Бишкектин жаңы конуштарында жашаган балдарды колдогон программа иштей баштады

“Бишкек ш. жаңы конуштарындагы өспүрүм кыздар жана балдар арасында укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү” программасы башталды.

22 Июнь 2018
girls
UNICEF

БИШКЕК, 2018-жылдын 21-июну – “Бишкек ш. жаңы конуштарындагы өспүрүм кыздар жана балдар арасында укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү” программасы башталды. Борбор калаадагы беш конушта (Ак-Бата, Калыс-Ордо, Эне-Сай, Жеңиш, Ак-Ордо) жашаган балдар жаңы долбоордун бир бөлүгү болушат. Бул балдар инсан катары өсүп, аларда лидердик сапаттарды жана социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн формалдуу эмес билим алышат. Кыз-балдар болочок кесибин аныктоодо, мектептин жана шаардын деңгээлинде позицияларын жана пикирлерин жеткирүүдө жардам алышат. Ошондой эле долбоордун алкагында өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрү жөнүндө коомчулук ичинде талкуулар өткөрүлөт.

Бишкектин айланасында 49 жаңы конуш бар жана ал жакта 250 миңдин тегерегинде ички мигрант жашайт. Ар бир жетинчи тургундун үйүндө гана суу түтүгү бар. Инфраструктуранын жоктугунан, транспорттун, мектептердин жана бала бакчалардын жетишсиздигинен улам жаңы конуштун жашоочулары көптөгөн көйгөйлөргө туш болууда. Бүгүнкү күндө шаарда каттоосу болбогондуктан 170 000 адам социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү колдоно алышпайт.

Ички мигранттардын балдары Кыргызстандагы балдардын эң аярлуу топторуна кирет. Бир топ факторлордон улам (анын ичинде жакырчылык) бул балдар зордук-зомбулуктун, эксплуатациялоонун жана катаал мамиленин курмандыгы болот деген коркунуч чоң.

Мигранттардын балдары арасында өзгөчө аярлуу катмарга секелектер жана жаш кыздар кирет. Изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстанда 15тен 49 жашка чейинки курактагы аялдардын 23 пайызы бери дегенде бир жолу 15 жашында зордуктоонун курмандыгы болгон. Жаңы конуштарда турмуш шарты оор үй-бүлөдө өскөн секелектерде жана кыздарда адатта документ болбойт, алар мектепти таштап, турмушка эрте чыгышат. Бул кыздарда өзүнө ишеним, социалдык көндүмдөрү болбогондуктан өз дараметин көрсөтө албай келишет. Ошондой эле үй-бүлөдө жана жамааттарда калыптанып калган гендердик көз караштар да билим алууга, жашоодо өз жолун табууга бут тосуп жатат.

Долбоор 2019-жылдын июль айына чейин уланат. Программаны “Турак жай массивдеринде тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө үчүн социалдык жана гендердик теңдикти илгерилетүү” долбоорунун алкагында “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте ишке ашырууда. Долбоорго БУУнун Тынчтык куруу фонду, БУУнун Калкты жайгаштыруу жаатындагы фонду (ЮНФПА), БУУнун Маңзат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы колдоо көрсөтүүдө.

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващенко
Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Телефон: +996 777 919 142

О ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.