Балдар арасындагы өлүм көрсөткүчү үч эсе азайды

Кыргызстанда беш жашка толо элек балдар арасындагы өлүм көрсөткүчү үч эсе азайды

01 Декабрь 2017
доктор с новорожденным
ЮНИСЕФ

Ош, 2017-жылдын 1-декабры -  Кыргызстанда 1990-жылдан ушул күнгө чейин беш жашка толо элек балдар арасындагы өлүм көрсөткүчү 65тен 21ге түштү (аман төрөлгөн миң ымыркайга). Мындай статистика  Балдар арасындагы өлүм тууралуу баалоочу маалыматтарды аныктоо боюнча БУУ тобунун отчетунда (2017-жыл) келтирилген.

Бул маалыматтар Ош шаарында Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин “Жаңжалдуу аймактарда эне менен баланын ден соолугун жакшыртуу аркылуу тынчтыкты илгерилетүү” долбоорунун жыйынтыгына арналган иш-чарада айтылды. Бул үч жылдык (2014 – 2017-ж.ж.) долбоор Жапония Өкмөтүнүн финансылык колдоосу алдында ишке ашырылып келатат. Жыйынтыктоочу иш-чара Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Чукул жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамуранын, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуонун, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Батыралиев Талантбек Абдуллаевичтин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Ош шаарынын мэринин жана өлкөнүн түштүк облустарындагы саламаттык сактоо системасынын башка өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.

Аталган долбоор Кыргызстандын облустук жана райондук деңгээлдериндеги 34 саламаттык сактоо уюмунун базасында ишке ашырылган: Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында.

Долбоор саламаттык сактоо системасын күчтөндүрүү, тагыраак айтканда эне-балага стационардык деңгээлде чукул жардам көрсөтүү; медициналык жардамдын сапатын башкарууда ыкмаларды өркүндөтүү жана тынчтык курууга көмөктөшүү аркылуу пилоттук облустардагы[1] энелердин жана балдардын аман калуусуна шарт түзүү максатын көздөйт.

Өткөрүлгөн иш-чаралар энелер жана балдар арасында өлүм санын азайтуу боюнча өлкөлүк жана секторлор аралык программалардын алкагында жалпы максатка жетүүгө өз салымын кошту. Айталы, Кыргыз Республикасында 2014-жылдан 2016-жылга чейинки мезгил аралыгында энелердин өлүмү 41,2% кыскарган. Өлкөнүн түштүк облустары боюнча олуттуу кыскарууну Баткен облусунда байкаса болот – 68,7%.

Жалпысынан Кыргыз Республикасы боюнча ымыркайлар жана эрте неонаталдык өлүм көрсөткүчтөрү да олуттуу кыскарууну көрсөтүүдө: ымыркайлар арасында өлүм саны 19,0 пайызга жана эрте неонаталдык өлүм саны 19,5 пайызга кыскарды.

Мындан тышкары саламаттык сактоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери медициналык жардамдын жана мониторинг аспаптарынын сапатын башкаруу боюнча окуудан өтүштү. Баары болуп оорукана жетекчилеринин 76% балдарга жана төрөт маалында аялдарга кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жана баалоо жүргүзүү аспаптары боюнча билим алышты.

Жалпысынан чукул кырдаалдарда адамды транспорт менен жеткирүүгө жардам берүүнүн сапатына, жабдуу менен камсыздоого, жетекчилер менен медицина кызматкерлеринин, өзгөчө акушерлердин потенциалын жакшыртууга багытталган ченемдик документтер протоколдордун негизинде кайра каралып чыкты. Натыйжада 22 миңден ашуун аял жана ымыркай жыл сайын шарттары оңолгон 10 медициналык мекемеде перинаталдык кызмат көрсөтүүлөрдү ала баштады. Бул мекемелерде таза жана ысык суу 24 саат бою өчпөйт, натыйжада оорукана ичиндеги жугуштуу оорулардын саны бир кыйла азайды.

Кошумча маалымат алуу үчүн ЮНИСЕФтин Ош шаарындагы коомчулук менен байланыш боюнча координатору Гульнара Женишбековага кайрыла алсыз. Тел:  0772 570741; эл. дареги: gzhenishbekova@unicef.org

 

[1] 2014-жылдагы маалыматтар боюнча пилоттук облустарда жакырчылыктын деңгээли: Ош облусу – 31,7%, Жалал-Абад облусу – 46,4%, Баткен облусу – 40,7%, Ысык-Көл облусу – 26,0 жана КР – 30.6%.

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващенко
Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Телефон: +996 777 919 142
Электрондук почта: vvashchenko@unicef.org

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты  https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ru/ сайтынан таба аласыз. Ошондой эле FacebookInstagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.