Европада жана Борбор Азияда апта сайын 90дон ашык ымыркай абанын булганышына байланыштуу себептерден каза болот
ЮНИСЕФ өкмөттөрдү ДСУнун аба сапаты боюнча көрсөтмөлөрүнө ылайык стандарттарды кабыл алууга чакырат, анткени абанын булганышы аймактагы балдардын өлүмүнүн олуттуу себебине айланды.

ЖЕНЕВА/БИШКЕК, 2023-жылдын 5-сентябры – 2019-жылы Европада жана Борбордук Азияда 5,8 миңден ашык балдар жана өспүрүмдөр абанын булганышына байланыштуу себептерден каза болушкан. Басымдуу көпчүлүгү - 85 пайызы - биринчи туулган күнүнө чейин каза болгон, б.а. жумасына 90 ымыркайдын каза болушуна барабар. Бул маалымат ЮНИСЕФ бүгүн жарыялаган кыскача баяндамада камтылган.
«Абанын булганышы жөнүндө сөз болгондо, эң кичинекей өпкөлөргө эң зор күч келет. Ал балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирип, кээде алардын өмүрүн кыйат», - дейт ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Регина де Доминисис.
"Абаны булгоочу заттарды жана уулуу абанын балдарга болгон таасирин азайтуу алардын ден соолугун коргоо үчүн абдан маанилүү. Ал саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдарды кыскартууга, окууну жакшыртууга, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана бардыгы үчүн коопсуз, таза чөйрөгө алып келет."
“Биринчи дем менен келген кыйынчылктар: Европа жана Борбордук Азиядагы абанын булганышынын балдарга болгон коркунучтуу таасири” аттуу изилдөөгө ылайык, абанын булганышына кабылган балдар үчүн, өзгөчө бөбөктөр жана жаш балдар үчүн коркунучтуу болгон пневмония сыяктуу курч респиратордук инфекцияларга кабылуу тобокелдиги жогору.
Булганган аба менен дем алуу балдардын өпкөсүнө узакка созулган зыян келтирип, астма жана өнөкөт респиратордук жана жүрөк-кан тамыр оорулары менен оорулардын, анын ичинде рактын көбөйүшүнө алып келет. Абанын булганышы балдардын мээсине эрте зыян келтирүүнүн натыйжасында кийинчерээк неврологиялык ооруларга алып келиши мүмкүн, деп айтылат баяндамада.
Балдар чоңдорго караганда абанын булганышына физикалык жактан көбүрөөк дуушар болушат, анткени алар эки эсе тез жана көбүнчө ооз аркылуу дем алышат. Андан тышкары, жаш балдар жер деңгээлинде көп топтолгон булгоочу заттарга жакыныраак болот.
Жаш балдар чоңдорго караганда физиологиялык жактан абанын булганышына сезгич болушат, анткени алардын мээси, өпкөсү жана башка органдары тез өсүп келе жатканына байланыштуу аярлуу болушат, деп айтылат кыскача.
Европада жана Борбордук Азияда абанын булганышы – PM 2.5 жана PM 10 пайда болушу – көбүнчө турак жай жана коммерциялык ишке байланыштуу, анын ичинде жылытуу жана тамак бышыруу үчүн көмүр жана башка казылып алынган отундарды колдонуу менен шартталган.
Абанын сапатынын начарлашына жол бербөө үчүн ЮНИСЕФ өкмөттөрдү абанын булганышынын таасирин азайтуу боюнча саясатты күчөтүүгө жана бардык секторлордо таза энергияга жана транспорт ыкмаларына өтүүнү тездетүү үчүн инвестицияларды көбөйтүүгө үндөйт. Сунуш кылынган чараларга энергетикалык эффективдүүлүктү жана таза энергияга жетүүнү колдоо, баштапкы медициналык-санитардык жардам адистерин балдарды текшерүү жана абанын булганышына байланыштуу ооруларды аныктоо үчүн окутуу, ошондой эле улуттук жана муниципалдык деңгээлде абанын булганышын азайтуу боюнча пландарды кеңейтүү жана тездетүү кирет.
Балдарды таасирден коргоо үчүн ЮНИСЕФ ошондой эле өкмөттөрдү балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн коркунучтуу абанын булганышынын деңгээлин белгилеп, балдар бакчаларына жана мектептерине жакын жерде абанын сапатына мониторинг жүргүзүү системаларын түзүүгө жана колдоого чакырат.
ЮНИСЕФ Европанын жана Борбордук Азиянын өлкөлөрүндө абанын булганышынын таралышы жана таасири боюнча далилдерди чогултуу үчүн иш алып барат жана балдарды андан ары булгануудан коргоо үчүн чечимдерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жардам берет.
#####
Редакторлор үчүн маалымат
Аймак боюнча болжолдуу эсептер 2019-жылдагы Оорунун дүйнөдөгү жүгү (Global Burden of Disease) 2019 отчетундагы маалыматын анализине негизделген. Жаңы глобалдык маалымат ЮНИСЕФ ушул жылдын аягында чыгарат.
ЮНИСЕФ Еврокомиссиянын абанын сапатынын жаңы амбициялуу стандарттарын киргизүү сунушун кубаттайт жана Европарламенттин мүчөлөрүн 2030-жылга чейин ДСУнун абанын сапаты боюнча көрсөтмөлөрүнө толук дал келген стандарттар менен текстти кабыл алууга чакырат.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз:
Джорджина Диалло, ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азиядагы аймактык кеңсеси, Тел: +41 76 320 68 14, gdiallo@unicef.org
ЖМК менен байланыш жолдору
ЮНИСЕФ жөнүндө
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.
ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.
Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.