Бишкекте позитивдүү ата-эне болууга үйрөткөн ресурстук борбор ишин баштады

22 Октябрь 2018
Opening the Family Resource centre on positive parenting in Bishkek
UNICEF/2018/Kyrgyzstan/AJorobaev

БИШКЕК, Кыргызстан, 2018-жылдын 22-октябры. – Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана ЮНИСЕФтин программалар боюнча директору (Нью-Йорктогу баш кеңсе) Тэд Чайбан позитивдүү ата-эне болууга үйрөткөн ресурстук борборду ачышты. Аталган борбор мэрия жана “SOS-кыштак Кыргызстан” менен биргелешип ачылды. Борбор Бишкек шаардык мэриясына караштуу балдарга жардам берүү борборунда, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин методологиялык жетекчилиги алдында иш алып барат.

Борбор баланын үй-бүлөдөн ажырап калуусун болтурбоо жана баланы тарбиялоодо кордук көрсөтүүчү ыкмаларды алдын алуу максатында иш алып барат. Позитивдүү ата-эне болуу усулдарын жайылтуу ата-энелер үчүн, ошондой эле балдарды коргоо жаатындагы адистер үчүн уюштурулган тренингдердин жана консультациялардын жардамы менен ишке ашат. Балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоонун далилденген натыйжалуу ыкмасы – позитивдүү тарбиялоонун көндүмдөрүн ата-энелерге үйрөтүү.

“ЮНИСЕФ балдарды зордук-зомбулуктан коргоо үчүн позитивдүү ата-эне болуу маанилүү экенине жана бул багытта жумшалган инвестициялар маселени системалуу деңгээлде чечүүгө жол берет деп ишенет. Ресурстук борбор ата-энелерди балага кордук көрсөтпөй, зыян келтирбей тарбиялоонун усулдарына үйрөтөт”, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин программалар боюнча директору Тэд Чайбан.

КР Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 23 328 жетим бала бар жана 48 042 бала толук эмес үй-бүлөдө тарбияланат. МИКСтин 2014-жылдагы изилдөөлөрү боюнча, 1ден 14 жашка чейинки курактагы балдардын 11% - мигранттардын балдары. Ушул эле изилдөөгө ылайык, 14 жашка толо элек балдардын 57% зомбулук мүнөздөгү тарбиялоонун кайсы бир түрлөрүн көрүп өскөн. 

Позитивдүү ата-эне болууга үйрөткөн ресурстук борбор өлкөнүн түндүгүндө жана түштүгүндө түзүлгөн эки борбордун бири. Бул борборлор үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү жана балдарды коргоо боюнча 10 жылга эсептелинген комплекстүү программаны ишке ашыруунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында түзүлгөн. Программа баланы кордук көрсөтпөстөн тарбиялоо жана ынтымактуу үй-бүлө түптөө үчүн балдарга кам көргөн адамдардын мамилесин жана жүрүм-турумун өзгөртүү усулдарын жайылтуу максатын көздөйт.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova

Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

О ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.