ВИЧти эрте мөөнөттө аныктоо балдардын өмүрүн сактап калууда

Кандын кургак тамчысы боюнча ВИЧти аныктоо методикасы ден соолукка жана өмүргө мүмкүндүк берет

30 Ноябрь 2017
HIV
UNICEF

Ош, 2017-жылдын 27-ноябры. – Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык “СПИД” борбору жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) кандын кургак тамчысын колдонуу менен ымыркайларда ВИЧти эрте мөөнөттө аныктоону Ош облустук “СПИД” борборунда жайылтуу боюнча иштердин жыйынтыктары менен тааныштырышат.

Кандын кургак тамчысы боюнча ВИЧ диагнозун аныктоонун заманбап методикасы бул илдетке чалдыккан баланы аныктап, дарылоону мүмкүн болушунча тез убакытта баштоого жардам берет. Муну менен ымыркайларга ден соолугун жана өмүрүн жакшыртууга мүмкүндүк берилүүдө. Алты апталык ымыркайларды тестирлөө жана жарык дүйнөгө келгенден кийинки 12-аптада дарылай баштоо ВИЧ/СПИДден чарчап калган балдардын санын 75% азайтууга жол берет.[1]

2013-жылы программа башталганга чейин өлкөдө ВИЧ илдеттүү энелерден төрөлгөн балдарда дартты эрте мөөнөттө аныктоодо кыйынчылыктар болуп келген. Өзгөчө Кыргызстандын алыскы райондорунда төрөлгөн балдардын ынак канынын үлгүсүн өз убагында транспорт менен жеткирүүдө бир топ кыйынчылыктар болгон. Кургак каппилярдык кандын методикасын колдонуу менен ВИЧти эрте аныктоону жайылтуу бул көйгөйдү чечип, маанилүү диагностикалык жана дарылоо процедураларына тең жеткиликтүүлүктү камсыздады. Себеби мындай кургак канды алып, лабораторияга жеткирүү өтө жеңил.

“Ымыркайлар арасында ВИЧти эрте мөөнөттө аныктоо балдардын өмүрүн сактап калууга жардам берет. Зарыл аспаптар жана көндүмдөр болгон учурда бул процесс мындан дагы жакшы жүрөт. Мамлекет натыйжалуу профилактикалык программаларга, анын ичинде ымыркайларда ВИЧти эрте мөөнөттө аныктоого каражат жумшаганы өтө маанилүү. Бул бизди ЮНЭЙДСтин 90-90-90 глобалдык максаттарына жана энеден балага ВИЧ жуккан, СПИДдин кесепетинен көз жумган, ВИЧ илдетинин бир дагы жаңы учуру катталбаган жаңы реалдуулукка жакындатууга жардам берет”, - деп баса белгиледи ЮНЭЙДСтин Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк директору Мээрим Сарыбаева.

ЮНЭЙДС үчүн Программаны ЮНИСЕФ өңдүү өнөктөш менен чогуу ишке ашыруу натыйжалуу кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн жакшы көрсөткүчү болуп калды. 

ЮНИСЕФтин саламаттык сактоо боюнча программасынын жетекчиси Чолпон Иманалиеванын айтымында, өзгөчө акыркы беш жыл ичинде ымыркайлар арасында ВИЧ илдетин алдын алуу боюнча программаны кеңейтүү саламаттык сактоо тармагындагы чоң жетишкендиктердин бири болуп калды. “ВИЧ илдетин алдын алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өзгөчө аярлуу аялдарга жана балдарга жалпы перинаталдык кызмат көрсөтүүлөргө интеграциялоонун, жаңы инновациялык технологияларды киргизүүнүн жардамы менен бул көрсөткүчкө жетүү мүмкүн болду. Бул технологиялар ВИЧ илдетин алдын алуунун жана дарылоонун заманбап принциптерине жеткиликтүүлүктү жакшыртат жана Орусия Федерациясынын гранты жана ЮНЭЙДСтин координациясы менен ишке ашты”, - деп кошумчалады ал.

Пресс-сапар маалында катышуучулар ВИЧ менен жашаган балдарга жана өспүрүмдөргө социалдык колдоо көрсөтүү Борборунун ишмердүүлүгү менен дагы таанышат. Бул Борборду ЮНИСЕФ колдоп келет.

ВИЧ илдеттүү балдардын ден соолугун жакшыртуу жана ВИЧти эрте мөөнөттө аныктоо боюнча иш-чараларды ЮНИСЕФтин техникалык жардамы менен Саламаттык сактоо министрлиги ишке ашырып келет. Бул иш-чаралар Чыгыш Европа менен Борбор Азияда ВИЧти жана башка жугуштуу ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча регионалдык программа аркылуу Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн колдоосу алдында БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен программасы тарабынан каржыланат.

