Жапон өкмөтү балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн Кыргызстандын түштүгүнө 1 миллион АКШ долларына жакын суммага жабдуу тартуулайт

КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана КРдын Саламаттыкты сактоо министрлиги Жапон өкмөтүнөн балдар үчүн тейлөөлөрдү жакшырта турган жабдууларды алууда

17 Июнь 2019
The maternity house in Osh received life-saving equipment for children
UNICEF/Kyrgyzstan/2019/Alymkulov

ОШ, 17-июнь, 2019-ж.– Жапониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ёсихиро Ямамура жана ЮНИСЕФтин өкүлү Юкиэ Мокуо КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине компьютер, мультимедиялык жабдуулар жана окуу материалдары менен жабдылган эки окуу унаасын берди. Жабдуу Министрликтин балдарды, мектептерди, уюмдарды жана муниципалитеттерди табигый кырсыктардын тобокелчилигин төмөндөтүү жана өзгөчө кырдаалдарга даяр болуу маселелерине окутуу мерчеминин потенциалын бекемдейт. Ошондой эле делегация жаңы төрөлгөн наристелердин өмүрүн сактап калуу үчүн Баткен, Жалал-Абад, Ош областтарынын жана Ош шаарынын төрөт үйлөрүнө жана ооруканаларынын бөлүмдөрүнө медициналык жабдууларды өткөрүп берди. Жалпы суммасы 126 566 АКШ долларын түзгөн жабдуу жана материалдар «Коопсуз мектеп» Программасын колдоо боюнча долбоордун алкагында, ал эми өмүрдү сактап калуу үчүн жалпы суммасы 850 000 АКШ долларын түзгөн жабдуу «Эне жана баланын ден соолугун сактоо системасын бекемдөө» долбоорунун алкагында берилди, алардын экөө тең Жапон Өкмөтү тарабынан каржыланды.

2014-жылы ЮНИСЕФ тарабынан өткөрүлгөн мектептердеги жана мектепке чейинки мекемелердин коопсуздугун баалоодо окуу мекемелеринин 85%ы коопсуздуктун төмөн деңгээлине ээ экендигин көрсөттү. Мындай баалоодон кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2015-2024-жылдарга коопсуз мектептер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелери» Программасы кабыл алынган. Бул Программага ылайык, КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, КРдын Билим берүү жана илим министрлиги жана ЮНИСЕФ балдардын өзгөчө кырдаалдарга туруктуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен иш алып барышат.

КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги табигый кырсыктардын тобокелчиликтерин башкаруу боюнча мектептердин жана муниципалитеттердин потенциалын өстүрүүдө маанилүү кызмат аткарат. ЮНИСЕФ бул ишке кошумча катары өзүнүн ыктыярчылык (волонтердук) демилгесинин алкагында балдардын жана жаштардын катышуусун колдоого алат. Бүгүнкү күндө өлкөнүн 51 мектебиндеги 21 000 миңден ашык бала ЮНИСЕФтин ыктыярчыларынын колдоосунда өткөрүлгөн симуляциялык окууларынын аркасы менен өзгөчө кырдалдарга даярдык көндүмдөрүн жогорулата алышты. 

Ал эми жаңы төрөлгөн наристелер боюнча алсак, Кыргызстанда 2013-жылдан 2017-жылга чейин неонаталдык өлүмдүн жалпы деңгээлинин төмөндөшү Ош шаарында белгиленген, ошол эле учурда Жалал-Абад жана Баткенде да бул көрсөткүч олуттуу түрдө төмөндөгөн. Жапон Өкмөтүнүн колдоосу менен даярдалган ЮНИСЕФтин жакынкы отчетторуна ылайык, неонаталдык өлүм боюнча цифралар жана көрсөткүчтөр баланын жарык дүйнөгө келген биринчи күнүндө өтө жогору экендигин эске алганда, неонаталдык өлүмгө басым коюу эне жана баланын ден соолугун жакшыртуу үчүн негизги мааниге ээ.

Эне жана баланын ден соолугун коргоо системасын бекемдөө максатында жана Жапон өкмөтүнүн «Эне жана баланын ден соолугун коргоо системасын бекемдөө» долбоорунун алкагында меициналык жабдуулар Ош, Баткен, Жалал-Абад областтарынын жана Ош шаарынын 25 ооруканасына жеткирилди. Бул жабдуулар жаңы төрөлгөн наристелерди багуу, дартын аныктоо жана дарылоо үчүн пайдаланылат, алар ооруканаларга июнь айынын аягына чейин жеткирилет.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova

Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

О ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.