Борбор азиялык хакфесттин жыйынтыгы боюнча үч мыкты санарип чечим тандалып алынды

26 Март 2018
press conference on hackfest results
Akipress

Бишкек, 2018-жылдын 26-марты  “Z-мууну: балдардын бакубатчылыгы” аттуу Борбор азиялык хакфест-2018 региондогу өлкөлөрдө жайылтуу үчүн келечеги бар санарип тейлемелерди аныктады. Хакфесттин жүрүшүндө IT-адистер Бишкекте 48 сааттын ичинде балдар көйгөйлөрүн чечүүнүн инновациялык жолдорун издешти. 18 эл аралык долбоордун ичинен үч мыкты чечим аныкталды. Бул чечимдер балдардын жолдогу коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, оор турмуштук кырдаалда калган өспүрүмдөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга ж.б. жардам берүү үчүн тейлемелердин сапатын жакшыртууга жол ачат.

1-орунду ($2000) “New World” командасынын тейлемеси ээледи. Ал мобилдик тиркеменин базасында аутист балдардын коммуникациялык мүмкүнчүлүктөрүн жана коомго аралашуусун жакшыртууга багытталган. Бул тиркеменин жардамы менен өзгөчө балдар эмоцияларын жана муктаждыктарын билдирүү үчүн визуалдык карточкаларды пайдалана алышат. Тиркеме ар бир аутист балага өз оюн жеткирүүгө жардам берет. Мобилдик тиркеме интернетсиз эле иштегендиктен бул өзгөчө элет аймактары үчүн актуалдуу болуп турат.

2-орун ($1500) “Тесттик аталыш” аттуу командага ыйгарылды. Аталган команда экономикалык эксплуатациялоо тобокелдигине кабылган балдарды аныктоо максатында инновациялык электрондук тейлемени иштеп чыккан. Ал Социалдык өнүгүү министрлиги, Ички иштер министрлиги өңдүү мамлекеттик органдарга оор турмуштук кырдаалда калган балдарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча чараларды көрүү үчүн маалыматтарды чогултуп, сунуштамаларды топтоого жардам берет.

3-орун ($1000) интерактивдүү 3D оюнун ойлоп тапкан “X-Plain” командасына ыйгарылды. Оюн жолдо жүрүү эрежелерине, коопсуз жүрүм-турумга, өрт коопсуздугуна үйрөтөт.

Жеңүүчүлөрдү Кыргызстандан, Казакстандан жана Тажикстандан кесипкөй адамдардан жана балдардан турган калыстар тобу биргелешип аныктады. Ошондой эле он-лайн режиминде көрүүчүлөр жана хакфесттин коноктору арасында сурамжылоо да жүргүзүлдү. Ментор, Казакстандагы Кризистик борборлордун союзунун төрайымы Зульфия Байсакова катышуучулардын “ой жүгүртүүсү, уникалдуу ыкмалары жана дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүүгө болгон чоң каалоосу” өзгөчө көзгө урунганын белгиледи.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча Интернетке кирген ар бир үчүн колдонуучу – бала. “Күн сайын 175 миңден ашуун бала биринчи жолу Интернетке кирет. Көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө бир заматта визуалдык жактан жете алуу менен, ошол эле маалда балдар тобокелдиктерге туш болушат. Бул Хакфестти даярдап жаткан маалда Алматыда, Бишкекте, Душанбеде бир катар талкуулар өткөн. Анда балдардын интернет-мейкиндигиндеги коопсуздугун, майыптуулугу бар балдардын кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, үй-бүлөдөгү, мектептердеги жана көчөлөрдөгү зомбулукту алдын алуу үчүн тейлемелер боюнча идеялар чогултулду”, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо.

“Хакфестте тартууланган бардык долбоорлор Борбор Азиядагы балдар арасында актуалдуу жана керектүү. Бул чечимдер бардык региондогу адамдарга чыныгы пайда алып келиши үчүн аларды логикалык жыйынтыгына чейин жеткиребиз. Биз IT-компанияларын, мамлекеттик органдарды, мисалы, “Таза коом” улуттук долбоору аркылуу тартабыз, БУУнун агенттиктери, балдардын бейөкмөт уюмдары жаңы кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуулугун камсыз кыла алышат”, - деп убада берди Аялдардын жана балдардын укуктарын илгерилетүү боюнча Борбор азиялык коалициянын аткаруучу катчысы Назгуль Турдубекова.

Долбоорду ЮНИСЕФ, Нидерланды Элчилиги, АКИpress, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет, Борбор Азиядагы Америка университети ж.б. менен өнөктөштүктө Аялдардын жана балдардын укуктарын илгерилетүү боюнча Борбор азиялык коалиция, “Балдардын укуктарын коргоо лигасы” Фонду, Neobis IT-компаниясы уюштурду.

Хакфесттин уландысы катары 2018-жылдын май айында TECHFEST-2018 өтөт. Анда илим жана технологиялардын жардамы менен инновациялык ыкмаларды дагы да жигердүү өнүктүрүү пландалып жатат.

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващенко
Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Телефон: +996 777 919 142

ЮНИСЕФ тууралуу:

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан. ЮНИСЕФ жана биздин ишибиз тууралуу кошумча маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ru/ сайтынан, Facebook, Instagram жана Twitter социалдык тармактарынан таба аласыз.