Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүн белгилөөнүн урматына ар бир төрөлгөн ымыркайга белек берилет

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ЮНИСЕФ үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында жарык дүйнөгө келген бардык наристелерди атайын белектер менен жылуу маанайда тосуп алат

20 Ноябрь 2018
UNICEF celebrates World Children’s Day
UNICEF/2018/Kyrgyzstan/BJanibekov
UNICEF celebrates World Children’s Day

Бишкек-Ош-Нарын, 20-ноябрь 2018-ж. – Бүгүн Вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова КРдын Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жана Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин Өкүлү Юкие Мокуо айымдын коштоосунда наристе төрөлгөндөн тартып баланын укуктарын коргоого багытталган #Биринчи демден (#сПервогоВздоха) улуттук кампанияны ишке киргизүү максатында Бишкектеги Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун төрөт бөлүмүнө барышты.Ушул сыяктуу иш-чаралар Ош жана Нарын шаарларынын областтык жана шаардык төрөт үйлөрүндө да өтмөкчү.

Кампаниянын алкагында Кыргызстан боюнча жаңы төрөлгөн 2000 наристе көгүш лентага оролгон белектерди алышат, ал балдардын бирдей даражада жана бирдей укукта төрөлөрүн билдирген символ болуп саналат. Бүткүл дүйнөлүк балдар күнү 1989-жылдын 20-ноябрынан тартып дүйнө жүзүндө белгилене баштаган. Бул күнү дүйнө лидерлери БУУнун Башкы Ассамблеясына чогулуп, Балдар укугу жөнүндө Ковенцияны кабыл алышкан. Конвенция – тарыхта биринчилерден болуп таанылган жана дээрлик бардык өлкөлөр тарабынан ратификацияланган адам укуктары боюнча эл аралык келишим. 

Бул жылы балдар укугу жөнүндө Конвенция адам укуктарынын Жалпы декларациясынын 70 жылдык алкагында белгиленүүдө. 

«Дүйнө жүзүндө жарык дүйнөгө келген ар бир баланы кубаныч менен тосуп алуу менен, кайсы гана жерде болбосун, ар бир баланын толук кандуу өнүгүшүнө укугу бар деп эсептейбиз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЮНИСЕФтин, Япониянын Өкмөтүнүн жана өнүгүү жаатындагы башка өнөктөштөрдүн жана донорлордун колдоосунун аркасында акыркы 5 жылда неонаталдык өлүмдүн азайышына олуттуу түрдө жетише алды. Бүткүл дүйнөлүк наристелер күнүн белгилөөдө биринчи деминен баштап балдарга, айрыкча, аялуу балдарга берген убадаларыбызды аткарууга жана майтарылбас күчүбүздү жумшай берүүгө чакырабыз», - деп айтты Мокуо айым.

«Кыргызстан 62 өлкөнүн ичинен балдар өлүмүн үчтөн экиге чейин төмөндөтө алгандыгы боюнча МӨМгө (миң жылдыкты өнүктүрүү максаты) (ЦРТ) жете алган. 1990-жылдан 2016-жылга чейин балдар өлүмү үчтөн экиге, жаңы төрөлгөндөрдүн өлүмү эки эсе – 24төн 12ге же 1000 наристеге чейин кыскарган,» - деп маалымдады Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Балдар укугу жөнүндө Конвенцияны 1994-жылы ратификациялаган. 2019-жылы Кыргыз Республикасы БУУнун балдар укуктары боюнча Комитетине балдар укуктары жөнүндө Конвенцияны ишке ашыруу тууралуу Мезгилдүү бешинчи жана алтынчы баяндамаларын көрсөтүүнү мерчемдөөдө.

 

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova

Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

О ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.