктарына кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын начардыгы жана зомбулукту алдын алуу үчүн натыйжалуу системаларга инвестициялардын чектелүү болгону.
  • Зордук-зомбулукту азайтууга, теңсиздикке багытталган жана ок атуучу, башка куралга жеткиликтүүлүктү чектеген улуттук саясатты ишке ашыруу.
  • Социалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын түзүү жана зомбулуктан жапа чеккен балдар үчүн консультация жана башка кызматтарды көрсөтүү үчүн социалдык кызматкерлерди окутуу.
  • Зомбулукту бардык формасында ажыратып билүү жана зомбулук тууралуу коопсуз билдирүү үчүн мүмкүнчүлүк берүү максатында балдарды, ата-энелерди, мугалимдерди жана жамаат мүчөлөрүн окутуу.

Балдарга карата зордук-зомбулук боюнча дагы да так маалыматтарды топтоо.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova

Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

ЮНИСЕФ ТУУРАЛУУ

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз. Ошондой эле FacebookInstagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.