Балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү боюнча форум өтөт

20 Апрель 2017
Стандарты развития
UNICEF

2017-жылдын 20-апрелинде Баткен шаарында Баткен мамлекеттик Университетинин базасында жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү форуму өтөт.

Иш-чарага  Кыргыз Республикасынын экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) башчысы Юкиэ Мокуо, КР Өкмөтүнун Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, ошондой эле аталган стандартты иштеп чыккан эксперттер, окутуучулар жана башталгыч класстар боюнча  методикалык бирикмелердин методисттери, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун  жетекчилери жана Баткен Мамлекеттик университетинин студенттери жана педагогикалык жамааты катышышат.  

Роза Отунбаева «Кайсы гана мамлекетте болбосун балдардын эртелеп өнүгүүсү үчүн сапаттуу кызматтарды түзүү – кедейликти жоюунун маанилүү жолдорунун бири» деп эсептейт.

2016-жылы ЮНИСЕФтин колдоосу менен эксперттер тарабынан балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып үч жашка чейин өнүктүрүүнүн базалык стандарттары иштелип чыкты.

Форумдун максаты – Кыргыз Республикасынын педагогикалык жогорку окуу жайларынын ортосунда бирдиктүү желени түзүү аркылуу балдарды үч жашка чейин өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу.

«Форум азыркы Кыргызстандын балдарынын эртелеп өнүгүүсү сыяктуу актуалдуу проблемага арналып жатат. Анткени эрте жаш курактагы балдарга инвестиция салуу ар бир мамлекеттин өнүгүү келечегинде жана кедейликти кыскартууда маанилүү багыт болуп саналат. Балага жумшалган ар бир доллар инвестиция ал чоӊойгондо 7 доллар болуп  кайтат» дейт Юкиэ Мокуо.

Форум учурунда үч жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттары тууралуу маалымат берилет жана аларды мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык практикасына киргизүү жөнүндөгү маселе талкууга алынат.  Форумдун жыйынтыгында балдарды эртелеп өнүктүрүү боюнча стандарттарды киргизүү максатында педагогикалык жогорку окуу жайлардын бирдиктүү желесин түзүү каралып жатат. 

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova

Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

ЮНИСЕФ ТУУРАЛУУ

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз. Ошондой эле FacebookInstagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.