Дүйнөдө күн сайын 7 миң ымыркай көз жумат

Беш жашка толо элек балдардын өлүм саны туруктуу азайганына карабастан дүйнөдө күн сайын 7 000 ымыркай көз жумат

19 Октябрь 2017
новорожденный
ЮНИСЕФ

БИШКЕК/НЬЮ-ЙОРК, 2017-жылдын 19-октябры – Бүгүн ”Балдар арасындагы өлүмдүн деңгээли жана тенденциялары, 2017” аттуу жаңы глобалдык отчет жарыяланды. Ага ылайык, дүйнө жүзү боюнча күн сайын беш жашка чейинки курактагы 15 000 бала көз жумат. Алардын ичинен 46% - 7 000 ымыркай – 2016-жылдагы маалыматтар боюнча, жашоосунун алгачкы 28 күнүндө чарчап калышат. Дүйнөдө беш жашка толо элек балдар арасында өлүм деңгээли кыскарууда, бирок ымыркайлар арасында өлүм санынын көрсөткүчтөрүнүн төмөндөө ылдамдыгы андан артта калууда.

Бул жаңы отчеттогу маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда беш жашка чейинки балдар өлүмү 1990-жылдан 2016-жылга чейинки мезгил аралыгында үчтөн экиге кыскарган. Ал эми ымыркайлар өлүмү эки эсе кыскарган – 1990-жылы аман төрөлгөн 1000 ымыркайдын 24ү чарчап калса, 2016-жылы 12ге түшкөн.

Өкмөттөрдүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн аракеттери менен 2000-жылдан бери беш жашка чейинки курактагы 50 миллион баланын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болду”, - деп белгиледи БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) глобалдык саламаттык сактоо программасынын башчысы Стефан Свартлинг Петерсон. “Бирок ымыркайлардын жашоосунун алгачкы күндөрүндө алардын өлүмүн кыскартуу үчүн мындан дагы көбүрөөк инвестициялар талап кылынат. Бизде зарыл болгон билим жана технологиялар бар, биз болгону аларды эң көп муктаж болгон жерлерде колдонушубуз керек.

Балдар өлүмүн алдын алуу үчүн жөнөкөй жана жеткиликтүү чечимдер бар. Бирок алар өтө аярлуу топторго кирген же алыскы аймактарда жашаган энелер менен балдарды дайыма эле камтый бербейт.

Акыркы он жылда Кыргызстанда балдар өлүмүнүн деңгээли азайды. КР Саламаттык сактоо министрлигинин ЮНИСЕФ жана саламаттык сактоо тармагындагы бардык өнөктөштөр менен биргелешкен аракетинин артында медициналык персонал өз көндүмдөрүн жана билимин жогорулатты, медициналык жабдуулар жаңыланды, балдарга медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун сапаты жакшырды. Ушундай жөнөкөй чечимдер балдардын өмүрүн сактап калууда. Кыргызстан балдар арасындагы өлүм санын үчтөн экиге кыскартуу боюнча Миң жылдыктын Өнүгүү Максаттарына жеткен дүйнөдөгү 62 өлкөнүн бири болуп эсептелет”, - деп белгиледи БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Мунир Мамедзаде. “Мисалы, Жапон Өкмөтүнүн, Саламаттык сактоо министрлигинин жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен сегиз оорукана өзүнүн төрөт жана балдар бөлүмдөрүнүн инфраструктурасын оңдоп алды. Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы балдарга алгачкы жана квалификациялуу реанимациялык жардам көрсөтүү боюнча 700дөн ашуун медициналык адис окуудан өттү”, - деп кошумчалады Мунир Мамедзаде

”Балдар арасындагы өлүмдүн деңгээли жана тенденциялары, 2017” аттуу жаңы отчетту БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Дүйнөлүк банк жана UNDESA Калкты жайгаштыруу бөлүмү биргелешип даярдашты. Булар БУУнун Балдар Өлүмүн Баалоо боюнча Ведомстволор аралык Тобуна (UN IGME) киришет.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova

Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

ЮНИСЕФ ТУУРАЛУУ:

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз. Ошондой эле FacebookInstagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.