 

Дүйнөдө жана Кыргызстанда аялдар менен балдар арасындагы ВИЧке байланышкан кырдаал

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматтары боюнча, дүйнөдө ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган 42 миллиондон ашуун адам катталган. Алардын ичинен 50% ашыгын төрөй алууга жөндөмдүү курактагы аялдар түзөт. ВИЧти алып жүргөн 1.6 млн. баланын ичинен 90% жакыны инфекцияны эмчек эмген куракта жугузуп алышкан.

Кыргызстанда 2017-жылдын январь айына карата ВИЧ илдеттүү балдар менен өспүрүмдөрдүн саны 589 болгон, алардын ичинен 417си антиретровирустук дарылануудан өтүп жатышат. Жыл сайын ВИЧ позитивдүү аялдардан жүзгө жакын бала төрөлөт. Бирок медициналык мекемелерде эмчек эмген ымыркайларга ВИЧтин жугуусун болтурбоо боюнча көрүлгөн чаралардын жардамы менен, ошондой эле мындай иш-чараларды кош бойлуу аялдар арасында жүргүзүүнү күчөтүү аркылуу балдар ВИЧтен эркин төрөлүп жатышат.

Талаптагыдай дарылоо болбосо жана психологиялык жардам берилбесе, ВИЧ менен жашаган өспүрүмдөр жана балдардын организминде вирус андан ары жайылат деген тобокелдик жаралат. Изилдөөлөргө ылайык, 15-24 жаштагы аялдардын 19,8 пайызында гана ВИЧ тууралуу ар тараптуу билими бар (алар ВИЧтин жыныстык жол менен жугуусун болтурбоо ыкмаларын жана ВИЧ жуккан жолдор тууралуу негизги жаңылыш түшүнүктөрдү билишет). ВИЧтин ийне жана жыныстык жол менен тарашы калктын өзөктүк тобу арасында ВИЧтин жайылуусуна алып келди.

Кыргызстан ВИЧ инфекциясынын өнүгүүсү концентрацияланган баскычында турат. Бул болсо ВИЧ-инфекциясы негизинен калктын белгилүү бир тобунда байкалып жатат дегенди билдирет: ийне аркылуу маңзат колдонуучулар арасында ВИЧтин жайылуусу 13,6 пайызды түзгөн. Анткен менен, акыркы жылдары ВИЧ-инфекциясы бар ымыркайлардын саны өстү. Бул болсо инфекция маңзат колдонгондор чөйрөсүнөн жалпы калкка өткөнүн билдирет. Дүйнө жүзүндө көптөгөн ымыркайлар ВИЧке диагностика эрте мөөнөттө жүргүзүлбөгөндүктөн жана бул вирус аныкталгандан кийин дарыланбагандыктан көз жумууда. Дарылоосуз ВИЧ менен жашаган ымыркайлардын үчтөн бири бир жашка толбой жатып чарчап калууда, жарымы болсо эки жашка чейин, үчтөн бири үч жашка чейин жарык дүйнө менен кош айтышат.

ЮНИСЕФтин “Балдар жана СПИД: жетинчи аналитикалык доклад” деп аталган баяндамасына ылайык, 2000-жылдан тартып киреше деңгээли төмөн жана орто болгон өлкөлөрдө балдар арасында вирус жуккан 1.6 млн. учурду алдын алуу мүмкүн болду, 18.2 млн. бала дарылоодон өтүүдө. Бул көрсөткүчкө глобалдык жана улуттук деңгээлдерде көрүлгөн жана ВИЧ менен жашаган кош бойлуу аялдар керектүү дарылоодон өтүп, башка тийиштүү кызмат көрсөтүүлөргө жете алуусуна багытталган аракеттердин арты менен жетүү мүмкүн болду. Киреше деңгээли жогору өлкөлөрдө энеден балага ВИЧ жуккан учурлар дээрлик болбой калды, ал эми киреше деңгээли төмөн жана орто өлкөлөрдө бул максатка жетүү үчүн өбөлгөлөр бар.

ВИЧ инфекциясынын жайылуусун көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн саламаттык сактоо тармагындагы артыкчылыктуу маселе болуп саналат. Өлкө ВИЧ инфекциясынын жайылуусун кыскартуу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алып, бул үчүн көңүлдү калктын өзөктүк топтору менен иштерге буруу керектигин, ошондой эле ымыркайлардын ВИЧ менен төрөлүшүн алдын алуу үчүн учурдагы көйгөйлөрдү чечиш керектигин тааныйт.

 


[1] ЮНИСЕФтин, БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен программасынын жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун докладына ылайык.

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващенко
Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Телефон: +996 777 919 142
Электрондук почта: vvashchenko@unicef.org

ЮНИСЕФ ТУУРАЛУУ

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз. Ошондой эле FacebookInstagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.