Жаштар үчүн тынчтык куруу боюнча жаңы программа тартууланды

Улуу Британия Өкмөтү жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФ жаштар үчүн тынчтык куруу боюнча жаңы программа менен тааныштырышты

18 Июль 2017
Формирование социальной сплоченности и предотвращение насилия
ЮНИСЕФ

БИШКЕК, 2017-жылдын 18-июлу. – Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги (DFID) жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) социалдык ынтымакты түзүү жана зомбулукту болтурбоо боюнча жаштар үчүн жаңы программа сунушташты.

Суммасы 2,8 млн фунт стерлингди (2,5 млн АКШ доллары) түзгөн төрт жылдык программа Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы чек аранын жанындагы райондордо, ошондой эле Ысык-Ата жана Караколдо ишке ашырылат. Программа жамааттардагы социалдык ынтымакка, балдар укуктары тууралуу маалымдоого көмөктөшөт, ошондой эле теңсиздикти, чыңалууну азайтып, болочокто жаңжалдарды алдын алат.

Жаңы программа менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Робин Орд-Смит жана ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Афшан Хан айым тааныштырышты.

«Өспүрүмдөр жана жаштар тынчтыкка жана өсүп-өнүгүүгө жетүү үчүн өтө маанилүү ролду аткарышат. Бул жаңы программа мурдагыдан да коопсуз жамааттарды түптөп, өз ара түшүнүшүүнү жакшыртып, жаштардын укуктарын коргойт, ошондой эле алардын жашоосуна таасирин тийгизген чечимдерге өз пикирлерин кошууга жардам берет”, - деп айтты ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Афшан Хан айым. “Бул жаштардын өздөрүнө гана эмес, ошондой эле жалпысынан коомго, мындан тышкары болочок муундарга пайда алып келет”, - деп кошумчалады ал.

Өспүрүмдөргө социалдык көйгөйлөргө реакция жасоонун аспаптарын берүү үчүн жарандык билим берүүнү стандартташтыруудан тышкары, балдарга жана жаштарга ак ниеттүү муниципалитетти түптөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз чечимдерин пландоосуна жана кабыл алуусуна катышуусуна мүмкүнчүлүк алышат.

Көп тилдүү билим берүү мындан ары мектепке чейинки били берүү мекемелеринде жана мектептерде жайылтылат. Ошондой эле өспүрүмдөргө жана жаштарга жардам берүү үчүн программа зомбулуктун курмандыктары менен катаал кайрылуулардын курмандыктарына психилогиялык, юридикалык жана адистештирилген жардам берет. Мындан тышкары мыйзам менен байланышта турган балдар тийиштүү коргоо жана колдоого ээ болушат.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

About UNICEF

UNICEF promotes the rights and wellbeing of every child, in everything we do. Together with our partners, we work in 190 countries and territories to translate that commitment into practical action, focusing special effort on reaching the most vulnerable and excluded children, to the benefit of all children, everywhere.

For more information about UNICEF and its work for children, visit www.unicef.org.

Follow UNICEF on Twitter and Facebook