Балдардын дүйнөлүк күнүнө карата Европа Биримдиги жана ЮНИСЕФ жаштар позитивдүү өзгөрүүлөрдүн жаратуучусу болушу үчүн биргелешкен демилгени башташты
Сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн, адвоцияны жана жаштардын санариптик сабаттуулугун өнүктүрүү аркылуу бул үч жылдык демилгенин алкагында өлкө боюнча 1 миллиондон ашык жаштарды камтуу пландалып жатат.

Бишкек, 2024-жылдын 20-ноябры - Балдардын дүйнөлүк күнүнө карата Европа Биримдиги жана ЮНИСЕФ “Аракеттеги жаштар: Кыргызстанда позитивдүү өзгөрүүлөрдүн жаратуучулары” демилгеси башталганын жарыялайт. Бул үч жылдык долбоор Кыргыз Республикасы боюнча жаштар уюмдарынын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, адам укуктарын коргоону бекемдөөгө, гендердик зомбулукка каршы күрөшүүгө жана жаштар уюмдарынын дараметин жогорулатууга багытталган.
Жалпы бюджети 1 240 990 АКШ долларын түзгөн “Аракеттеги жаштар: Кыргызстанда позитивдүү өзгөрүүлөрдүн жаратуучулары” демилгеси негизги жерлерге, анын ичинде Ош, Ноокат, Бишкек, Кочкор, Ат-Башы, Кызыл-Кыя, Сузак жана Талас шаарларына багытталат.
Демилгенин жалпы максаты – жаштар менен байланышкан маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн жаштар уюмдарынын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. STEM билимин алууга шыктандырып, гендердик стереотиптер менен күрөшүүгө негизги көңүл бурулат. Долбоор ошондой эле мектептеги зомбулук, кибербуллинг, жетишсиз тамактануу, баңги заттарды колдонуу жана өспүрүмдөр менен жаштарга таасирин тийгизген башка зыяндуу маселелерди чечүүгө көмөктөшөт. 14 жаштан 25 жашка чейинки өспүрүмдөр менен жаштарга багытталган бул демилге Кыргызстандагы бардык жаштар үчүн коопсуз жана адилеттүү чөйрөнү түзүүгө көмөктөшөт.
“Кыздардын STEM тармагындагы мункунчулукторун жана укутарын кеңейтүү – бул билим берүүну жакшыртуу гана эмес, бул инновацияларга жол ачуу, теңдикти камсыз кылуу жана Кыргызстандын эң жаркын акылдары учун жакшы келечекти куруу. Буга өзүнүн спутнигин куруп жаткан жаш кыргыз кыздар менен инновациялык өнөктөштүк далил болот», - деп баса белгиледи Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы элчиси Мэрилин Йозефсон.
“Кыргызстанда дээрлик 2,5 миллион жаштар бар. Биз бул жаштарда олуттуу позитивдүү социалдык өзгөрүүлөрдү жасоого дарамети чоң деп ишенебиз. Европа Биримдиги менен бул өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан бул демилге жаштарга узак мөөнөттүү таасир көрсөтүү үчүн зарыл болгон аспаптарды жана мүмкүнчүлүктөрдү берет”, — деди ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Тапа.
Кыргызстандагы ЮНИСЕФ бул демилгенин ийгилигин мамлекеттик органдар, жарандык коомдун уюмдары, билим берүү мекемелери жана коомдук топтор менен стратегиялык өнөктөштүк аркылуу камсыз кылууга умтулат. Жагымдуу экосистеманы түзүү менен ЮНИСЕФ жаштарга өз жамааттарында өзгөрүүлөрдүн жигердүү жаратуучулары болууга мүмкүнчүлүк берүүнү көздөйт.
###
ЕБ жөнүндө
Евробиримдик менен Кыргыз Республикасы 1991-жылы өлкө эгемендүүлүккө ээ болгондон бери өнөктөш болуп келишкен жана жылдан жылга өз ара кызматташтыгын жана өз ара аракеттенүү багыттарын кеңейтүүнү улантып келишет. 2014-2020-жылдар аралыгында Евробиримдиктин Кыргызстанга көрсөткөн жалпы колдоосу туруктуу өнүгүүгө, билим берүүгө, мыйзам үстөмдүгүнө, айыл аймактарын комплекстүү өнүктүрүүгө, негизги сервистик инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоого багытталып 263 миллион еврону түздү. Европа Биримдиги тууралуу көбүрөөк маалымат веб-сайт жана фейсбукта.
ЖМК менен байланыш жолдору
ЮНИСЕФ жөнүндө
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.
ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.
Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.